WeChat      Избранное

Үй карантининде болгон жарандар үчүн мониторинг системасы ишке киргизилмекчи

13/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Үй карантининде болгон жарандар үчүн мониторинг системасы ишке киргизилмекчи

Сүрөт интернеттен алынды

Үй карантининде болгон жарандардын ден соолугунун абалын билүү жана карантин учурундагы эрежелер үчүн мониторинг системасы ишке кирди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы маалымдады. 

Атайын ресурс жана мобилдик тиркеме үй карантинине (инфекцияны жуктурган эмес) жайгаштырылган жарандарга гана карата колдонулат. Тиркеме карантин мезгилинде тийиштүү милдеттенмеге кол койгон жарандын ыктыярдуу макулдугу менен гана телефонго орнотулат.

Аталган мобилдик тиркеменин иш алып баруусу адамдарга медициналык кызматкерлердин ден соолугунун абалы тууралуу маалымат берет. Муну менен бирге ал бейтаптардын саламаттыгына байкоо жүргүзүүдө дарыгерлердин ишин дагы бир кыйла жеңилдетмекчи. Үй карантининдеги адамдар шашылыш учурда жана ден соолугу начарлап кеткенде, SOS белгидеги баскычын колдонууга мүмкүндүгү бар.

Бул ресурс жана андагы маалыматтар конфиденциалдуу болуп, кызматтык колдонуу үчүн гана арналган. Мониторинг системасына мамлекеттик органдар тарабынан Өзгөчө кырдаал жана Өзгөчө абал режимдеринин кесепеттерин жоюу жана болтурбоого жооптуу деп белгиленген чектелүү гана адамдар кире алат. 

Маалыматтык ресурс жана мобилдик тиркеме, “Өзгөчө абал тууралуу” КР Конституциялык мыйзамынын 22-бер., айрым жарандардын өзүнүн үйүн (батирин) калтырууга тыюу салуу, милдеттүү түрдө санитардык-эпидемияга каршы иш-чараларды жүргүзүү, ошондой эле өзгөчө эрежелерди киргизүү формасында өзгөчө чараларды колдоно алуу мүмкүнчүлүгүн мамлекеттик органдарга жана КР башкармалыктарга ыйгарган ченемдерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясынын жайылышына каршы күрөшүү жана анын кесепеттерин жоюу боюнча Ыкчам штабдын тапшырмасы менен иштелип чыккан. 

Мониторинг жүргүзүү системасы МТБМКнын тарабынан иштелип чыкты.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)