25-апрелге карата COVID-19 вирусун жуктургандардын 9 жаӊы учуру катталды - жалпы 665
Сүрөт интернеттен алынды
2020-жылдын 25-апрелине карата республика боюнча коронавирусту жуктуруунун 9 жаӊы учуру катталды. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов республикалык штабдын пресс-борборунда билдирди.
Сабиржан Токтосунович: “Жаңы катталган 9 бейтаптын ичинен Бишкек шаарында – 4, Ош шаарында – 4, Чүй облусунда – 1. Ошондо, Кыргызстан боюнча жалпы 665 учур тастыкталды.
Коронавирустан 23 бейтап айыгып, ооруканадан чыгарылды. Алардын ичинен Бишкек шаарында – 12, Ош шаарында – 10, Чүй облусунда - 1 бейтап. Учурда коронавирустан айыккандардын саны 345ке жетти.
Сутка ичинде Кыргызстанда 3 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алды. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлеринин арасында 175 учур катталды. Алардын ичинен 65 медкызматкер илдеттен айыгып, жумушуна кайтты.
Бүгүнкү күндө коронавирус жуктурган 312 бейтап ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 13 адамдын абалы оор болуп, анын алтоо реанимация бөлүмүнө жайгаштырылган. Ал эми 37 бейтаптын абалы орточо оор, 262 бейтаптын абалы канааттандырарлык деп бааланууда”, - деп маалымат берди.
COVID-19 лабораториялык тастыкталган оорулуулар менен байланышта болгон жактардын саны – 2 463 (байланышта болгондордун саны эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө өзгөрүшү ыктымал).
Кыргызстан боюнча обсервацияда 1354 адам жатат.
Учурда, COVID-19 илдетине тартылган 6030 медицина кызматкерине жалпы суммасы 34 млн 716 миң сомду түзгөн кошумча төлөөлөр төлөнүп берилгендиги жана медицина кызматкерлеринин тизмеси дагы толук аныкталып жаткандыгы белгилүү болду.
последние
Рекомендация
- 1Игорь Шестаков: Торгово-экономическое взаимодействие с Китаем носит стратегический характер
- 2Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчилиги “Манас” эл аралык аэропортуна гуманитардык жардам көрсөттү
- 3В Ошской области гуманитарную помощь получили более 62 тысяч семей
- 4Республика боюнча 17-апрелге карата коменданттык саат учурунда 74 жаран кармалды
- 5Кыргызстанда айрым дары-дармектердин баасы 15%га чейин өстү