WeChat      Избранное

Кыргызстанда айрым дары-дармектердин баасы 15%га чейин өстү

20/04/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Кыргызстанда айрым дары-дармектердин баасы 15%га чейин өстү

Сүрөт интернеттен алынды

“Учурда, өлкөдө дарылардын жетишсиздиги жок. Кытай жана Россиядан дары-дармек каражаттарын жеткирүү жөнгө салынган, бирок азырынча Индиядан алып келүү жолу жабык” – деп Републикалык штабдын пресс борборунда Фармацевтикалык Кеӊештин төрагасы Эрнис Асанов билдирди.

Эрнис Асанов: “Дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясынын пандемиясына байланыштуу айрым дары-дармектерге жана медициналык каражаттарга 15%га чейин баа өстү. Ошондой эле валюталар курсунун жогорулашы дагы өз таасирин тийгизип, дары-дармек препараттарын алып келүү акысы эки эсе көбөйүүдө. Биз мындай кырдаалдан чыгуунун жолун издөөгө аргасызбыз. 

Заводдордо дарылардын баалары көтөрүлдү. Аба каттамдар жабылгандыктан дары-дармектерди алып келүү кыйынга турууда. Мурда аны ташып келүүнүн баасы 1 килограмм үчүн 3-4 доллардын тегерегинде болсо, азыр ал 7-8 долларга чейин өстү. Учурда чоң дефицит жок, бирок баалар жогору. Себеби, дарыларды алып келүүнүн баасы эки эсе көтөрүлдү. Ага кошумча доллар менен евронун курсунун өсүшү да өзүнүн таасирин тийгизди", - деп билдирди.

Муну менен эле катар, ал ЕАЭБ аймагына биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн дары-дармек алып келүүдө төлөнүүчү бажы алымдын алышын дагы күтүп жаткандыктарын айтып өттү. 

“ЕАЭБге кирген мамлекеттер биримдикке кирбеген өлкөлөрдөн дары алып келгенде 3%дан 5%га чейин бажы алымдары төлөнөт. Бүгүнкү күндө ал алымдар бажынын депозитинде жатат. Биз ушул алымдын алынышын күтүп жатабыз. Өкмөт ал бажы алымы алынат деп ишендирген. Азыркы мезгилге чейин бул маселе чечиле элек. Ал жакта да көп каражат кармалып жатат. Жакын арада бул маселени өкмөт чечип берет деп ойлойм”, - деди Эрнис Асанов. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)