WeChat      Избранное

«КР ирригациялык системасын өнүктүрүү» долбоору ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда

10/01/2020  Источник:оригинал   шрифта:

«КР ирригациялык системасын өнүктүрүү» долбоору ийгиликтүү жүзөгө ашырылууда

Сүрөт редакцияга таандык

2019-жылдын 30-декабрь күнү Бишкек шаарында «КР ирригациялык системасын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи баскычына кол коюу аземи болуп өттү. Келишим Курулуп жаткан суу-чарба объектилери дирекциясы менен China electric power construction Co., Ltd. компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү ортосунда түзүлдү. 

Эске сала кетсек, 2017-жылы Кыргызстанда «2017-2026-жылдарда ирригация тармагын өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программа» кабыл алынган. Бул иш-аракет өлкөбүздөгү суу ресурстарын кайтарымдуу пайдалануу проблемасын чечүүгө багытталган маанилүү кадам катары белгилүү. Программанын наркы 58,8 миллиард сомго бааланган. 2026-жылга чейин  65,5 миң га аянт сугарылуучу жерлерге айланып, 51 миң га аянттын суу менен камсыздалышы жакшырат. 9,5 миң га аянт машиналык ыкмадан жайылтып сугарууга өткөрүлүп, 50 миң га аянттын мелиоративдик абалы оңолот. Натыйжада 242 миң адамдын жер үлүштөрүн алуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт. Жаңы сугат жер аянттары кошумча жумушчу орундарын дагы пайда кылаары айтылып келет. 

Программадагы долбоорлор 3 топко бөлүнгөн. Биринчи топко кирген 14 обьектилерди куруунун каржы булактары аныкталган. Бул топко Кытай гранты, Ислам өнүктүрүү банкынын кредити жана республикалык бюджеттен каржыланчу объектилер киргизилген.

Экинчи топко кирген 17 объект инвесторлордун жардамы менен курулмакчы. Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат. Анын алкагында жалпы суммасы 18 млрд сомду түзгөн 31 суу-чарба объектилери ишке берилип, 27 миӊ гектар жаңы сугат жер пайда болоору күтүлүүдө. 

Программа ички жана тышкы каражаттардын негизинен жүзөгө ашмакчы. Мамлекеттик бюджеттин жүгүн жеңилдетүү максатында, инвесторлор менен биргеликте иш алып баруу чечими кабыл алынган. Ушундай сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында бир катар чет элдик уюмдар жана банктар тарабынан суу чарба объектилерин курууга акча-каражаттары бөлүнгөн.

Кытай Эл Республикасы тарабынан дагы 6 суу чарба объектисинин курулушуна 32 миллион АКШ доллары грант катары бөлүнүп берилген. 

Курулуп жаткан суу-чарба объектилери дирекциясынын директору Алмаз Сокеевдин айтымында, биринчи фазаны ишке ашырууну баштоо тууралуу келишимге кол коюу 2018-жылдын 11-январында болуп өткөн. Объекттердин расмий ачылышы 2018-жылдын 3-майында болуп, ага КР Президенти Сооронбай Жээнбеков дагы катышкан.

Мына, бир жылдан кийин тактап айтканда, 2019-жылдын 30-декабрында «КР ирригациялык системасын өнүктүрүү» долбоорунун экинчи этабына кол коюу аземи болуп өттү. Алмаз Сокеев билдиргендей, макулдашуунун шарттары боюнча Кыргызстан Кытай Өкмөтү тарабынан тандалып алынган 5 компаниянын бирин тандап алуусу керек болчу. Кыргызстан болсо, аталган компаниялардын тажрыйбасына, эл аралык деңгээлде аткарган иштерине карап, жыйынтыгында China electric power construction Co., Ltd. компаниясы менен келишим түзгөн. 

Бул компания жогорку тажрыйбалуу, кесипкөй, ийгиликтүү компания катары белгилүү. Дирекциянын директору: «Бизди кытай компаниясынын ишмердүүлүгү, аткарган иштеринин сапаты канааттандырат. Алардын жумуштарды өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткаргандыгына кубанычтабыз. Кандайдыр бир мүчүлүштүктөр келип чыкса, аны биргеликте тез жана ыкчам чечип, ийгиликтүү иштешип келүүдөбүз»,-деген оюн билдирди. 

Келишимге кол коюу учурунда China electric power construction Co., Ltd. компаниясынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башкы директору Доу Юинь Кыргызстан тарапка компанияга болгон ишеними үчүн ыраазычылык билдирди. Долбоордун аякташы Кыргызстандын аймактарын өнүктүрүү үчүн чоң пайда алып келээрин, өлкөнүн экономикалык жана социалдык өнүгүүсүнө дагы зор салым кошоорун белгилеп өттү. Мындан тышкары, бул кызматташуу Кыргыз Республикасы менен КЭР ортосундагы эл аралык мамилелерди алга жылдырууга дагы көмөкчү болооруна басым жасады. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)