WeChat      Избранное

«Ат-Башы» индустриалдык-соода-логистикалык борбору - жалпы өлкө үчүн экономикалык, социалдык жана саясий мааниси чоң долбоор

10/01/2020  Источник:оригинал   шрифта:

«Ат-Башы»  индустриалдык-соода-логистикалык борбору - жалпы өлкө үчүн экономикалык, социалдык жана саясий мааниси чоң долбоор

Сүрөт интернеттен алынды

2019-жылдын 11-декабрында Нарын облусунун Ат-Башы районуна курула турган «Ат-Башы»  индустриалдык-соода-логистикалык борбордун пайдубалына капсула салынды.  Бул иш-чарага Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Толук жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Ду Дэвень айым, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Алмаз Баатырбеков, «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» жоопкерчилиги чектелген коомунун негиздөөчүлөрү, долбоордун инвесторлору: Эмил Абдыкадыров жана Лю Ин мырза, ошондой эле облустун, райондун коомчулугу катышты. 

Нарын облусунун гана эмес Кыргызстандын келечеги, экономикасынын өнүгүшү үчүн мааниси зор индустриалдык-соода-логистикалык борборду куруу аракеттери 2008-жылы башталып, 2017-жылы Ат-Башы районунун аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги 200 гектар жер аянты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен чечилип берилген.

Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы 2015-2020-жылдар аралыгындагы чек ара кызматташуу программасынын алкагында 2019-жылдын 3-сентябрында «Нарын эркин экономикалык аймагы» менен «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлуп, ушуга ылайык долбоордун алгачкы кадамдары башталган.  

Борбор Кыргыз-Кытай чек арасындагы экспорт индустриясы жайгашкан, комплекстүү инфратүзүмгө жана жогорку көзөмөлдөгү өтмөк пунктуна ээ ири аймак болмокчу. Борборду куруу менен миңдеген жумуш орундары пайда болуп, Нарын облусунун социалдык-экономикалык абалын көтөрүүгө, айыл чарба жана өнөр жай товарларынын экспортун жогорулатууга, чек ара, бажы инфратүзүмүн жакшыртууга, туризм тармагын өнүктүрүүгө шарт түзүлөөрү күтүлүүдө.

Индустриалдык-соода-логистикалык борбор Кыргыз Республикасынын аймактык бизнес борбору гана эмес Азиядагы чоң соода жана логистикалык хаб катары турукташаарына толук мүмкүнчүлүктөр бар. Логистикалык борбордо ири кампалар, бизнес-борборлор, өндүрүш ишканалары, жүк ташууга байланыштуу терминал, соода жана мейманкана комплекстери, коомдук тамактануучу жайлар, май куюучу жай, спорттук зоналары курулат.

Ошондой эле бажы көзөмөлү сыяктуу көп функционалдуу кызматтар болмокчу. Анын негизги багыттарынын бири текстилдик продукцияны, атамекендик товарларды өндүрүп, ЕАЭБ, Евробиримдик жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө өлкөлөргө экспорттоо болуп саналат. 

«Ат-Башы» индустриалдык-соода-логистикалык борборунун долбоордук курулушу 275 миллион АКШ долларына бааланууда. Курулушу аяктагандан кийин анын жалпы аянты 400 гектарды түзөт. Борбор курулса 10 000ден ашуун киши жумуш менен камсыз болот, кийинки этаптарда бул сандар жогорулайт. Долбоордун инвесторлору «Ат-Башы кыргыз-кытай эркин соода аймагы» жоопкерчилиги чектелген коомунун кош негиздөөчүлөрү  Эмилбек Абдыкадыров жана Лю Ин. 

Индустриалдык-соода-логистикалык борбор өзүнө тиешелүү транспорттук-логистикалык, социалдык-тиричиликтик, административдик-ишкердик инфраструктурасы бар жана өзгөчө укуктук режимдүү соода-көргөзмө комплекстерин камтыйт.

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы жер тилкеси курулушка 49 жылдык мөөнөт менен ижара шартында берилген. 

Лю Ин, КЭР ишкери, инвестор: «20 жылдан бери Кыргызстанда иштеп жүрөм»

-Мен Кыргызстанда 2000-жылдан бери өз ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келүүдөмүн. Негизинен соода тармагында иш алып барам, муну менен катар эле курулуш иштери менен дагы алектенем. 20 жылдай Кыргызстанда жашап, иштеп бул жакты жакшы таанып, элдин менталитетин, каада-салтын, кыргыз маданиятын дагы жетишээрлик деңгээлде билип калдым десем болот. 

2019-жылдын март айында өнөктөшүм  Эмилбек Абдыкадыров «Ат-Башы» индустриалдык-соода-логистикалык борборуна инвестиция кылууну сунуштады. Ошол кезден баштап бийлик өкүлдөрүнө дагы жолуктук. Чындыгында, бул долбоор Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан мыкты колдоого алынды. 

Апрель айында болсо Кытайдан белгилүү экономикалык серепчилерди чакыртып, алардын дагы изилдөөлөрүнүн жыйынтыктары менен таанышып, ой-пикирлерин уктук. Бардыгы бир ооздон «жакшы долбоор» деп колдоп беришти. 13-июнда Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында болуп өткөн Кыргыз-Кытай ишкерлер форумунда аталган долбоорго эки тараптуу меморандумга кол коюлду.

Чындыгында, бул долбоор көп жылдан бери Кыргыз Өкмөтү тарабынан каралып, сунушталып келген экен. Ал эми акыркы жылдары 2016-жылдан баштап бул жаатта жигердүү иш-аракеттер башталыптыр. Бул долбоорго жеке гана Кыргызстандын эмес, Кытай Эл Республикасынын Өкмөтү дагы көңүл буруп, маани берип келет. Биз бул ишти баштаганда Кыргызстандын Өкмөтү өз колдоосун көрсөтүп, тиешелүү ведомстволорго долбоордун иш-кагаздарын тез арада бүтүрүп, көмөк көрсөтүү боюнча буйрутмаларды беришти. 

Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору Адилбек уулу Шумкарбек дагы биз менен кошо Нарынга чейин барып, жергиликтүү бийликтин жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Эл менен дагы жолугушуп, долбоор тууралуу маалымат берип, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Калк тарабынан дагы бул иштер жылуу кабыл алынып, колдоого алынды. 27-октябрь күнү 200 гектар жердин документтерин алдык. 

Чындыгында, ар бир мамлекет үчүн логистикалык борбордун болуусу абдан маанилүү. Ошондуктан, октябрь айынын башында атайын күчтүү адистерди чогултуп, долбоорлоо тобун түзгөнбүз. Башка мамлекеттердеги логистикалык борборлор менен дагы жакындан таанышып, тажрыйбаларын изилдеп, алардын ишмердүүлүгүнө сереп салып келдик. Жалпылап айтканда, долбоорду ийгиликтүү жүзөгө ашыруу үчүн бардык жигердүү аракеттерди көрүп жатабыз. Муну менен катар эле, Өкмөттөр аралык Кеңешти түзүүнү дагы пландоодобуз. Ал жакта, бардык тиешелүү мамлекеттик ведомстволордун өкүлдөрү менен катар инвестор дагы мүчө болмокчу. Эгерде кандайдыр бир маселе жарала турган болсо, Кеңештин кароосунан өтүп анан жыйынтык чыгарылмакчы. 

Борбор логистикалык, соода жайы жана өнөр жай аймагы болуп үч бөлүктөн турат. Логистика жана соода жайы 60 гектарды ээлесе, өнөр жай аймагы 80 гектар жерде жайгашмакчы. Ар бир аймак Кытайдын акыркы технологиялары менен жабдылып, заманбап техникалык жабдыктар менен камсыз болмокчу. Мунун бардыгы борбордун ийгиликтүү иш алып баруусуна түзүлгөн шарттар десек жаңылышпайбыз. Учурда, борбордун курулуш иштери башталды. Тактап айтканда дубалын тургузуп жатабыз. Бирок, анын ичин, расмий түрдө ушул жылдын март айында баштамакчыбыз. Бул кызматташуубуз «Бир алкак-бир жол» долбоорунун алкагында аткарылып жаткан иштердин бири. Ал жакта жергиликтүү калктын өкүлдөрү иштемекчи. Бул дагы да болсо кыргыз-кытай алакасын дагы бекемдөөгө өз салымын кошмокчу. Чындыгында, бул жаатта аткарыла турган иштер абдан көп. Көптөгөн пландарыбыз бар. Алар тууралуу дагы убагы келгенде айтып бермекчибиз. 

Эмил Абдыкадыров, ишкер, инвестор: «Учурда, логистикалык борбордун ар бир мамлекетте болуусу заман талабы»

-«Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борбору тууралуу айта турган болсом, чындыгында бул жаатта иш алып баруу оюбузда деле жок болчу. Өзүмдүн кесибим курулушчу болгондон кийин акыркы жылдары ушул тармакта иштеп жүрөбүз. Лю Ин мырза менен дагы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, келишим жүзүндө көп кабаттуу үйлөрдү курууда чогуу иш алып баруудабыз. 

Бирок, учурда логистикалык борбор ар бир мамлекетте болуусу абзел экендигин түшүндүк. Кытай инвесторлору бул жаатта көптөгөн мамлекеттер менен кызматташып, ийгиликтүү иш алып барып жаткандыктарына күбө болдук. Чындыгында, логистикалык борбору жок биз өлкөбүздөн чыгып жаткан экологиялык таза продукцияларыбызды, эт-сүт азыктарын, жер-жемиштерди сыртка толук кандуу чыгарууга мүмкүнчүлүгүбүз болбойт. Мамлекеттин экономикасын өнүктүрө албайбыз. 

Мына, ушул себептерден улам Лю Ин мырза менен кеңешип, курулуш иштери менен катар эле, логистикалык борборун куруу менен дагы алектенүүнү чечтик. Бул жаатта жигердүү иш алып барып жатканыбызга 8-9 айдын жүзү болуп калды. Биз жеке гана логистика эмес, өнөр жай тармагына дагы басым жасап жатабыз. «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борбору географиялык жактан абдан ыңгайлуу. ЕАЭБ өлкөлөрүнө дагы кирүүгө бардык мүмкүнчүлүктөр бар. 

Анын Нарында жайгашып, ачылып жатышы абдан жакшы. Бардыгыбыз билгендей, Нарын жергеси жалпысынан мал чарбачылыгы менен алектенет, аба-ырайынын катаалдыгы менен айырмаланат. Бул борбор ишке кирип калса, жергиликтүү калк үчүн кошумча жумуш орундары түзүлүп, жаштар үчүн мыкты мүмкүнчүлүктөрдү ачаары шексиз. Аймактын өнүгүүсүнө дагы зор салым кошмокчу. 

 Логистикалык борбордун курулушу – бул масштабдуу долбоор, Борбор Азия аймагындагы заманбап жана ири борборлордун бири болмокчу. Мунун социалдык-экономикалык мааниси чоң. «Ат-Башы» индустриялык-соода-логистикалык борборунун жалпы өлкө үчүн экономикалык, социалдык жана саясий мааниси чоң.  

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)