Чыңгыз Айтматов үй музейи-замандын баа жеткис баалуулугуна айланган жөнөкөй жай
Даңазалуу чыгармалар жаралган жай.
Сүрөттөр редакцияга таандык
“Чыңгыз Айтматов” – бул ысымды ар бир кыргыз сыймыктануу менен айтат. Анын чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, дүйнөлүк адабият казынасында татыктуу орунду ээлеп келет. Залкар жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлган, ал эми чыгармалары боюнча тартылган тасмалар Эл аралык кинофестивалдардын сыйлыктарына жана байгелерине татыктуу болуп, бийиктиктерди багынтып жүрөт.
Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы улуттук адабият үчүн эле эмес улуттук искусствонун башка түрлөрүнүн өнүгүүсүнө да өзүнүн зор таасирин берген. Калемгердин чыгармаларынын негизинде музыкада чакан обондуу ырдан тартып симфонияга чейин жазылды, көркөм сүрөт искусствосунда ондогон, жүздөгөн эмгектер жаралды, театралдык спектаклдер, кино-фильмдер коюлду.
Мына, ушул залкар инсандын жашаган үйүн, баскан жолун жакындан көрүп, таанышуу менин көптөн бери ойлонуп жүргөн изги тилегим эле. Ыңгайлуу учурдан пайдаланып, кесиптешим экөөбүз Чыңгыз Айтматовдун үй музейине зыярат кылып келдик. Бул сапар абдан кызыктуу жана таасирдүү болду десем жаңылышпайм.
Чыңгыз Айтматов үй музейи 2014-жылы 12-декабрь күнү улуу жазуучунун жубайы Мария, уул-кызы Эльдар жана Шириндин демилгеси менен ачылган. Бул үйдө калемгер өзүнүн акыркы 22 жылын жашап өткөргөн. Үйгө бир сыйра оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, кире беришти айнектеп, ашкана болсо Чыңгыз Айтматовдун китептери сатыла турган жай катары жасалгаланган. Музейдин кызматкери айтып бергендей, сырттан келген меймандардын көпчүлүгү жазуучунун китептерин сатып алууну каалашат. Ошондуктан, бул китеп –дүкөнүнүн дагы мааниси абдан зор. Ал жакта Чыңгыз Төрөкуловичтин кытайча которулган чыгармаларынан баштап, бир нече чет тилдерде жарык көргөн эмгектери коюлган.
Жазуучунун эс алуучу бөлмөсү болсо, залкардын алган сыйлык жана сүрөт экспонаттары менен толтурулган. Чындыгында, бул бөлмөдө сыйлыктардын аз гана бөлүгү жайгашкан. Алардын көптүгүнөн орун жетишпейт. Ал эми, калган бөлмөлөр Чыңгыз Төрөкуловичтин көзү тирүү кезиндеги бойдон сакталып, калтырылган.
Ал жактагы буюмдар толугу менен улуу жазуучуну эске салып, анын кол жазмалары, сүйүп окуган китептери, керек болсо тумбочкада турган көз айнек дагы ээси жаңы эле ордуна койгондой болуп турат. Залкар инсан жашаган имарат күнү күнкүдөй сакталыптыр. Бул жагдай бизге жазуучунун али чечиле элек сырларын ачып бергендей сезим калтырып, өзгөчө маанай тартуулап турду.
Бул жерде дүйнө адабият казынасынын мыктылары орун алган.
Үй канча жылдан бери музей катары кызмат кылып, киши жашабаса дагы, ичинде кандайдыр бир жүрөккө жакын жылуулук сакталган. Анда Айтматов ааламынын кеңдиги байкалып турат. Мага жазуучунун иш бөлмөсү өзгөчө таасир калтырды. Бир карасаң, жөнөкөй стол, кресло гана тургансыйт. Бирок, ушул жерде дүйнө элин багынткан, улуу чыгармалар жаралган. Жазуучунун чеберчилигинин арты менен үйдөгү бардык буюмдар замандын баа жеткис баалуулуктарына айланган. Залкарга түбөлүктүү өмүр берген эмгектери, анын жашаган үйүнө, колдонгон буюмдарына дагы экинчи өмүр тартуулагандыгы шексиз. Бул жерде Айтматовдун баскан жолун тагыраак аңдап билүүгө болоорун баамдадык. Ал жерде дүйнөнүн төрт бурчунан тартууга берилген асыл белектерди дагы көрүүгө болот. Алардын арасынан Сүймөнкул Чокморовдун өз колу менен тартылып, убагында жазуучуга тартууланган эмгектерин дагы кездештирдик.
Имараттын экинчи кабатындагы чакан китепканада Айтматовдун чыгармаларынан сырткары, эң баалуу, табылгыс китептер көп экендигине күбө болдук. Өзүн ар тараптуу өнүктүрүп, акыл-эс жумушунан чарчаганда, таза абага чыгып, чалгы чаап эс алган улуу калемгердин жашоо-шарты, жашаган үйү менен жакындан таанышуу абдан маңыздуу болду.
Гүлсайра Токтошалиева, Чыңгыз Айтматов үй музейинин кызматкери: “Биздин эшик бардык каалоочулар үчүн ар дайым ачык”
-Бул жайга чындыгында, бүтүндөй дүйнө жүзүнөн келет. Илимпоздор, жазуучулар, журналисттер, жөн гана карапайым адамдар дегендей. Албетте, мектеп окуучулары дагы келип, жазуучунун жашаган жайы менен жакындан таанышып жүрүшөт.
Бул үйдө Чыңгыз Төрөкулович 1986-жылдан баштап, көзү өткөнчө жашаган. Музейге келген меймандар жазуучунун жашаган жерин, колдонгон буюмдарын көрүү абдан маанилүү экендигин айтышып, ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп берген үй-бүлө мүчөлөрүнө ыраазычылыгын билдирип келишет.
Мага бул жакта иштеген абдан жагат. Биздин эшик бардык каалоочулар үчүн ар дайым ачык. Эң негизгиси алдын-ала чалып, убакытты тактап алуулары зарыл.
Сыйлыктар жана белектер бөлмөсү.
Залкардын өмүр жолу тынымсыз эмгектенүү, изденүү, өнүгүү менен өткөн
Кыргызстандын залкар уулу Чыңгыз Айтматов Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында 1928-жылы 12-декабрда туулган.
1946-жылы Жамбыл шаарындагы Зооветеринардык техникумду, 1953-жылы К.И.Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтун бүтүргөн, 1956-1958-жж. Москвадагы Жогорку адабият курсунун угуучусу болгон.
Согуш жылдарында Шекер айылында айылдык Кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жж. Кыргыз мал-чарба илимий-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жж. "Литературный Киргизстан" журналынын редактору, 1960-1965-жж. "Правда" гезитинин өз кабарчысы, 1965-1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер союзунун төрагасы, 1988-1990-жж. "Иностранная литература" журналынын башкы редактору, СССР Президентинин кеңешчиси, 1991-жылдан элчилик кызматта (1991-жылдан Кыргызстандын Бельгия мамлекетиндеги элчиси) болгон.
Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталган. Ал орус жана кыргыз тилдеринде жазып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйдо" деген ат менен 1952-жылы "Киргизстан" альманахында орус тилинде жарыяланган.
"Литературная газета", "Новый мир", "Литературный Киргизстан" журналдарынын редколлегия мүчөсү болгон.
1956-жылдан тарта СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон.
ЮНЕСКОнун билдирүүсү боюнча Ч. Айтматов бүгүнкү күндө чыгармалары көп басылган классиктердин бири. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, бир нече ирет чоң тираж менен (1998-ж. жалпы саны 67,5 млн. экз.) кайталап басылган. "Айтматов таануу" деген илимий атайын дүйнөлүк адабий процессте кеңири колдонулууда.
1989-ж. Бишкекте эл аралык Айтматов клубу (негиздөөчүсү жана президенти окумуштуу А. Акматалиев) түзүлгөн. Анын кыргызстандык жана чет өлкөлүк мүчөлөрү белгилүү илимпоздор, журналисттер, адистер ж.б. Клубдун жобосу, секциялары, адабият, көркөм өнөр жана маданият жагындагы эл аралык сыйлыгы бар. 1992-ж. Бишкекте коомдук Айтматов таануу институту түзүлгөн. Ошондой эле, Бишкекте "Айтматов чыгармаларынын китепканасы", 1993-ж. Эл аралык коомдук айтматовдук Академия уюштурулуп, анын анык, ардактуу академиктери шайланган.
Сыйлыктары. Кыргыз эл жазуучусу (1968), Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (1979), КРУИАсынын анык мүчөсү (1974). Соц. Эмгек Баатыры (1978), Лениндик (1963) жана СССР мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1968, 1977, 1983), Европа Илимдер, искусство жана адабият академиясынын анык мүчөсү (Париж, 1983), Бүткүл дүйнөлүк Илим жана искусство академиясынын академиги (Стокгольм, 1987), "Ысыккөл форумунун" президенти, Австрия, Австралия, Америка, Индия, Италия, Түркия, Япония ж. б. өлкөлөрдүн эл аралык сыйлыктарынын лауреаты. Кыргыз Республикасынын Баатыры (1997).
Улуу жазуучу Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.
последние
Рекомендация
- 1Президент Сооронбай Жээнбеков подписал Указ об объявлении 2020 года — Годом развития регионов, цифровизации страны и поддержки детей
- 2Игорь Шестаков: Разрешение споров требует компромиссов и диалогов
- 3Перекрыть наркоканал можно всем вместе
- 4Курбанбек Айтибаев: “Араван районунун 49 айылынын 43 айылында таза суу маселеси чечилген”
- 5Автоинспекторлордун укугу кыскарды. Текшерилбей турган документтердин тизмеси