WeChat      Избранное

Тилек Найманбаев: «КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө экендигин байкадым»

10/01/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Тилек Найманбаев: «КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө экендигин байкадым»

Сүрөттөр маек ээсине таандык 

«Убакыт-зымырык куш» - деп бекеринен айтылбаса керек. 2019-жыл дагы өз сапарын карытып, 2020-жылга жол бошотуп берди. Көз ачып-жумгуча өтүп кеткен доңуз жылы, жергебиз үчүн тынч, эл аралык карым-катнаштар үчүн ийгиликтүү жылдардан болду. 

Мына, ушул жыл КРдин эмгек сиңирген артисти, А. Малдыбаев атындагы кыргыз Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын солисти Тилек Найманбаев үчүн кандай жетишкендиктер менен коштолуп, кандай өзгөчө көз ирмемдер менен эсте калгандыгын билүү максатында опера ырчысы менен байланыштык. 

Тилек Найманбаев жаш да болсо, кыргыз маданиятынын опера тармагына барандуу салым кошкон, келечектен көптү үмүттөндүргөн таланттардын бири. Чет жерлерде өткөн сынактарда Кыргызстандын атын дүйнөгө татыктуу таанытып, алдыңкы орундарды багынтып келет. Ал биз менен жеке гана 2019-жылдагы өзгөчө көз ирмемдери менен бөлүшпөстөн, жалпы эле Кытай жергесине болгон сапарлары тууралуу дагы кыскача айтып берди. 

«Кытай кесиптештерим менен тил түшүнбөсөк дагы чыгармачылык аркылуу кенен баарлаша ала турганыбызга көзүм жетти»

-2019-жыл эң негизгиси эл-журтубуз үчүн тынч жылдардан болду. Чыгармачылык жаатта дагы ийгиликтүү, жемиштүү жыл катары бааласак болот. Сиздер билгендей, театрда ар дайым жумуш кызуу жүрүп турат. Көптөгөн спекталдер коюлду, жаңы эмгектерди жараттык. Жылдагыдай эле жумуш үстүндө болуп, ар тараптуу өнүгүүгө, эл аралык маданий карым-катнаштарды бекемдөөгө аз да болсо салымыбызды кошууга аракеттерди көрүп жаттык. Казакстанга бардык, Кыргызстанда болуп өткөн ШКУнун кезектеги саммитинин гала-концертинде иран тилинде ыр аткардым. Ал жакта кытай ырчылары менен бирге бир сахнада ырларыбызды тартууладык. 

Быйыл жаңылык катары, кытай тилинде аткарган алгачкы ырымды айтсам болот. Ал ыр «Мен Кытайды сүйөм» деп аталат. Бул чындыгында, кытай элинде абдан белгилүү чыгарма экен. Патриоттук ыр болгондугу үчүн ар бир кытай жараны билет десем дагы жаңылбайм. Аны алгачкы жолу, Казакстандагы бир концерттен кытай ырчысынын аткаруусунда угуп абдан жактырып калгам. Ошондуктан, быйыл үйрөнүп эл алдына алып чыктым. 

Тилек Найманбаев: «КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин улуулугу анын жөнөкөйлүгүндө экендигин байкадым»

Кытай таланттары менен бирге «Жибек жолундагы достук» аталышындагы кыргыз-кытай кайрымдуулук концертинен көз ирмем.

Аны КЭРдин 70 жылдыгына арналган бир катар иш-чараларда ырдадым. Алгачкы жолу, 2019-жылдын 21-май күнү Кыргызстандын коомдук теле-радио берүү корпорациясы Жуңго Синьцзян радио-телестанциясы менен биргеликте Азия кино-теле апталыгы көргөзмөсүнүн аземи жана «Бүгүнкү Жуңго» берүүсүнүн көрөрмандары менен жолугушуу кечесинде аткардым. Эл тарабынан абдан жылуу кабыл алынды. Кытай угармандарынан мактоо угуу мага  өзгөчө жагымдуу болду десем жаңылышпайм. 

Анткени, кытай тилинде ырдоо мага абдан оор болду. Өзүм тааныган кытай тааныштарым, кытайлык кыргыздардын жардамы менен ар бир нотасын туура жана так аткарууга болгон күчүмдү жумшадым. Бекеринен, кытай тили дүйнөдөгү эң оор тилдердин катарына кирбейт экендигин түшүндүм. ШКУнун саммитинде дагы кытай ырчыларына аткарып берсем, абдан жакшы кабыл алышты. Тил түшүнбөсөк дагы чыгармачылык аркылуу кенен баарлаша аларыбызга көзүм жетти. 

Мындан сырткары, эң жагымдуу көз ирмемдердин бири катары КЭР Төрагасы Си Цзиньпин мырза менен жолугушуу учурун айтсам болот. ШКУнун саммитинде атайын жабык кече болуп өттү. Ошол жерде 20дай адам өз таланттарын көрсөтүштү. Мен дагы алардын катарында болдум. Мына, ошол жерден Си Цзиньпин мырза өз ордунан туруп келип, ар бирибиз менен кол алышып, өзүнүн ыраазычылыгын билдирди. Бул бардыгыбыз үчүн күтүүсүз жагымдуу окуя болду десек болот. Миллиарддан ашуун элдин башын бириктирип, өнүктүрүп жаткан державанын лидеринин ушунчалык жөнөкөйлүгү бизди таң калтырды. Анын улуулугу жөнөкөйлүгүндө экендигин түшүндүм. 

Мына, жаңы жылдын кирип келиши менен эле, «Жибек жолундагы достук» аталышындагы кыргыз-кытай кайрымдуулук концертине дагы катышып, өзгөчө таасир алып турган кезим. Бул концерт дагы жогорку деңгээлде өттү. Коңшу эл таланттарга бай экендигине дагы бир жолу күбө болдук. Мага кытай ырчысы Хунг Джэнин Жолдубай Кайыповдун «Атам менен энеме» ырын ийине жеткире ырдаганы абдан жакты.  

«Коңшу эл чыгармачылыкты өзгөчө сыйлап, ага терең маани беришет»

-Мен Кытай жергесине учурга чейин эки жолу барып келдим. Алгачкы жолу, 2008 – жылы Кыргызстандын маданият күндөрү Кытайда өткөн. Ал убакта мен Ош улуттук филармониясында, окуудан сырткары, урма аспаптарда ойночумун. Ошондо дагы Пекинге жана Чжэнчжоу шаарларына барып кыргыз маданиятын таанытып келүү бактысы буюрган эле. Ал мезгилде маданият министри Султан Раев менен бирге барып, жогорку деңгээлдеги концерттерди коюп келгенбиз. Биринчи жолу Кытай сепилине чыгып, Олимпиада шаарчасын көрүп абдан суктанып келдим эле. 

Экинчи жолу болсо, 2016-жылдын ноябрь айында дагы Кыргызстан маданият күндөрү болуп, бул сапар опера жана балет театрынын солисти катары барып катышып келгем. Анда бир жумага чейин Пекин жана Гуанчжоу шаарларына концерт койгонбуз. Кытай Эл Республикасы тарабынан кабыл алуу, уюштуруу иштери жогорку деңгээлде болгон. Пекиндин эң чоң опера жана балет театрында концертибиз өтүп, эң мыкты заманбап үн коштоо техникалык жабдуулары менен ырахаттануу менен ырдап, өз өнөрлөрүбүздү тартуулап келген элек. 

Биздин курамдын башында СССРдин эл артисти Самара Токтакунова эжебиз, андан кийин Кыргыз Эл артисти Саламат Садыкова, Камбаркан фольклордук ансамблинин жетекчиси Рысбек Жумакунов, мына ушундай улуу кишилер менен барып, бир сахнада кыргыз маданиятын көрсөтүп келүү, биз үчүн, жаштар үчүн стимул чоң жетишкендик болгон. Алардын арасында биз, Талант Токомбаев, Токтогул Рысалиев үчөөбүз Кыргызстандын классикалык опера жаатында өнөрлөрүбүздү тартуулаганбыз. Чыгарманы аткарып бүткөн соң кол чаап, бизди көрүүчүлөр сахнадан кетирбей, өзгөчө сезимде болдук эле. Ошондо, дагы бир жолу кытай эли чыгармачылыкка маани берип, талант адамдарына өзгөчө урмат-сый менен мамиле кылаарын байкагам. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)