WeChat      Избранное

“Мыкты экспорттоочу-2018”-жыл мыктылары тандалды

07/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

“Мыкты экспорттоочу-2018”-жыл мыктылары тандалды

Сүрөттөр редакцияга таандык

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги Кыргыз Республикасындагы АКШ Эл аралык өнүктүрүү (USAID) агенттигинин техникалык колдоосунун алдында 6-май күнү “Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу – 2018” Улуттук сынагынын жыйынтыгын чыгарып, жеңүүчүлөргө сыйлык тапшыруу аземин өткөрдү. 

Улуттук сынактын жеңүүчүлөрү дипломдор жана “Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочусу – 2018” логотиби бар статуэткалар менен сыйланышты. Жалпысынан 35 компания жеңүүчү аталды. Кытай компаниялары дагы алардын катарын толуктады. Тактап айта кетсек, “Бал жана бал азыктарын мыкты экспорттоочу-2018. Күмүш рейтинги” аталышындагы номинацияда “Ди Дар Групп” ЖЧКсы жана “Жасалгалоо материалдарын мыкты экспорттоочу-2018” сыйлыгына “Тянь-Шань Керамик” ЖЧКсы татыктуу болду. 

Сынактын башкы максаты-Кыргыз Республикасынын аймагынан продукцияларды экспорттоого аракеттешүү, атамекендик экспорттоочуларга колдоо көрсөтүү болуп саналат. 

Сынактын маанилүү милдеттери Кыргыз Республикасынын мыкты экспорттоочу компанияларын аныктоо, чет жакта Кыргыз Республикасынын тандалган экспорттук компаниялары тууралуу маалымдуулугун жогорулатуу, «Best Exporter of the Kyrgyz Republic» эн белгисин таануу аркылуу атамекендик продукцияларды таанытуу жана жайылтууну камсыздоо болуп саналат.

Жеңүүчү компаниялардын тизмеси төмөнкү үч номициядагы топто аныкталды – жалпы тармактык номинация, республиканын аймактары боюнча номинация жана кошумча мотивациялоочу номинация.

Бул сыйлык тапшыруу аземинде Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев жана КРдеги АКШ элчиси Дональд Лу куттуктоо сөздөрүн айтышты. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө өзгөчө белгилегендей, атамекендик экспорттоочулар жогорку сапаттуу, атаандаштыкка жөндөмдүү продукцияны өндүрүү менен Кыргыз Республикасынын атагын анын аймагынан тышкары чыгарып жатышат.

“Экспорт-бул өлкөнү жайылтуу. Экспорттолгон өндүрүмдүн сапатынан мамлекеттин кандай экендигин билишет. Ошондуктан буга өзгөчө көңүл буруу керек. Өз ишиңер менен силер атамекендик экономиканы өнүктүрүүгө зор салым кошуп, өлкөнүн жагымдуу имиджин илгерилетип жатасыздар”, – деп баса белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев. 

Премьер-министр кошумчалагандай, 6,7 млрд АКШ доллардык тышкы сооданын жалпы көлөмүнөн экспорттун үлүшүнө 1,7 млрд АКШ доллары туура келет.

“Экспорттук потенциалды өнүктүрүү Өкмөттүн ишинин башкы артыкчылыктарынын бири болуп саналат. 2019-2022-жылдарга экспортту өнүктүрүү Программасы иштелип чыккан. Ага ылайык, чакан, орто жана ири ишканаларды колдоо каралган. Мындан тышкары Өкмөттүн токтому кабыл алынган, ага ылайык, экспортко багытталган ишканаларды жеңилдетилген шарттарда 1 млрд сом суммасына насыялоо долбоору бекитилген. Ошону менен бирге экспорттук потенциалды өнүктүрүүгө Кыргыз-Россия өнүктүрүү фонду жана “Кепилдик фонду” ААК сыяктуу финансы институттары чоң көмөк көрсөтөт”, – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр “РСК банк” ААК базасында ири экспорттук-импорттук банк түзүү жана ишин ипотекалык насыялоо жана экспорту өнүктүрүүгө багыттоо үчүн “Росинбанк” ААКны капиталдаштыруу жүргүзүү пландары тууралуу айтып берди.

“2017-жылга салыштырмалуу өлкөдөгү экспорт 5% көбөйгөн, бул жакшы көрсөткүч. ЕАЭБ алкагында ветеринардык жана фитосанитардык тоскоолдуктар алынып салынды. Ошону менен бирге мен сиздерди ВСП+ макамын активдүү колдонууга чакырам, ал продукциялардын белгилүү бир тизмесин Евразия биримдиги өлкөлөрүнө нөлдүк коюмдар боюнча ташууга мүмкүндүк берет”, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, үстүбүздөгү жылы экспорттун көлөмүн 2 млрд АКШ долларына чейин көбөйтүү боюнча милдеттер коюлган.

“Бул максаттарда биз фискалдык саясатты кайра карап жатабыз жана текшерүүлөрдүн санын азайтып, экспорттоочуларга ар түрдүү жардам көрсөтүү менен бардык экспорттоочулар үчүн бирдей шарттарды түзүүгө ниеттенүүдөбүз. Мындан тышкары Ишкер кодексин иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүлдү, анда чакан жана орто бизнести коргоо механизмдери камтылат, анткени биздин экономиканын түзүмүнүн дээрлик жарымын тейлөө чөйрөсү түзөт”, – деди ал.

Премьер-министр белгилегендей, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн алдында да атамекендик экспортту илгерилетүү милдеттери коюлган. 

Люй Тин, “Ди Дар Групп” компаниясынын маркетинг боюнча директору: “Акыркы эки жыл аралыгы экспорт иштерине жакшы көңүл бурулуп жатат” 

-Акыркы жылдары кыргыз-кытай алакасы жакшы бир деңгээлде өнүгүп-өсүп жатат. 2013-жылы КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын көтөрүп чыккан “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында аткарылып жаткан иштер дагы эки өлкөнүн байланышын чыңдоого, өнүктүрүүгө өбөлгө болууда. 

Биз дагы өзүбүздүн ишмердүүлүгүбүз аркылуу кыргыз балын дүйнөгө таанытып, Кыргызстандын бренди катары белгилүү кылууга даярбыз. Биргеликте кызматташып, достук, ынтымак ичинде алака түзүү жакшы жыйынтыктарга алып келээри белгилүү. Бардыгыбыз билгендей, кытай эли дагы балга абдан маани берет. Чындыгында, кыргыз балы дүйнө жүзүнө өзүнүн сапаттуулугу жана мыктылыгы аркылуу таанылып, кадыр-баркка ээ болууда.

Компанияда Кыргызстандын бүткүл аймагы боюнча 600дөн ашуун үй-бүлө иштейт. Тактап айтканда, бардык үй-бүлө мүчөлөрү ушул тармакта иш алып барышат. Ар жыл сайын даярдалып чыккан балдын болжол менен 67%ын Кытайга экспорттойбуз. Синьцзян, Иу ж.б. кытай шаарларына биздин продукция кетип турат. 

Биздин компания бул жерде 2015-жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келе жатат. Акыркы эки жыл аралыгы экспорттоо иштерине жакшы көңүл бурулуп жаткандыгы кубандырбай койбойт. 

Мен Кыргызстанга келип өз ишин ачууну каалаган инвесторлорго бир катар кеңешимди берип кетет элем. Чындыгында, алгач иш ача турган жерди жакшылап изилдеп, ийне-жибине чейин билип, жергиликтүү саясатты дагы жакшы үйрөнүү абзел. Ийгиликтүү бизнес эч качан бир күндө эле курулуп калбайт. Ал үчүн убакыт жана тынымсыз эмгек керек. 

Олег Панкратов, КРдин Экономика министри: “Биз кытай өнөктөштөрүбүздөн дагы да болсо активдүү иш алып баруусун күтөбүз” 

-Бардыгыбыз билгендей, былтыркы жылы Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик визит менен Кытай Эл Республикасына барган. Ал жакта ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу жөнүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы биргелешкен декларацияга кол коюлгандыгы маалым. Бул кадам эки өлкөнүн кызматташуу алакаларына да жаңы импульс берди. Алардын катарында экономика тармагы дагы бар. Тилекке каршы, акыркы убакта Кыргызстанда болуп өткөн бир катар окуялар кытай өнөктөштөрүбүздүн маанайына терс таасирин тийгизди. Кытай Эл Республикасы бүгүнкү күнү инвестиция кылуунун көлөмү боюнча башкы орунда турат. Биз дагы да болсо кытай ишкерлерибиздин Кыргыз жеринде ишенимдүү иш кылуусуна өз аракеттерибизди көрө бермекчибиз. Биз өзүбүздүн кытай өнөктөштөрүбүздөн дагы да болсо активдүү иш алып баруусун күтөбүз. 

Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиги дагы дал ушул жаатта, тактап айтканда инвесторлорго колдоо көрсөтүп, алардын ийгиликтүү иштөөсүнө көмөкчү болуу максатында иш алып барат. Бардыгыбыз билгендей, сырттан келген ишкерлер менен жергиликтүү калк ортосунда кээ бир учурда түшүнбөөчүлүктөр жаралган учурлар кездешет. Ошондуктан, быйыл Өкмөттүн программасында биринчи жолу аймактын жетекчилеринин инвесторлорду тартуу боюнча иштерин баалоо индикатору кабыл алынды. Эгерде, кандайдыр бир себептерден улам кайсы бир аймакка инвестиция келбесе, анда кандайдыр бир деңгээлде региондун жетекчиси дагы бул ишке жооп берет. Албетте, инвестор да өз учурунда эч кандай мыйзам бузбай, туура иш алып баруусу биринчи талап. 

Кыргызстан КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин мырзанын “Бир алкак-бир жол” демилгесин алгачкылардан болуп колдогон мамлекет. Дагы да болсо, ушул жаатта тереңдеп иш алып бара бермекчи. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)