WeChat      Избранное

“ШКУ: Кызматташуунун чектерин кеңейтүү” бизнес форуму-экономикалык тармакты өнүктүрүүгө мыкты өбөлгө

07/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

“ШКУ: Кызматташуунун чектерин кеңейтүү” бизнес форуму-экономикалык тармакты өнүктүрүүгө мыкты өбөлгө

Сүрөттөр редакцияга таандык

Үстүбүздөгү жылдын 17-майында, Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын саммити алдында Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалыгы алкагында “ШКУ: Кызматташтык чегин кеңейтүү” бизнес-форуму өттү.

Бизнес-форумдун негизги максаты – ишкердик кызматташууну бекемдөө, жаңы өнөктөштөрдү издөө, ишмердүүлүктүн актуалдуу маселелерин жана келечектүү багыттарын талкуулоо, алдыдагы ШКУ мүчө-мамлекет башчыларынын жолугушуусу астында сунуштарды иштеп чыгуу үчүн уюмдун ишкердик коомчулугунун кесипкөйлүк потенциалын консолидациялоо болуп саналат.

Форум ШКУ артыкчылыктарын ишке ашыруунун, анын ичинде жаңы механизмдерди жана инновациялык технологияларды колдонуу аркылуу өнүгүүгө багытталган конкреттүү долбоорлор боюнча пикир алмашуу үчүн бизнестин мамлекеттик органдар, илимий мекемелер, ШКУ мүчө-мамлекеттеринин эксперттик коомчулугу менен өз ара аракеттешүүсүн кеңейтүүнүн практикалык куралы болууга багытталган.

Форум үч жүздөн ашуун катышуучунун – Шанхай кызматташтык уюму диалогу боюнча мүчө-мамлекеттердин, байкоочу өлкөлөрдүн жана өнөктөштөрдүн бизнес-коомчулук өкүлдөрүн, ошондой эле эл аралык уюмдардын башчыларын, экономика жана инвестиция тармагындагы көрүнүктүү серепчилерди бир арага чогултту.

Иш-чаранын салтанаттуу ачылышына Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Айзада Субакожоева ж.б. катышышты.

Бизнес-форум эки пленардык дискуссия форматында өтүп, соода-инвестициялык кызматташуу, мыйзамдык аспектилер жана демилгелер, экспортту илгерилетүү маселелерине арналды. Андан соң, форум В2В жолугушуулар түрүндө өттү.

Форумдун алкагында жана Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин Кыргыз Республикасына мамлекеттик сапарынын алдында кытай тарап менен 5 меморандумга жана 2 млрд АКШ долларынан ашуун суммалык 3 келишимге кол коюлду. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев өз сөзүндө Кыргыз Республикасы Шанхай кызматташтык уюмунда төрагалыгы алкагында “ШКУ: Кызматташтыктын чегин кеңейтүү” бизнес-форумун өткөрүүнү демилгелегендигин белгилеп, бул форумдун мааниси абдан чоң экинидигин дагы айтып өттү. 

“Инвестициялардын, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жана жумушчу күчтөрдүн эркин кыймылы сыяктуу натыйжалуу механизмдерди, бирдиктүү финансы-кредит жана бажы саясатын киргизүү, ошондой эле соода операцияларын жүргүзүүдө бирдиктүү валютаны киргизүү жана өнүктүрүү аркылуу келечекте кубаттуу экономикалык уюм түзүлөт. Бул ШКУга кирген бардык өлкөлөр үчүн утуштуу”, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

“ШКУ: Кызматташуунун чектерин кеңейтүү” бизнес форуму-экономикалык тармакты өнүктүрүүгө мыкты өбөлгө

Бизнес форумдун жүрүшүнөн бир коз ирмем.

Премьер-министр баса көрсөткөндөй, Кыргыз Республикасы үчүн ШКУ мүчө-өлкөлөрү менен кызматташуу – бул ириде, туруктуу экономика, ийгиликтүү ишмердүүлүк жана инвестициялар, транспорттук инфратүзүмдү жана энергетиканы модернизациялоо, туризм жана заманбап маалыматтык технологиялар.

“Бул артыкчылыктуу багыттарда өз ара аракеттешүү үчүн өкмөт тарабынан иш-чаралар комплекси иштелип чыгып, аткарылып жатат. Сандарга кайрылсак, 2018-жылы биздин өлкөнүн товар жүгүртүүсү 6,7 мрлд АКШ долларын түзгөн. Ошол эле учурда ШКУ өлкөлөрү менен – 4,7 млрд АКШ долларын түзгөн, бул товар жүгүртүүнүн жалпы көлөмүнүн 71%. Ал эми импорт 13%, экспорт 11% өскөн. Акыркы 5 жылда товар жүгүртүү жалпысынан 7% өстү”, – деди өкмөт башчы жана бул фактылар ШКУ алкагында республиканын оң динамикасы жана товар жүгүртүүнү, алды менен продукциялардын импортун көбөйтүүгө потенциалы бар экендигин көрсөтөрүн кошумчалады.

Премьер-министрдин айтымында, ШКУ өлкөлөрү акыркы жылдары Кыргыз Республикасы үчүн негизги инвестициялык өнөктөштөр бойдон калууда. 

“2018-жылы Кытай Эл Республикасынан түз инвестициялардын көлөмү 245,4 млн АКШ долларын, Россия Федерациясынан-154,4 млн АКШ долларын түзгөн. Пакистан Ислам Республикасынан 8,9 млн АКШ доллары тартылган, бул 2017-жылдын деңгээлинен 2,3 эсе көп. Үстүбүздөгү жылы Регионалдык конференциянын алкагында россиялык бизнес-түзүмдөрдүн өкүлдөрү менен 6 млрд АКШ долларына 53 документке кол коюлгандыгы Кыргыз Республикасынын инвестициялык жагымдуулугу жөнүндө айтып турат. Мисалы, “Росгеология” компаниясы менен минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүү боюнча 1,2 млрд АКШ долларына келишим түзүлгөн. “Русэлпром” россиялык энергетикалык концерни атамекендик гидроэнергетика тармагында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 1,5 млрд АКШ долларын салат. 

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Германияга расмий сапарынын алкагында биздин өлкөнүн гидроэнергетика жаатында 1 млрд евро суммасындагы долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашылды”, – деп белгиледи Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы баса белгилегендей, Кыргыз Республикасы маанилүү гидроэнергетикалык ресурстарга ээ, анын камы 143 млрд квт/с энергия деп бааланат. Бүгүнкү күнү учурдагы потенциалдын 7,8% гана колдонулат.

“Биздин өлкөнүн туризм чөйрөсү бизнес жүргүзүү үчүн өзгөчө ылайыктуу. 2018-жылы биздин республикага 7 млн турист келген, бул 2017-жылга салыштырмалуу эки эсе көп. Туристтик агымды көбөйтүү үчүн дүйнөнүн 56 өлкөсү (учурда – 45 өлкө) менен визасыз режим киргизилүүдө, “Ачык асман” долбоору ишке берилди, ал бизнес жүргүзүү үчүн маанилүү жана жагымдуу транзиттик борборго айланат”, – деди Премьер-министр. 

“Экономикалык долбоорлорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн ШКУнун, анын ичинде Өнүктүрүү банкынын финансылык механизмдерин түзүүнү тездетүү керек. 18 жылдык ишмердүүлүгүндө Шанхай кызматташтык уюму абройлуу эл аралык жана аймактык уюмга айланды”, – деп, сөзүн жыйынтыктады Мухаммедкалый Абылгазиев.

Шумкарбек Адылбек уулу, Инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү агенттигинин директору: “Бардыгыбыз үчүн биринчи орунда экология маселеси турат” 

-Өзүңүздөр күбө болуп жаткандай Бишкек шаарында ШКУнун кезектеги саммитинин алкагында Кыргыз Республикасы алгачкы ирет ушундай бизнес форум өткөрүп жатат. Шанхай кызматташтык уюмунун экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн колдонуу максатында да мына, ушундай форумду уюштуруп жатабыз. Ишкерлер тарабынан форумга болгон кызыгуу абдан жогору деңгээлде. 

Биз колдон келишинче Шанхай кызматташтык уюмунун экономикалык жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн толук кандуу пайдаланып, ишкерлерге дагы ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүгө аракет кылуубуз керек. Албетте, бардыгыбыз үчүн биринчи орунда бул экология маселеси турат. Кандай гана иштер башталбасын, экологияга тийгизген таасири толук изилденип, каралуусу шарт. 

Биздин агенттик продукциянын экспортуна жардам бере алат. Экономика министрлиги тарабынан бизнес-акыйкатчы кызматы тууралуу мыйзам долбоору түзүлүп, ал иштерди сотко жеткирбей чечип турат. Бул жерде чет элдик инвесторлор ата мекендик инвестор менен катар корголот. Дагы да болсо инвесторду коргоо жаатында иштер жүргүзүлүп жатат. 

Бүгүнкү болуп жаткан форум ишкерлер ортосундагы кызматташтык алаканы бекемдөөгө зор салымын кошуп, эл аралык мамилени чыңдоого дагы көмөкчү болмокчу.

“ШКУ: Кызматташуунун чектерин кеңейтүү” бизнес форуму-экономикалык тармакты өнүктүрүүгө мыкты өбөлгө

Форумдун жыйынтыгында кабыл алынган меморандумдар жана келишимдер 

Бизнес форумда 5 меморандумга жана 2 млрд АКШ долларынан ашуун суммалык 3 келишимге кол коюлду:

1.Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, “Shenzhen Daren Group” ЖЧК, “Lingbao Gold Group” ЖЧКсынын жана “Фул Голд Майнинг” ЖЧКсынын ортосунда алтынды кайра иштетүү заводун куруу боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы — 500 млн АКШ доллары) кызматташуу жөнүндө меморандумга;

2.Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, “Shenzhen Daren Group” ЖЧК, “Lingbao Gold Group” ЖЧКсынын жана “Фул Голд Майнинг” ЖЧКсынын ортосунда орто азиялык баалуу металлдар биржасын түзүү боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы – 1 500 млн АКШ доллары) кызматташуу жөнүндө меморандумга;

3.Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдары ассоциациясынын ортосунда Борбор Азия кантондук жарманкесин өткөрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга;

4.Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин, Гуандун провинциясынын Курулуш жана жасалгалоо материалдары ассоциациясынын жана “Family Invest” жоопкерчилиги чектелген коомунун ортосунда курулуш материалдарынын индустриалдык паркын түзүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга;

5.Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен “IBS MA” ЖЧКсы ортосунда транс чек аралык төлөмдөрдү илгерилетүү жаатында стратегиялык кызматташуу жөнүндө келишимге;

6.Кыргыз Республикасынын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттиги менен “CAS Capstone Technologies Development Co. Ltd” компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында маалыматтык технологияларды өнүктүрүү боюнча кызматташуу жөнүндө меморандумга;

7.“Торугарт Трейд” ЖЧКсынын жана “Вайту” компаниясынын ортосунда инновациялык технологияларга негизделген курулуш материалдарын чыгаруучу заводдун курулушу боюнча (инвестициялардын пландаштырылган суммасы – 3 млн АКШ доллары) кызматташуу жөнүндө келишимге;

8.“АиИ Компани” ЖЧКсынын жана “Romantic Ceramics Co.,Ltd” компаниясынын ортосунда Кыргыз Республикасында керамикалык буюмдардын шоу-румун ачуу боюнча долбоорду ишке ашыруу жөнүндө келишимге кол коюлган.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)