WeChat      Избранное

ШКУ өлкөлөрүнүн II Аялдар форуму Бишкек шаарында болуп өттү

07/06/2019  Источник:оригинал   шрифта:

ШКУ өлкөлөрүнүн II Аялдар форуму Бишкек шаарында болуп өттү

Сүрөттөр редакцияга таандык

Быйыл, 2019-жылдын июнь айында Шанхай кызматташтык уюмунун кезектеги саммити Кыргызстандын төрагалыгы алдында өтө тургандыгы баарыбызга маалым. Ушул саамалыкты утурлай, биздин жергеде көптөгөн иш-чаралар уюштурулуп, өткөрүлүп жатат. Алардын бири, ШКУ өлкөлөрүнүн аялдарынын II Форуму болду. 

Бул форум 15-16-май күндөрү Бишкек шаарында өтүп, ага ШКУга мүчө өлкөлөрдөн, байкоочу-мамлекеттерден 130дан ашуун ар тармакта ийгилик жаратып, мыкты көрсөткүчкө эгедер болгон күчтүү жана назик айымдар катышышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө аялдар коомдогу болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүүгө жигердүү аралашууга жана жаңы долбоорлорду демилгелөөгө даяр экениндиктерин билдирип, бул жаатта өз сунуштарын дагы киргизишти. Эң башкысы бул форум жөн гана ушундай жолугушуулар менен чектелбестен, кандайдыр бир иш структурасын түзүү дагы заман талабы экендигине токтолушту.

Дүйнө эли экономикалык, саясий, экология, террорчулук, коопсуздук өңдүү маселелерге баш катырып турганда кендирди кескен көйгөйлөрдү биргеликте чечүү бул форумдун башкы урааны. Айымдар бардык маселеде сунуш-пикири менен бөлүшүп, колдоо көрсөтүүгө даяр. Кыргызстанда өтүп жаткан форум он төрт мамлекеттин саясат, маданият, эл аралык кызматташтык, социалдык маселелерди чечүү тармактарында эмгектенип мол тажрыйбага ээ болгон айымдардын башын бириктирди.

Эске сала кетсек,  алгачкы форум былтыр Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин демилгеси менен Кытайда өтүп, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында аялдар өз ара кызматташтыкты бекемдөөдө уюмду өнүктүрүүгө салым кошуу чечими кабыл алынган.

Форумдун ачылыш аземине КРдин Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев, Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева, ШКУ баш катчысынын орун басары Айзада Субакожоева, Казакстандын Премьер-министринин орун басары Гульшара Абдыкаликова, Өзбекстандын Премьер-министринин орун басары Танзила Нарбаева, Бүткүл Кытай Аялдар федерациясынын төрайымынын орун басары Ся Цзе, Россия Аялдар биримдигинин төрайымынын орун басары Надежда Ремнева, ошондой эле ШКУ мүчө-өлкөлөрүнүн коомдук жана мамлекеттик ишмер аялдары жана дипломатиялык корпустун өкүлдөрү катышышты. 

Форумдун ачылышында өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев тарыхта жана коом ичинде аялзатынын орду ар дайым чоң болуп келгендигин айтып, “аял – эң ириде өмүрдүн, сүйүүнүн жана боорукерликтин алып жүрүүчүсү, бекем жана бактылуу үй-бүлөнүн өзөгү”, – деп билдирди. 

Премьер министр белгилегендей, бүгүнкү күнү адамзаттын алдында экология, жакырлык, демография, жумушсуздук, миграция жана качкындар маселеси сыяктуу жаңы чакырыктар келип чыкты. Ошондой эле, ааламдаштыруу процесси улуттук өзүнчө бир маданиятты, каада-салттарды жана дүйнө элинин тилдерин сактоо үчүн олуттуу коркунуч жаратууда.

“Дүйнөлүк өнүгүүнүн бардык терс факторлору кырдаалга салмактуу баа берүүнү жана маселелерди чечүү үчүн ШКУ өңдүү эл аралык жана аймактык уюмдардын алкагында күчтөрдү консолидациялоону талап кылат. Буга байланыштуу көрсөтүлгөн көйгөйлөрдү чечүүдөгү аялдардын тарыхый жана социалдык ролун белгилеп кетким келет”, – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

“Индия жана Пакистандын ШКУга кириши менен бул уюмдун географиясы Евразиянын үчтөн бирин түзөт, анын аймагында дүйнө жүзүнүн калкынын 43% же 3 миллиарддан ашуун адам жашайт. ШКУ мамлекеттеринин ИДПсы дүйнөлүк деңгээлдин 20% түзөт же 15 триллион доллар. Ал эми өлкөлөрдүн экономикасы орточо 5%га өсүүдө», – деп белгиледи ал.

Премьер-министр кошумчалагандай, Кыргызстан быйылкы жылдагы ШКУдагы төрагалыгы алкагында жана уюм түзүлгөн учурдан тартып анын келечектүү калыптануусуна татыктуу салым кошуп келет.

Ал өз сөзүндө ШКУ мүчө-өлкөлөрүнүн орун алуусуна жеке салымын кошкон көрүнүктүү аялдарга токтолду. Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын экс-президенти Роза Отунбаеванын заманбап кыргыз мамлекеттүүлүгүн бекемдөөдөгү ролун белгилеп өттү.

“Кыргызстандын аялдары коомубузда бардык мезгилдерде өзгөчө макамга ээ болуп келишкен жана бүгүнкү күнү жаңы турмушту курууга көмөктөшүп жатышат. Буга Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин гендердик теңдик жана адам укуктары боюнча негизги эл аралык милдеттерди өзүнө алганы өбөлгө болду”, – деп баса көрсөттү.

Мухаммедкалый Абылгазиевдин айтымында, учурда өлкөдө гендердик саясаттын ар түрдүү багыттары боюнча  көптөгөн аялдар жана гендердик уюмдар иштейт.

“Мындан тышкары Кыргызстанда 2020-жылга чейин Гендердик теңчиликке жетишүү боюнча улуттук стратегия кабыл алынган жана ишке ашырылып жатат. 2018-жылдын ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен 2018-2020-жылдарга карата Кыргыз Республикасында гендердик теңчиликке жетишүү боюнча аракеттердин улуттук планы бекитилген. Кыргызстандын экономикалык активдүү калкынын 68%ын аялдар түзө тургандыгын эске алуу менен, аялдардын лидерлигин колдоо өлкө Өкмөтүнүн ишиндеги артыкчылыктуу багыттардын бири болуп саналат”,- деп өз оюн жыйынтыктады.

Андан соң, форумдун аянтчасында да аймактагы орчундуу маселелер талкууга түшөөрүн белгилеген Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын Жарандык өнүктүрүү, диний жана этностук саясат бөлүмүнүн башчысы Назгүл Ташпаева Президент Сооронбай Жээнбековдун кайрылуусун форумдун жалпы катышуучуларына окуп берди.

КР Президенти Сооронбай Жээнбеков өз кайрылуусунда, Форум ШКУга мүчө өлкөлөрдүн аялдарынын ортосундагы тажрыйба алмашуу жана кызматташуу үчүн эң сонун аянтча болоорун айтып, Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өлкөлөрдүн өз ара кызматташуусун ургаалдаштырып, бирге өнүгүү максаттарына жетишүүгө өз салымын кошооруна ишенимин билдирди. 

Президент: “Эң негизгиси, I Аялдар Форумунун идеяларын улантып, аялдар ортосундагы кызматташтыкты, айжаркын айымдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө жана жалпы дүйнөлүк көйгөйлөрдү чечүүдө алардын ролун жогорулатууга багытталган жаңы долбоорлор үчүн өзөк түзүү маанилүү.

Форумдун жүрүшүндө регионалдык кызматташтыкта бирдей натыйжаларга жетишүү үчүн Шанхай кызматташтык уюмунун стратегиясына жана долбоорлоруна аялдардын катышуусун жогорулатуу жана гендердик өлчөмдү киргизүү маселеси боюнча биргелешкен көз караш иштелип чыгарына ишенем.

Форум Пекин Аракеттер Платформасынын, Туруктуу өнүгүү Максаттарынын жана Шанхай кызматташтык уюмунун эң маанилүү маселелерин чечүүнүн алкагында кызматташуунун жаңы багыттарын ачууга өбөлгө болот”-деп белгиледи.

Роза Отунбаева, Кыргызстандын экс-президенти: “Аялзаты зор күч” 

-Алгачкы Аялдар форуму былтыр Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин демилгесинин алдында Кытай жергесинде болуп өткөн. Чындыгында, бизге ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп, демилге көтөрүп берген КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин мырзага терең ыраазычылык билдирмекчимин. Бул абдан маанилүү кадам. Учурда, ШКУнун өнүгүп, өсүүсүнө өз салымын кошуусу үчүн аялзатына жол бошотуп, сөз берип жатышат. Аялзаты зор күч. Айымдарга ар тараптуу өнүгүү мүмкүнчүлүктөрү түзүлсө, бардык жумушту аркалап мырзалардан кем эмес иш иш аткара тургандыгын билебиз. 

КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпиндин кайрылуусунда Туруктуу өнүгүү максатында “Бир алкак-бир жол” долбоору эң негизги ролду ээлей тургандыгы айтылды. Бизде Кыргызстанда жарандык коом, укук коргоо кыймылы күчтүү. Казакстанда болсо кардарларды, керектөөчүлөрдү коргоо багыты, ишкерлер коому дагы күчтүү. Өзбекстанда дагы ушундай кырдаал. 

Менин оюмча, биз Борбордук Азия жакындан, биргеликте иш алып баруубуз керек. ШКУнун ишмердүүлүгү дагы да ийгиликтүү, тез жүзөгө ашуусу үчүн атайын бир базаны түзө алабыз. Мисалы, Индия менен Кытайда жаңы инновациялык борборлор жакшы өнүгүп жатат. Мына, ушул жааттарда чогуу кадам таштап, өз ара кызматташуу алакасында байланыш звенолору болуубуз абзел. Сөз жүзүндө эмес, иш жүзүндө өз күчүбүздү далилдеп, бүгүнкү форумдун мүмкүнчүлүгүн толук кандуу пайдаланып калуубуз керек. Кытай макалында айтылгандай “Асмандын жарымы аялзатынын ийнинде турат”. Чындыгында жеке үй-бүлөдө гана эмес, коомдо дагы аялзатынын ролу зор. 

Аида Касымалиева, вице-спикер ЖК КР: “Аялдарды экономикалык, IT технология ж.б. тармактардан күчтөндүрүп, окутуп, маалымат берүүбүз заман талабы” 

-Бүгүнкү болуп жаткан Аялдар форуму ШКУга мүчө мамлекеттердин алдыңкы, күчтүү, демилгелүү айымдарын бир арага чогулткан эң мыкты аянтча. Биз ушул жерде аймактык кызматташуу боюнча сөз кылып жатабыз. Ар бир өлкөнүн өзүнүн жетишкендиги, өзгөчөлүгү бар. Мисалы, Казакстан менен Өзбекстанда ишкер айымдар абдан күчтүү. Бизде болсо, журналистика, жарандык коом жакшы өнүккөн. 

Форумдун эң башкы мааниси, биз жөн гана сүйлөп калбастан, өз ара алакабызды куруп, көзгө көрүнүктүү иштерди аткарууга өбөлгө болуп бермекчи. Чындыгында, аялдарды экономикалык, IT технология ж.б. тармактардан күчтөндүрүп, окутуп, маалымат берүүбүз заман талабы. Алыскы аймактарда жашаган айымдарыбызга дагы колдоо көрсөтүп, чакан болсо да жеке ишин ачууга көмөкчү болуубуз керек. 

Бул аянтча Кыргызстан айымдары үчүн дагы абдан маанилүү. Бул жактан өзүңүздөр көрүп жаткандай, ар түрдүү тармактын күчтүү өкүлдөрү келип катышып жатышат. Бир-бири менен баарлашып, тажрыйба алмашуу жаатында болобу, кызматташуу жаатында болобу өз ара алакаларды курууга эң мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. Мисалы, мага ошол эле Кытайдын ишкер айымдары кандай иш жүргүзүп, кайсы багытта иштешет абдан кызык. Казакстандыкын, Өзбекстандыкын да жакындан таанып, ишмердүүлүгүн үйрөнгүм келет. Ошондуктан, конкреттүү иштерди аткаруубуз абзел. 

Атайын меморандумдарды түзүп, макулдашууларды кабыл алуубуз керек. Форумдун аягында атайын резолюция кабыл алынмакчы. Бул дагы да болсо, келечектеги ийгиликтүү кызматташууга ташталган алгачкы кадам болуп саналат. 

Замира Акбагышева, Кыргызстан Аялдар Конгрессинин президенти: “Форум ШКУга мүчө мамлекеттердин ынтымагын бекемдеп, кызматташтык алакасын чыңдоого зор салымын кошмокчу” 

-Кыргызстан Аялдар конгресси былтыр ШКУнун алкагында Пекин шаарында болуп өткөн Биринчи Аялдар форумуна катышып келген. Ошол жактан бизге эстафета тапшырылган. Мына, бүгүн форумга өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар. Учурдан пайдаланып, КРдин Президенти Сооронбай Жээнбековдун, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин көрсөткөн колдоосуна терең ыраазычылык билдирмекчимин. Бул жер баарлашуу гана эмес, тажрыйба алмашуу жаатында дагы жакшы аянчта болуп жатат десем жаңылышпайм. 

Көптөгөн мамлекеттерден өкүлдөр келип катышып жатышат. Ар бири өз жетишкендиктери, жаңылыктары менен бөлүшүүдө. Бул дагы да болсо, ШКУга мүчө мамлекеттердин ынтымагын бекемдеп, кызматташтык алакасын чыңдоого зор салымын кошмокчу. 

Иш-чаранын жүрүшүндө талкууланып жаткан маселелер негизинен социалдык-экномикалык, билим алуу, саламаттыкты сактоо тармактарын ичине камтууда. Анан эң негизгиси, санариптештирүү жаатында дагы көйгөйлөр талкууланууда. Бул маселе, чындыгында күнүбүздөгү актуалдуу көйгөйлөрдөн. Бүгүнкү күнү мырзаларга салыштырмалуу айымдарыбыздын аз гана пайызы интернетке чыгып, аны колдонууга мүмкүнчүлүктөрү бар. 

Жалпысынан айтканда, иш-чара жакшы деңгээлде өтүүдө. Форумдун ишмердүүлүгүн өнүктүрүү үчүн ар тараптуу сунуштар айтылууда. Чындыгында абдан жакшы идеяларды уктук. Алдыда, дагы ушул багытты өнүктүрүп, айтылган ойлорду жүзөгө ашыруунун үстүнөн иштемекчибиз. 

Махмедова Тарана, Азебайжан ишкер айым: “Форумдун ишине ийгилик каалайм, Кыргыз жеринде ар дайым тынчтык болсун!” 

-Мен алгач, бүгүнкү иш-чараны уюштуруп, мыкты деңгээлде өткөрүп жаткан Кыргызстан тарапка абдан чоң ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Чындыгында, бул форумдун мааниси абдан зор. Анткени, ушул иш-чара, жаңы таанышуулар, жаңы маалыматтар аркылуу алдыда жакшы бир ийгиликтерди жаратат деп ишенем. 

Кыргызстанга алгачкы жолу келдим, мага абдан жакты. Кыргызстан эли абдан меймандос, билимдүү экендигине күбө болдум. Ишкердик жаатын айта турган болсом, ШКУга мүчө мамлекеттердин дээрлик бардыгында күчтүү, өз ишин мыкты билген ишкер айымдар бар экен. Ошондуктан, бул багытта жакшы кызматташуу алакалары түзүлөт деп ишенем. Гендердик теңдик маселеси дагы форумдун күндеминде талкууланууда. Бул учурдун актуалдуу маселелеринен. Кандай болгон күндө да алгачкы кадамдар башталды. Аны өнүктүрүп кетүү өзүбүздүн колубузда. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)