WeChat      Избранное

Россияда көк бөрү болот. Айтматовдун кубогу үчүн өлкө атынан бир команда барат

04/06/2019  Источник:Sputnik   шрифта:

Россияда көк бөрү болот. Айтматовдун кубогу үчүн өлкө атынан бир команда барат

Sputnik / Табылды Кадырбеков

Турнирдин максаты - кыргыз-орус мамилелерин чыңдоо, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана көчмөн элдин оюну болгон көк бөрүнү жайылтуу.

12-июнда Россиянын Сергиев Посад шаарында Чыңгыз Айтматовдун кубогу үчүн көк бөрү боюнча эл аралык мелдеш өтөт. Ага Кыргызстандын атынан бир команда барат. Бул туурасында Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнир 2020-жылы жарыялана турчу Кыргызстан менен Россиянын кызматташтык жылына даярдык катары өткөрүлмөкчү. Ошондой эле мелдеш Евразия жана Россиянын "Русский мир" аталышындагы III дене тарбия этнофестивалынын алкагында болмокчу.

Турнирдин максаты - кыргыз-орус мамилелерин чыңдоо, улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовду эскерүү жана көчмөн элдин оюну болгон көк бөрүнү жайылтуу экендиги белгиленген.

Спорт агенттигинин маалымат катчысы Нурдин Султамбаевдин айтымында, аталган мелдеште өлкө намысын орус улутунан куралган "Атуул" командасы коргомокчу.

Бул туурасында команда дагы Instagram баракчасына видео жүктөгөн. 

(Автор:Аноним / Редактор:GL)