WeChat      Избранное

Сүйүү улутка карабайт

18/04/2019  Источник:оригинал   шрифта:

 

Сүйүү улутка карабайт

Сүрөттөр маек ээсине таандык

Кыргызстан эгемендик алгандан кийин, эл аралык карым-катнаштарга кеңири жол ачылып, биздин жарандар чет өлкөлөргө окууга, ишке кете баштаган. Ошондой эле, коңшу өлкөбуз Кытай Эл Републикасы менен да соода –сатык, илим-билим, дипломатиялык мамилелер эң жогорку деңгээлде өнүгүп келе жатканы баарыбызга маалым. Эки өлкөнүн жарандары окуп жана иштеп жүрүшүп, бири бирилерин жактырышып үй-бүлө кургандар да жок эмес. Андан бери бир топ кызыктуу окуяларга, кызыктуу үй-бүлөлөргө күбө болуп келе жатабыз. Бүгүнкү каарманыбыз Гүлжамал айым, өз убагында чет мамлекетте билим алып, иштеп, тагдырына жазылган жан шериги,  жолдошу кытай улутундагы мырза менен турмуш куруп, бакубат жашоо кечирип келе жатат.  

- Алгач өзүнуз тууралуу айтып берсеңиз?

- Бишкек шаарында төрөлүп өскөм. Шаардагы мектептердин биринен билим алып, Жогорку окуу жайын да борбор калаабыздан окудум. Андан кийин чет мамлекетте Францияда окудум. Ата энем кызматчылар. Бардар үй-бүлөдө чоңойдум десем да болот. Албетте, ар бир ата-эне балдарынын окуусуна, келечегине кам көргөндөй эле менин  ата –энем да биздин билим алышыбызга  өтө чоң салымдарын кошушту. Англис тилинде эркин сүйлөйм. Мындан тышкары француз, фарс, түрк тилдеринде да эркин сүйлөйм. Бирок кытай тилин дагы деле үйрөнө элекмин. Эми баштайм го деп турам.

- Жолдошуңуз кытай улутунан экен, кантип таанышып баш кошуп калдыңыздар?

- Франциядан Кыргызстанга жаңы эле келип, жумушка орноштум эле. Бул эл аралык уюм болчу. Жолдошум да Швейцариядан Кыргызстанга жаңы эле келген экен. Ал көбүнчө бизнес тармагында иш алып барган үчүн, Бишкектеги жоро-жолдошторунун чакыруусу менен биздин өлкөгө баш багыптыр. Биз ошентип, заманбап тил менен айтканда “фуршетте” таанышып калдык. Мен кытайча билбегендиктен ,англис тилин жакшы билген үчүн биз англисче баарлаштык. Убакыт өтүп , жакшы таанышкандан кийин мени менен бизнес кылууга сунуш киргизди. Мен бизнести окуп үйрөнүп чыгып дароо эле макул дедим. Анын үстүнө мага да жакты. Андан бери 6 жыл өтүптүр. Медиа, туризм тармагында  чогуу эки жылдай иш алып барып, иштешип  жүрүп бири-бирибизди жактырып калдык окшойт. Баш кошуу сунушун киргизип, үй-бүлө курууну туура көрдүк. Азыр баары жакшы, ортобузда 3 жарым жаштагы уулубуз бар. 

-Тоюңар кайсы салтта өттү?

- Биздин тоюбуз чакан, эң жакын адамдарыбыздын курчоосунда өттү. Жолдошум Пекин шаарынан болот. Пекинге да барып чакан той өткөрдүк. Мен ошондо Кытайга алгачкы жолу бардым эле. Кытайда мага жакпаган нерсе болгон жок.

- Ата-энелериңиз кандай кабыл алды?

- Ата -энелерибиз каршы болгон жок. Эки тарап тең бизди жактырышып ак баталарын беришкен. 

- Балаңыз менен кайсы тилде сүйлөшөсуз ?

- Балам менен англис тилинде сүйлөшөбуз. Бирок , азыр орусча, кыргызча да түшүнүп калды. Кийинчереек  4 тилде эркин сүйлөйт деп ишенем. 

- Эки улут демекчи, эки башка үрп-адат, салт эмеспи. Үй-бүлөдө маселелер жаралабы?

- Албетте жалпы маданият, үрп-адат, салт-санаа  бул нерселер адам баласы менен кошо төрөлүп, чоңойуп биз менен кошо жүрөт жана алмаштырганга мүмкүн эмес деп эсептейм. Мен бир топ өлкөлөргө барып, окуп, башка элдердин деле салттарын баамдап жүрдүм. Мисалы, бүт эле жерде ата-энени сыйлоо жана башка, жашоонун кээ бир жоопкерчиликтери баарыбызда окшош эле экен. Эми, менин үй-бүлөмдө жолдошум экөөбүз тең көп окуп, көп көргөнүбүз үчүн майда барат үчүн бири-бирибизди жемелеп, убакыт коротпойбуз деле. Сааты келип турса, ошол жагдайга тиешелүү салтты колдонуу керек болуп турса биз колдонобуз. 

Сүйүү улутка карабайт

- Азыр интернет тармактарында кыргыз кыздарынын башка улутка турмушка чыкканы ар кандай талаш-тартыш, ой-пикирлерге байма-бай болуп, толуп турган кези. Сиздин оюңуз кандай ?

- Менин оюмча  ой-пикир, талаш-тартыштар ар дайым эле болуп келсе керек. Ким кай жерде окуйт, же кимге үйлөнөт, кимге турмушка чыгат булар ар кимдин жеке жашоосу жана жеке чечими. Бул деген тагдыр. Ар ар адамзаты бешенеге жазганын көрөт. Жеке, мага бирөө келип “сен башка улутка турмушка чыгыпсың” деп айта элек, антип айта да албайт, дегенге акысы да жок”. Интернет тармактары да эч кимге тыюу салбайт. Интернет тармагы –жеке мен үчүн бул виртуалдык жашоо. Чын жашоодо эч ким өзүн интернет тармактарында алып жүргөндөй өзүн алып жүрбөйт. Ар ким катталууга жана колдонууга акысы бар. Мен көңүл деле бурбайм. Себеби, сүйүү улутка карабайт.

- Азыр эмне иш менен алексиңиз?

- Азыр бала багуу менен алекмин. Хоббим да бала багуу болуп калды. Кытайда дагы жашайбыз. Бул жерде да жашайбыз. Өзүм дагы билим жагына көп көңул бургандыктан, “KG International education”  деген окутуу борбору менен алекмин. Окутуу борбордо кытай, англис, немец тилдерин окутуу менен бирге, Кытайга да окууга жөнөтөбүз. Биздин топто 10 кишидей иштеп жатабыз. 

- Сөз соңунда айымдарга каалооңуз?

- Ар бир аялзатына чоң бакыт каалайм. Сүйүктүү жар болушсун, эне болушсун. Жаман улут жок, бирок жаман адамдар бар. Ошол жаман адамдарга кезикпейли.

(Автор:Жыпара Кенешова / Редактор:GL)