WeChat      Избранное

Кыргызстанда саламаттыкты сактоо жумалыгы болуп өттү

18/04/2019  Источник:оригинал   шрифта:

 Кыргызстанда саламаттыкты сактоо жумалыгы болуп өттү

Сүрөттөр редакцияга таандык

9-апрель күнү Бишкек шаарында “Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы” көргөзмөсүнүн салтанаттуу ачылышы болуп өттү.  Бул эл аралык көргөзмө-конгресс форуму быйыл 14-жолу өткөрүлүп, 16 мамлекеттин медицина тармагындагы алдыңкы өкүлдөрүн бир арага чогултту. Ага Белорусия, Улуу Британия, Грузия, Италия, Индия, Индонезия, Кытай Эл Республикасы, Корея, Казакстан, Кыргызстан, Литва, Польша, Россия, Турция. Өзбекстан ж.б. өлкөлөрдөн 80ден ашуун компания катышты.  

Иш-чара BiExpo көргөзмө компаниясы тарабынан уюштурулду. Көргөзмөдө кыргызстандыктар медицина тармагындагы акыркы жаңылыктар, жетишкендиктер, заманбап техникалык жабдыктар менен жакындан таанышууга мыкты мүмкүнчүлүк алышты. Ден соолук үчүн керектүү продукциялардын бардык түрү эл алдына тартууланды. 

“Кыргыз Республикасындагы саламаттыкты сактоо жумалыгы” бул-медицина тармагындагы бардык багыттарды ичине камтыган, бирден-бир адистештирилген аянтча болуп саналат. Бул жер кызматташуу алакаларын курууга, кандайдыр бир деңгээлде тажрыйба алмашууга, саламаттыкты сактоо кызматкерлери, дарылоо мекемелери, окумуштуулар, өндүрүш ишканалары жана дилерлер ортосундагы байланышты чыңдоого көмөкчү болуп бере алат.

Көргөзмөдө медицина тармагынын жетишкендиктерин көрүүгө болот. Иш-чара 3 бөлүмдөн турду. Биринчиси, медицина болсо, экинчиси фармацевтика. Ал эми үчүнчү бөлүм болсо, чың ден соолук жашоо образына арналды.

Көргөзмөнүн ар бир күнү атайын программалар менен коштолуп, катышуучулар жана көрүүчүлөр үчүн кызыктуу жана керектүү иш-чаралар өткөрүлүп турду. Атайын илимий конференциялар да уюштурулуп, белгилүү илим адамдары лекцияларды өткөрүштү. Муну менен катар эле, ар бир медицина тармагынын багытына арналган программалар дагы болду. 

Форумдун ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каратаев Мадамин Мусаевич, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык техника менен камсыздоо департаментинин директору Шакирова Гульмира Абидиновна, КРдин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин Инвестициондук потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Исанов Алмаз Насирдиновч ж.б. катышты. 

Иш-чаранын ачылыш салтанаты КРдин гимни менен башталып, кыргыз бийи менен коштолду. Андан соң, келген меймандарга сөз берилди. Катышуучулар өз сөзүндө, ар бир адам ден соолукка кам көрүүсү керектигин айтып, бул жаатта, өтүп жаткан Медэкспонун мааниси дагы абдан зор экендигине токтолушту.  

Форумга алгачкы жолу Москванын алдыңкы экспорттук борборунан жамааттык экспозициялар катышышты. Тактап айтканда, Москва шаарынын медициналык жана фармацевтикалык 11 ири экспорттук компаниялары өз продукциялары менен келишти. Муну менен катар эле, Казакстандын Нур-Султан (Астана) шаарында жайгашкан медициналык мекемелеринин дагы жамааттык экспозициялары менен жакындан таанышууга мыкты шарт түзүлдү. 

Кыргызстанда саламаттыкты сактоо жумалыгы болуп өттү

Кыргызстанда жылдан-жылга кытай медицинасынын кадыр-баркы өсүүдө 

Көргөзмөгө Кытай Эл Республикасынын дагы белгилүү фармацевтикалык компаниялары катышып, дары-дармектери тууралуу кенен маалымат беришти. Алардын арасында Кыргызстанда көп жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген “Юй Жэнь” фармацевтикалык компаниясы болду. 

Бул компания дары-дармектерди жана медициналык техникалык жабдыктарды реализациялоо үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензиясын алган эң биринчи кытай ишканасы катары белгилүү.  Ал 2008-жылы “Бишкек шаарынын мыкты ишканасы” наамына дагы татыктуу болгон. “Юй Жэнь” ЖЧКсы эл аралык сапатка жооп берген Кытай Эл Республикасынын алдыңкы өндүрүш ишканаларынын расмий дистрибьютору болуп саналат. Бул фармацевтикалык компания Кыргызстандын алдыңкы ооруканалары менен дагы тыгыз байланышта болуп, эки мамлекеттин саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташтык алакасына да өз салымын кошуп келүүдө. 

“Юй Жэнь” компаниясынын өкүлүнүн айтуусу боюнча, Кыргызстанда жылдан-жылга салттуу кытай медицинасынын кадыр-баркы күчөп, жергиликтүү калк арасында кардарлар көбөйүүдө. Муну менен катар, заманбап медицина менен да айкалыштырып иштөө ыкмасы өнүгүүдө. Негизинен кытай медикаменттери химикатсыз, чөп дарылардын негизинде даярдалат. Ошондуктан, алардын ден соолукка тийгизген пайдасы дагы чоң. “Спорт менен машыгуу, туура тамактануу, күнүмдүк рационго жашылча, жер-жемиштерди кошуп, витеминдерге бай азыктарды колдонуу дагы ден соолукка абдан пайдалуу”-, деген ою менен да бөлүштү.

Көргөзмө 11-апрелге чейин созулуп, жогорку деңгээлде болуп өттү. BiExpo көргөзмө компаниясынын директору Виктор Линовицкийдин айтуусу боюнча, технология доорунда бардык тармактар заман менен бирге кадам таштап, өнүгүп-өсүүдө. 

“Саламаттыкты сактоо тармагы дагы алардын катарында. Бул көргөзмөнүн башкы максаты дагы, дал ушундай акыркы технологияларды, медицина тармагындагы акыркы жаңылыктарды бир жерге чогултуп, эл аралык алаканы дагы чыңдоо болуп саналат. Иш-чаранын алкагында, катышуучулар бирге иш алып баруу үчүн өнөктөш табууга, байланыштарын чындоого дагы ыңгайлуу шарттар түзүлгөн”-деп, билдирди.

Виктор Линовицкий мындай көргөзмө көп жылдан бери уюштурулуп келгендигин, анын жыйынтыктары жыл сайын жакшырып жаткандыгын да кошумчалады.      

Каратаев Мадамин Мусаевич, Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин орун басары: 

“Көргөзмө саламаттыкты сактоо тармагындагы эл аралык байланыштарды бекемдөөгө зор салым кошмокчу”  

- Бүгүнкү болуп жаткан көргөзмөнүн мааниси абдан чоң. Көргөзмө медицина тармагындагы болуп жаткан акыркы жаңылыктарга, өзгөчөлүктөргө, техникалык жетишкендиктерге арналып, 16 мамлекеттин катышуусунун алдында өтүүдө. Эл аралык деңгээлдеги бул иш-чара быйыл 14-жолу өткөрүлүп жатат. Мен министрликтин жана жеке өзүмдүн атымдан медицина жана ден соолук көргөзмөсүнүн уюштуруучуларына, катышуучуларына ыраазычылыгымды билдирмекчимин. Жыл сайын бул иш-чарага катышууну каалаган мамлекеттердин санынын көбөйүүсү, бул дагы анын баркы жогорулап, эл аралык мыкты көргөзмөлөрдүн катарын толуктап жаткандыгын тастыктайт. 

Чындыгында, биздин дарылоо мекемелеринде материалдык-техникалык  базабыз учурдун талабына жооп бербейт. Заманбап, жаңы технологияларга муктажбыз. Мисалы, кээ бир райондордо, облусттук ооруканаларда керектүү техникалык жабдыктар жок. Илим дүйнөсү болсо күн сайын өнүгүп, өөрчүүдө. Дартты эртерээк аныктап, өз мезгилинде оорулууну дарылоого мүмкүндүк берген технологиялар дагы көбөйдү. Бизде болсо, андай техникалык жабдыктар менен дарылоо мекемелерин толук камсыздоого шарт жок болууда. 

Ал эми, бүгүнкү болуп жаткан көргөзмө мына ушундай акыркы технологиялар менен жакындан тааанышууга да мүмкүнчүлүк берүүдө. Фармацевтика жаатында болуп жаткан ачылыштардан, дары-дармектердин жаңы түрлөрүн көрүүгө болот. Көргөзмөгө Кыргызстандын да медицина тармагындагы жаңы технологиялары коюлду.  

Бул жерде жеке гана көргөзмө уюштурулбастан, саламаттыкты сактоо тармагындагы эл аралык байланыштарды бекемдөөгө, жаңы кызматташуу алакаларын курууга дагы мыкты мүмкүнчүлүктөр түзүлүүдө. 

Анара Курманбекова, пенсионер: 

“Дарыгерлер өз кеңештерин берип, ден соолугума кам көрүү жолдорун дагы айтып беришти” 

- Мен бул ден соолук көргөзмөсүнө алгачкы жолу келип отурам. Медицина тармагындагы абдан кызыктуу жана пайдалуу жаңылыктарды уктум, акыркы технологиялар менен тааныштым. Кыргызстанда азырынча жок технологияларга дагы түшүп, ден соолугумду караттым. Мисалы, кытай дарыгерлеринин медициналык аппараты аркылуу канымдын айлануусу абдан жай экенин көрдүм. Ал жактан, дарыгерлер өз кеңештерин берип, ден соолугума кам көрүү жолдорун айтып беришти. 

Мына, ушул сыяктуу аппараттар абдан көп экен. Мындан тышкары, дарылар тууралуу дагы көп маалыматтарды алдым. Негизинен менин жүрөгүм ооруйт. Ошондуктан, жүрөгүмдү дагы текшертип, кеңеш алсамбы деп турам. Чындыгында, мага бул иш-чара абдан жакты. Бардыгыбыз үчүн абдан маанилүү жана пайдалуу көргөзмө болду деп ойлойм. Ушундай иш-чаралар дагы да көп уюштурулуп турса жакшы болот эле. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)