WeChat      Избранное

Таалайбек Темиров: “Эки өлкөнүн ортосундагы медиа тармагындагы кызматташуу бардыгыбызга пайдалуу, керектүү”

20/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Таалайбек Темиров: “Эки өлкөнүн ортосундагы медиа тармагындагы кызматташуу бардыгыбызга пайдалуу, керектүү”

“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити Кыргызстандын маалымат айдыңында үч жылдан бери өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Ушул жылдар аралыгы эл арасынан өз окурмандарын таап, муну менен катар Кыргызстандын алдыңкы ЖМКлары менен дагы кызматташып келет. 

Алардын бири бул-“Эркин-Тоо” гезити. Бүгүн бизге “Эркин-Тоо” гезитинин башкы редакторунун орун басары Темиров Таалайбек Кайыпбекович эки элдин медиа тармагындагы кызматташтык алакасы тууралуу кызыктуу маек куруп, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити жөнүндө дагы өз оюн билдирип өттү. 

-Таалайбек агай, кыргыз-кытай медиа тармактарынын кызматташтык карым-катнашына бир аз да болсо токтолуп, сереп салып берсеңиз?

-Эми Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы медиа жаатындагы байланыштар жылдан-жылга өөрчүп бара жатат. Буга мисал катары, биздин гезитти деле алсак болот. Биздин кызматкерлердин көпчүлүгү Кытай жергесинде болуп келишкен. Үстүбүздөгү жылдын июнь айында Кытай Эл Республикасынын борбору Пекин шаарында Пекин радиосу аркылуу Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында “Пекин менин көзүм менен” аттуу долбоору ишке киргизилип, ушул долбоордун негизинде “Эркин-Тоо” гезитинин Саясат жана экономика бөлүмүнүн башчысы Бегим Турдалиева да коңшу мамлекетке бир жумага барып келди. 

Ал жакта Пекиндин жетишкендиктери, тарыхый-маданий эстеликтери, ажайып жайлары менен жакындан таанышып, ШКУнун саммитинин алкагында уюштурулган биринчи медиа-саммитке дагы катышты. Бул иш-чара Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн бир арага чогултуп, башын коштурган биринчи чоң бир иш-чара болуп калды. Иш-чаранын башкы максаты дагы журналисттердин ортосундагы карым-катнашты түзүүгө, чыңдоого өбөлгө болуу менен катар, медиа тармак аркылуу дагы эл аралык байланыштарды бекемдөөгө арналды десек болот. Ошондуктан, бул медиа-саммиттин келечеги кең, аны токтотпостон, дагы тереңдетип улантса бардык тараптарга керектүү жана пайдалуу болоору шексиз. 

Анткени, башка өлкөнүн журналисттери Кытайдагы жетишкендиктер, ийгиликтер менен жакындан таанышып, өз жерлерине келгенде алар тууралуу айтып берет, ошол эле учурда өз мамлекеттеринин ийгиликтери менен бөлүшүп, кеңири маалымат берүүгө мүмкүнчүлүк алышат. 

Муну менен бирге эле, Бегим Турдалиева Циндао шаарында болуп өткөн ШКУнун кезектеги саммитине да аралашып, катышып, ал жактан дагы материалдарды даярдап келди. 

Мындан сырткары, биздин дагы бир кызматкерибиз Самара Капарова Кытайда үч ай бою жүрүп келди. Көптөгөн жерлерин кыдырды, эл-жери менен таанышты. Ушул коңшу мамлекетке болгон үч айлык сапары боюнча гезитке чакан-чакан материалдарды даярдап берип турду. Ошондой эле, Сымбат Максутова, Абдыгүл Кулатаева, Асел Барктабасова жана мен дагы өз убагында Кытайга бир-эки жумадан барып келдик. Ал жакка барганда Кытайдагы өзгөрүүлөрдү, өнүгүүлөрдү өз көзүбүз менен көрүп, таң калып, ошондой ийгиликтер биздин өлкөдө да жаралса деген каалоо-тилектер менен кайтып келдик десем болот. 

Чындыгында, акыркы жылдары коңшу мамлекетте зор өзгөрүүлөр болууда. Анын бардыгын Кытай тарап башка мамлекеттерге көрсөтүп, жайылтып туура кылууда. Бул дагы да болсо, өлкөлөрдүн, жарандардын ортосундагы байланыштарды дагы бекемдөөгө, чыңдоого чоң бир жардам болуп жатат. Бул багыттагы иштер дагы да уланат деп ойлойм. Мына, ушундай жолдор аркылуу журналисттердин тажрыйба алмашуу жаатындагы алакабызды да өнүктүрүп келе жатабыз 

Биздин редакция дагы Кыргызстандагы Кытай элчилиги менен тыгыз кызматташып иштешип келе жатат. Алар дагы бизге өздөрүндө болуп жаткан жаңылыктар тууралуу материалдарды берип турушат. Эки өлкөнүн ортосундагы медиа тармагындагы кызматташуу бардыгыбызга пайдалуу, керектүү. Биз дагы Кытайда болуп жаткан өзгөрүүлөр жетишкендиктер тууралуу окурмандарыбызга жеткирип турууга кызыкдарбыз. Мисалы, биздин журналисттер Кытайга кандайдыр бир иш-чарага барганда, ал жакка жөн гана катышпастан, ошол жакта көргөндөрүн кенен, кызыктуу баяндама кылып даярдап беришет. Анын бардыгын окурмандарыбыз окуп жатат, бизде деле ошондой өнүгүү, жетишкендик болсо деген каалоо-тилектер пайда болот экен. Андан соң, аракеттер башталат. Жалпысынан айтканда, бул материалдар окурмандарды жакшы бир нукка буруп, өнүгүп-өсүүгө аракеттерди кылууга үндөй алат десек жаңылышпайбыз. Муну менен катар, инвесторлордун дагы биздин жергеде иш жүргүзүүсүнө өзүнүн жардамын берип, ишкерлер ортосундагы байланыштарды түзүүгө да, кээде өбөлгө болуп бере алат. 

-Сиздер “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити менен дагы кызматташып келесиздер, ушул багытта айтып берсеңиз, кызматташтык кандай өнүгүүдө?

-“Эркин-Тоо” гезити менен “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин кызматташып, биргеликте иш жүргүзүп келе жаткандыгына жарым жылдын жүзү болуп калды. Тактап айтканда, эки гезит ортосундагы байланыш ушул жылдын июнь айында башталган. Ошол мезгилден бери тыгыз кызматташып келе жатабыз. Эки тараптуу кабыл алынган макулдашуунун негизинде, биз “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити даярдап берген материалдарды айына эки жолудан, гезиттин эки бетине такай берүүдөбүз. Бир да жолу, материалдар берилбей калып, иш үзгүлтүккө учураган учурлар болгон жок. Ошондуктан, гезиттин жетекчилигине терең ыраазычылыгыбызды билдирмекчибиз. Алар айтканын айткандай, өз иштерин так аткарып келе жатышат. 

Бизге берилген материалдарда көптөгөн кызыктуу маалыматтар ичине камтылат. Мисалы үчүн, ал жактан биз Кыргызстанда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткан кытай ишкерлери, инвесторлору тууралуу маалыматтарды ала алабыз. Кытайдын өзүндө болуп жаткан кызыктуу окуялар, эл кызыккан тарыхый маданий жайлар, жерлер жөнүндө дагы сүрөттөрү менен түстүү бетке берилип, окурмандардын кызыгуусун арттырып жатат. Бул боюнча дагы бизге окурмандар тарабынан “ушундай материалдарды үзбөй берип турсаңыздар, кызыктуу, бизге дагы пайдалуу экен, коңшу мамлекетте болуп жаткан жаңылыктарды ушул гезит аркылуу жакшылап билип турабыз” деген сыяктуу жакшы каттар, кабарлар келип турат. Ошондуктан, бул байланышты мындан дагы тереңдетип, уланта берсек эки гезитке дагы, окурмандарга дагы пайдалуу болгудай. 

-Сиздин оюңуз боюнча, “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин Кыргызстандын медиа айдыңында ээлеген орду кандай?

-“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин Кыргызстанда ачылып иштеп жаткандыгында, мына быйыл 3 жыл толуп отурат. Ушул 3 жылдын аралыгында ал Кыргызстандын медиа айдыңында өзүнүн ордун тапты деп эсептесек болот. Учурда, өзүнүн окурмандары, өзүнүн тарай турган чөлкөмү бар. Гезит кыргыз, орус жана кытай тилдеринде чыккандыгы үчүн дагы анын окурмандарынын аудиториясы кең деп айтсак болот. 

Гезиттин кытай тилинде чыккан вариантынын дагы пайдасы чоң. Анткени, учурда Кыргызстанда кытай тилин үйрөнүүнү каалаган жаштардын саны абдан көп. Көптөгөн жаштар, студенттер бул тилди уйрөнүп, коңшу мамлекеттен дагы билимин уланткан студенттерибиз көп. Гезит кытай тилин үйрөнүп жаткан жаштарыбызга дагы тилди тереңдеп өздөштүрүү үчүн өз жардамын берет деп ишенем. Ал жактан кабарларды окуу менен катар эле, өздөрүнө керектүү маалыматтарды ала алышат. 

Ошондой эле, бул гезит Кыргызстанда иштеп жаткан кытай ишкерлерине дагы пайдалуу. Бул жактан алар Кытайда жана Кыргызстанда болуп жаткан жаңылыктар менен кенен таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Биздин кыргызстандыктар дагы ушул гезит аркылуу Кытайдан келген ишканалар, иштеп жаткан ишкерлер, коңшу элдин жаңылыктары, маданияты, өзгөчөлүктөрү, жетишкендиктери тууралуу толук кандуу кабар алып турушат. Ошондуктан, бул гезиттин Кыргызстандын медиа айдыңында ээлеген орду өзүнчө, башкача десек болот. “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити эки тарапка тең пайдалуу, керектүү гезит. Ошондуктан, бул гезиттин чыгып тургандыгын колдообуз керек. 

-“Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитин дагы өнүктүрүп, ишмердүүлүгүн жогорулатуу жаатында кандай ой-пикир, сунушуңуз бар, интернет тармагына басым жасап, ушул багытты өнүктүрүү керекпи?

-Учурда, гезиттин сайтын, интернет баракчаларын, гезит менен бирге эриш-аркак алып кетүү керек деп эсептейм. “Интернет заманы” деген менен, кагаз гезитин дагы көңүлдөн чыгарып салууга болбойт. Анткени, кагаз гезити ар дайым көз алдыда болот, сакталып турат дегендей. Каалаган учурда, алып таанышууга болот. Чындыгында, бул маалымат булактары бир-бирин толуктап турат. Ар биринин өзүнүн колдонуучулары, окурмандары бар. Элдин бардыгы эле интернетти колдоно бербейт. Айрыкча, Кыргызстандын алыскы аймактарында интернет анчалык деңгээлде өнүккөн эмес. Ошондуктан, кагаз гезитине дагы муктаждык бар. Бул басма сөз булагы элге жеткиликтүү десек болот. 

Эми, сунуш катары айта турган болсом, гезит бетине бизге тартылып жаткан инвестициялар тууралуу, алар аркылуу Кыргызстанда кандай ишканалар ачылды, канча адам жумуш менен камсыз болду, алардын бизге кандай пайдасы тийип жатат, ушул багытта даярдалган материалдар көбүрөөк чыкса. Кыргыз-кытай биргелешкен ишканалары, уюмдарынын ишмердүүлүгү менен дагы жакындан тааныштырып турсаңар, дагы жакшы болмок. Бул дагы окурмандарга жакшы таасир калтырмак. 

Кытайдын өнүгүүсү, маданияты, салт-санаасы жөнүндөгү макалалар дагы көбүрөөк чагылдырылса окурмандар тарабынан жакшы кабыл алынмак деп ойлойм. Коңшу элдин улуу инсандары, алардын басып өткөн жолу, үлгү ала турган ишмердүүлүктөрү ж.б.у.с. материлдар эл арасында кызыгуу жаратып, көп окулмак деп эсептейм. 

Эң негизгиси, эки элдин маданиятын, тарыхын, салт-санаасын бир-бирине жакындан таанытып, достук байланышын бекемдеп, ар тармактардагы кызматташтык алакаларын чагылдырып жүрө бериңиздер. Ишиңиздер ийгиликтүү болсун! 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)