WeChat      Избранное

КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун бийликтеги бир жылы

12/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун бийликтеги бир жылы

2018-жылдын 24-ноябрь күнү КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун өз кызматын аркалап келе жаткандыгына толук бир жыл болду. Мына, ушул мөөнөт аралыгында Президентибиздин аткарган кызматы, иштери тууралуу коомчулуктун оюн билүү максатында, саясат менен аралашып, бул тармакты жакшы билген саясий серепчилерибизге суроо узаттык. 

Аликбек Жекшенкулов, дипломат, саясат таануу илимдеринин доктору: 

“КР Президенти Сооронбай Жээнбеков ар кандай саясий күчтөр, коомчулук катмары, жаштар, аксакалдар менен диалог куруп, өзүнүн толеранттуулугун көрсөттү” 

КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун бийликтеги бир жылы-Мына, 24-ноябрь күнү КРдин Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековдун кызмат милдетин аткарып жаткандыгына бир жыл толду. Менин жеке пикиримде, бул жыл ийгиликтүү жылдардын бири болду. Президентибиз мандатына, милдеттерине, КРдин Констутициясына, мыйзамдарына жараша бардык ишин так жана мыйзам чегинде аткарды. 

Бул бир жыл аралыгындагы эң негизги маселелерге токтоло турган болсок, мамлекетте стабилдүүлүк болду, туруктуулук өкүм сүрдү. Өлкө башчысы ар кандай саясий күчтөр, коомчулук катмарлары, жаштар, аксакалдар менен диалог куруп, өзүнүн толеранттуулугун көрсөттү. Демократия коомун куруунун негиздерин белгилеп, эл арасында жакшы маанай түзгөнгө аракет кылды. 

Ошол эле, февралда сүйлөгөн Коопсуздук кеңешиндеги сөзүн укук чегинде системага келтирип, коррупция менен күрөшүү маселелерин кабыргасынан коюп, бул багытта көп иштерди аткарып келе жатат. Укук коргоо тармагын адилеттүүлүк, мыйзамдуулукка багыттап, сот реформасын баштап, аягына чейин чыгарам деген кадамы менен карапайым калк арасында илгери үмүт жаратты. Менин оюм боюнча, жалпысынан айтканда, Президент өз кызматынын биринчи жылы коомго “адилеттүү, акыйкат коом курулат” деген ишеним, үмүт бере алды. 

Ал эми, Кыргызстандын учурдагы тышкы саясаты тууралуу айта турган болсок, бул жаатта дагы көптөгөн ийгиликтер болду. Мурунку бийлик убагында, элибиз ушул, эл аралык мамилелерден аксап, кемчиликтер болгон. Президент, ушул жыл аралыгында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Кытай Эл Республикасына, Тажикстан Европанын бир катар мамлекеттеринде болуп, Кыргызстандын тышкы саясатын бир топ оңдоду. 

БУУга (Бириккен улуттар уюму) чейин барып, сөз сүйлөп келди. Көп тараптуу дипломатияны көрсөтүп, Кыргызстандын кадыр-баркын эл аралык аренада көтөрүүгө ниеттенип, тышкы саясатын ондоодо алгылыктуу иштерди аткарды десем жаңылышпайм. Чындыгында, дипломатия бир жылда жыйынтык бербейт, бул көп жылдык эмгекти, атайын бир калыпка салынган системаны курууну талап кылат. Ошондуктан, менин жеке пикиримде Президент Сооронбай Шарипович Жээнбеков ушул жаатта туура багыт алып, алгачкы кадамдарды ийгиликтүү таштады. 

Президент жаңы тышкы саясатты баштап, кыргыз элинин каада-салты, толеранттуулугуна жараша бардык мамлекеттер менен жакшы маанайда алака түзүп, мыкты аракеттерди жасай баштады. Жергебиздин инвестициондук климатын дагы оңдоо үчүн жигердүү аракет жасоодо. Коңшу мамлекеттер менен мамилени түздөп, мындан ары дагы көп, эки тараптуу мамилелерди чыңдап, бардык тармактарды өнүктүрүүнүн үстүнөн иш алып барууда. 

Ошондуктан, менин оюмча тышкы саясат абдан ийгиликтүү болду. Анткени, ушул бир жылдын ичинде дүйнө жүзүнө биздин тышкы саясат туруктуу кадамдарды таштап, систематикалык өзгөрүүлөргө багыт алып, Кыргызстан эл аралык аренада өзүн жакшы бир туруктуу мамлекет катары сунуштай алды. 

Бардык мамлекеттер менен өзгөчө коңшулар, анын ичинен Кытай Эл Республикасы менен эки тараптуу мамилени мындан ары дагы чыңдап, өнүктүрүүгө дагы жол ачты. 

Зайнидин Курманов, тарых илимдеринин доктору, профессор: 

“Кыргызстандын абалын оңдоо жеке гана Президенттин милдети эмес, жалпы жарандык коомдун, бизнестин жана бардык демократиялык жана патриоттук күчтөрдүн милдети, иши” 

КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун бийликтеги бир жылы

-Мен мурунку бийликтин “ишмердүүлүгүнүн” натыйжасында мамлекет кандай оор кырдаалга калгандыгын эске алуу менен, бүгүнкү башкаруу бийлигинин аткарып жаткан кызматына канааттандырарлык деген бааны берет элем. Бардыгыбыз билгендей, ошол кезде тышкы саясат жаатында кошуналар жана өнөктөштөр менен мамиле бузулуп, Кыргызстан эл аралык саясатта изоляцияга дуушар болгон.

Муну менен катар, мамлекеттик бийлик бутактарынын арасындагы, мамлекет, коом жана жеке адамдын ортосундагы байланыштардын тең салмактуулугу бузулган. Мындай системалар өлкөнүн келечеги үчүн коркунуч жараткан, саясий туруксуздукту алып келген, кооптуу кырдаал болуп эсептелет. Өлкөнүн экономикасы карызга белчесинен батып, мамлекеттүүлүккө дагы коркунуч келтирген абалга түшкөн. Паракорчулук коомдун бардык катмарларын каптап, Кыргызстан туңгуюкта калган. 

Мына, ушундай абалда калган мамлекетти өз калыбына келтирип, өнүктүрүү милдети Президент Сооронбай Жээнбековго жүктөлдү. Бул өтө татаал иш. Ошондуктан, бул оор максатты жүзөгө ашыруу жалгыз гана жаңы Президенттин милдети эмес, жалпы жарандык коомдун, бизнестин жана бардык демократиялык жана патриоттук күчтөрдүн алдындагы башкы милдет, иш.

Табылды Акеров, саясат таануучу, тарых илимдеринин доктору: 

“Президент Сооронбай Жээнбеков бир жыл ичинде Кыргызстандын тышкы саясатын өз жолуна коюп, аны өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө жетишти” 

КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун бийликтеги бир жылы

-Бардыгыбыз билгендей, Орусия менен Кытай Эл Республикасы Кыргызстан үчүн дайыма стратегиялык өнөктөш катары таанылып, белгилүү болуп келген. Ошондуктан, Президент Сооронбай Жээнбеков өз милдетин аркалай баштаары менен, алгачкы иш сапарларын ушул мамлекеттерден баштады. 

Албетте, Сооронбай Жээнбековдун Кытай жергесине болгон сапары өзгөчө мааниге ээ болду. Бул мамлекеттик сапардын жүрүшүндө, өлкө башчылары ар тараптуу экономикалык, өндүрүштүк, социалдык-маданий жактан кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү. Кытай тарап, ар качан бул маселелерге чоң маани берип, Кыргызстанга жеңилдетилген кредит жана гранттарды эле бербестен, техникалык жабдыктар менен да камсыздандыруу багытында көмөк көрсөтүп келе жаткандыгы белгилүү. 

Бирок, бул жылы кыргыз лидеринин алдында өтө чоң маселе турду. Ал мурунку бийликтин тышкы саясатта кетирген каталарын жоюу жана аны жаңы бир деңгээлге көтөрүүгө тийиш болду. Бардыгыбыз билгендей, акыркы жылдары Кыргызстандын тышкы саясаты бир топ эле солгундап, Туркия, Казакстан мамлекеттери менен алака өтө начар абалда болгондуктан, эки өлкө аралык мамилелер дагы бир топ кейиштүү кырдаалга туш келип калган. Кыргызстандын, мындай тышкы саясаты Орсияны дагы тынчсыздандырган. 

Ошондуктан, Президент Сооронбай Жээнбековдун, кызматынын биринчи жылы эл аралык мамилелерди жөнгө салууга арналды. Кыргызстандын эң жакын “тууган жана дос” деп таанылган өлкөлөр ортосундагы мамилелерди кайрадан жандандырып, өз ара ишенимди калыпка салууга, достук абалга келтирүүгө жумшалды. 

Сооронбай Жээнбеков Көчмөндөр оюндарын дүйнөлүк оюн катары таанытуу үчүн мамлекеттер аралык мамилелерди чыңдоодо, анын ээлеген орду абдан маанилүү экендигин эске алды. Ошондуктан, бул оюндарга кызыккан ар бир өлкө, аны өз жергесинде өткөрө ала тургандыгын белгилеп, туура чечим кабыл алды. Кыргыз лидери тышкы саясатты жакшыртуу максатында Түркияга, Казакстанга сапар тартып, жыйынтыгында эки өлкө аралык позициялар такталды. Президенттин чакыруусу менен Р.Т. Эрдоган жана Н. Назарбаев Кыргызстанга келип, Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатынын кадырлуу меймандары болуп кетишти. Көчмөндөр оюндары болуп жаткан күндөрү Бишкекте Түрк мамлекеттеринин Саммиттинде Туркия Президенти Р.Т. Эрдогандын суранычы канааттандырылып, 4-Көчмөндөр оюндары Түрк жергесинде өтмөй болду. 

Мындан сырткары, Президент Сооронбай Жээнбеков ОДКБ өлкөлөрүнүн Астанада болуп өткөн саммитине катышты. Ал жерде, ал Кыргызстан бардык мүмкүнчүлүгүн жана күчүн ОДКБнын мындан ары өнүгүүсүнө жана мамлекеттер аралык тыгыз байланыштардын чыңдалышына жумшаарын белгилеген. Саммиттин аягында 2018-2019 жж.аралыгында ОДКБ уюумуна төрагалык кылуу Кыргызстанга өттү. 

Тактап айтканда, КР Президенти Сооронбай Жээнбеков бир жыл ичинде Кыргызстандын тышкы саясатын өз жолуна коюп, өнөктөш өлкөлөр менен бекем ишенимдин жана достуктун негизинде тыгыз мамилелерди өнүктүрүү үчүн тийиштүү шарттарды түзүүгө жетишти десем болот.

Эдил Байсалов, коомдук ишмер, саясатчы:

 “Кыргыз элинин бир дагы сырткы душманы жок, бардыгы менен ынтымак, достук алакалар бекемделип, кызматташуулар уланууда” 

КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун бийликтеги бир жылы

-Бүгүнкү күндөгү эң биринчи жетишкендигибиз, бул-демоктратия. Демократияны биз кандай деп түшүнөбүз? Бул эл бийлиги, эл шайлаган адамдын бийликке ээ болуусу жана кезек-кезек менен анын алмашып туруусу. Мына, ушул кадамды биз алгачкы жетишкендигибиз десек болот. Бул жалпы кыргыз элинин ийгилиги. Ушул жетишкендик үчүн күрөшүп келгенбиз, анын жыйынтыгында жогоруда айтылган иштер аткарылып жатат. Ошондуктан, Сооронбай Жээнбековдун келип, элдин кызматында болгону, кандайдыр бир көшөгөнүн артындагы кээ бир күчтөрдүн таасиринен баш тартып, карапайым калкка кызмат кыла тургандыгы менен, эски жыл эсте калат деген ойдомун. 

Муну менен катар, учурда Кыргызстандын сырткы саясаты калыбына келтирилип, өз нугу менен туура жолдо өнүгүүдө. Кыргыз элинин бир дагы сырткы душманы жок, бардыгы менен ынтымак, достук алакалар бекемделип, кызматташуулар уланууда. Мына, КР Президенти Сооронбай Жээнбековдун шайланганына бир жыл болду. Эл колдоп, шайлап берди. Чындыгында, бардыгыңыздар билгендей мен Сооронбай Жээнбековго добуш берген эмесмин. Менде, элдин үмүтү акталбай калат деген коркунуч бар болчу. Бирок, кудайга шүгүр, Президент өз алдынча иштеп жатат. 

Президенттин негизги жетишкендиги катары мен, Сооронбай Жээнбековдун бей өкмөт уюмдарынын, журналисттердин, активисттердин башын бириктирип, ойлорун билип, сөзүн укканга аракет кылгандыгын дагы айтаар элем. Мисалы, мурунку премьер министр, спикер чакырылбай калган элдин аксакалдарын өзү чакырып, алардын сөзүнө кулак салып укту. Жалпы ушундай, ар түрдүү жыйындарга дагы өзү барып катышып, жер-жерлерди кыдырганда дагы өзү баш болуп жүрүп, жергиликтүү адамдар менен сүйлөштү. 

Менин оюмча Президенттин негизги милдети, өз элине жакын болуп, элдин башын бириктирүү, биримдигин, ынтымагын бекемдөө, жакшы сөз сүйлөп, тарбия иштерине дагы катышуу. Мына ушундай иштер бүгүнкү күнү аткарылып жатат. 

Президент Сооронбай Жээнбековдун бир жылдык ишинин жыйынтыктары. Тышкы саясат 

“Президент Сооронбай Жээнбеков кызматка киришкенден тартып Борбордук Азия өлкөлөрү, Россия, Кытай, Түркия, Европа союзу, ошондой эле эл аралык жана регионалдык уюмдардын, биринчи кезекте БУУ, ЕАЭБ, ЖККУ, ШКУ жана КМШ алкагында өз ара кызматташуусунун жогорку динамикасы байкалат”, — деп баса белгиледи Президенттин Аппаратынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Данияр Сыдыков. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Ушул мезгилдин аралыгында Мамлекет башчысынын катышуусу менен 30 визит жасалды, эки тараптуу 77 жана көп тараптуу 414 эл аралык документтерге кол коюлду. Ошондой эле чет өлкөлөр менен өкмөттөр аралык комиссиялардын 7 жыйыны өткөрүлдү. Чет элдик 4 мамлекет менен дипломатиялык мамиле түзүлдү.

Президент Сооронбай Жээнбеков бир жылдын аралыгында мамлекеттик жана расмий сапарлар менен Борбор Азия аймагынын бардык өлкөлөрүнө — Өзбекстанга (2017-ж.13-14 декабры), Казакстанга (2017-ж.25-26декабры), Тажикстанга (2018-ж.1-2 февралы), Түркмөнстанга (2018-ж. 23-августу) барды. Бул иш сапарлардын жүрүшүндө эки тараптуу мамилелердин абалы жана келечеги жана регионалдык кызматташууну, анын ичинде соода-экономикалык жана инвестиция тармагында кызматташууну ар тараптуу өнүктүрүү маселелери терең талкууланды.

Мамлекет башчысынын 2018-жылдын 15-мартында Астанада өткөн Борбор Азия өлкөлөрүнүн мамлекет башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусуна катышуусу, ошондой эле 2018-жылдын 24-августунда Түркмөнстандын Түркмөнбашы шаарында өткөн Аралды сактоо Эл аралык Фондунун саммитине конок катары катышуусу маанилүү окуялардан болуп калды.

“Президент Сооронбай Жээнбеков биринчи чет өлкөлүк визит менен Россияга барды. Бул Россия Федерациясы менен союздук мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө карай тышкы саясаттын багыты өзгөрүлбөстүгүн дагы бир жолу баса көрсөтөт”,—деп белгиледи Данияр Сыдыков.

Россия менен эки тараптуу аракеттенишүү жалпы ЕАЭБ алкагында өз ара аракеттешүүнү жакшыртууга өбөлгө болууда.

“Президент Кытай Эл Республикасына алгачкы мамлекеттик сапар менен барды жана Циндао шаарында өткөн ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине катышты”, — деп белгилеп, Данияр Сыдыков Кытай биздин өлкө үчүн эң ири соода өнөктөштөрдүн жана инвесторлордун бири экенин баса белгиледи.

Кыргыз-кытай кызматташтыгын көп тараптуу жаңы стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыккандыгы олуттуу жыйынтыктардан болду. Бул жигердүү соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда эки тараптуу мамилелерди активдүү алдыга жылдырууга мүмкүнчүлүк берет. Ошондой эле кытай тарап илимий-инновациялык айыл чарба технологиялар паркын түзүү боюнча долбоорлорду ишке ашыруу, ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды жабдуу менен камсыз кылуу жана Бишкек шаарында жол тармактарын өнүктүрүү үчүн, ошондой эле Кыргызстандын алыскы аймактарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылууга көмөк көрсөтүү үчүн 600 млн. юань өлчөмүндөгү грант берүү чечимин кабыл алган. 

2018-жылдын 10-июнунда Циндао шаарында Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУга катышуучу-мамлекеттердин башчыларынын Саммитине катышты. Жогорку деңгээлдеги жолугушуунун жүрүшүндө Уюмду мындан ары өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги милдеттер каралып, ШКУ алкагында артыкчылыктуу багыттар боюнча бир катар маанилүү документтер кабыл алынды. “Циндаодо ШКУдагы төрагалык кыргыз тарапка өттү. Мындай жагдай Кыргызстанга келерки жылы эл аралык бул таасирдүү уюмдун алкагында мындан аркы өз ара аракеттенишүүнү өнүктүрүү боюнча зор жоопкерчилик жүктөйт”, -деп баса белгиледи Данияр Сыдыков.

Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын 9-11-апрелинде Түркияга жасаган расмий визити эки өлкөнүн тең эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуу ниеттери бар экендигин ырастады. Европа багытында Кыргызстан менен Европа Союзунун ортосундагы саясий диалогду жана ар тараптуу кызматташтыкты бекемдөө иши улантылууда. Президент Сооронбай Жээнбековдун 2018-жылдын апрель айында Европа Союзунун институттарына жасаган иш сапары маанилүү окуялардын бири болду.

Кыргызстандын Венгрия менен эки тараптуу өз ара аракеттенишүү деңгээли кеңейип жаткандыгы байкалат. “Кыргызстандын эгемендүүлүгү жылдарында Венгриянын Премьер-министри биринчи жолу Кыргызстанга расмий сапар менен келди. Анын, сентябрь айынын башында ТТМК кезектеги жыйынына жана III Дүйнүлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышуусу тарыхый окуяга айланып, эки элдин жакындашуусунун символу болуп калды. Расмий сапар кыргыз-венгер мамилелерин мындан ары активдештирүүгө өбөлгө болоору талашсыз”,— деп белгиледи бөлүм башчы.

Кыргызстан Европа багытында кандай кызматташса, Түштүк Чыгыш жана Түштүк Азия мамлекеттери менен дагы ырааттуу мамиле күтүп жатат. Кыргызстандын Япония, Корея Республикасы, Индия, Пакистан, Монголия, араб мамлекеттери жана Азиянын башка өлкөлөрү менен дагы мамилелеринин динамикасын белгилесек болот. 

Президент Сооронбай Жээнбековдун АКШга БУУнун Башкы Ассамблеясынын 73- сессиясынын жалпы дебаттарына катышуу үчүн барган иш сапары маанилүү окуялардын бири болду. ЕККУнун парламенттик Ассамблеясынын күзгү жыйыны Бишкекте өткөрүлүшү дагы Кыргызстандын ЕККУ менен кызматташуусундагы орчундуу окуялардын катарын толуктайт. 

2018-жылдын 3-сентябрында Кыргызстанда өткөрүлгөн Түрк кеңешинин мамлекет башчыларынын Саммити элдерибиздин көп кылымдардан берки достугунун тарыхындагы кезектеги бир баскычы болуп калды. Саммиттин жүрүшүндө ТТМК төрагалыгы Кыргызстанга өткөрүлүп берилди.

2018-жылдын 8-ноябрында Астанада өткөн ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясында бул уюмдагы төрагалык Кыргызстанга өткөрүлүп берилди. Ушуга байланыштуу келерки жылы ЖККУ Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын Бишкекте өткөрүү болжолдонууда.

(Автор:Чолпонай Турдакунова / Редактор:GL)