WeChat      Избранное

Алмаз Мамбетов: “Инвесторлорду Балыкчыда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө чакырам, биз аларды колдоого дайым даярбыз”

15/11/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Алмаз Мамбетов: “Инвесторлорду Балыкчыда өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө чакырам, биз аларды колдоого дайым даярбыз”

Сүрөт интернеттен алынды

Бардыгыбызга белгилүү болгондой, 2018-жыл Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланган. Мына, ушул жарлыктын негизинде, “аймактарда кандай иштер аткарылып жатат, кандай өнүгүүлөр бар?”-деген суроонун тегерегинде биздин гезит КРдин шаар мэрлери менен маек куруп, сандан-санга жарыялап келет. 

Ушул салтты улай, бүгүн Балыкчы шаарынын мэри Мамбетов Алмаз Ишенбекович менен маектештик. 

-2018-жыл КРдин Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланган. Ушул багытта Балыкчы шаарында кандай иштер аткарылып жатат?

-Бул демилгени бардыгыбыз, жалпы эле жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жакшы үмүт менен кабыл алдык, андыктан сөзсүз түрдө колдоп, учурдун эң маанилүү демилгеси деп таанып-билип келебиз. 

Бул кадам, биринчи кезекте жергиликтүү бийликтин потенциалын ачууга чоң таасирин тийгизип, анын өнүгүүсү үчүн мыкты мүмкүнчүлүктү түзүп берүүдө. Ошондуктан, демилгенин биздин гана шаар үчүн эмес, жалпы эле Кыргызстандын шаарларына, айыл өкмөттөрүнө тийгизе турган таасири зор деп айтсам жаңылышпайм. 

Аймактарды өнүктүрүү жылына карата аткарылган иш-чаралардын алкагында, жергиликтүү бийлик үчүн көйгөй болуп келген үч чоң маселени чечүүгө жол түзүлдү.

Биринчиси, республикалык бюджеттин жана жергиликтүү бюджеттин ортосундагы мамилелер. Республикабыздын шаарларынын демилгеси боюнча, жергиликтүү бюджеттердин булактарын көбөйтүү максатында, салыктарды республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин ортосунда бөлүштүрүү маселеси КР Өкмөтүнүн алдына коюлду. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү максатында, кирешеден болгон салыктын 70-80% жергиликтүү бюджетке калтыруу сунушталды. Азыркы учурда, бул сунуш колдоо таап 2019-жылдан тарта, аталган салык боюнча 70%ы жергиликтүү бюджеттин эсебине түшмөй болду. 

Бул биздин шаардын казынасына бир топ эле кошумча киреше болот. Азыркы мыйзамдар боюнча киреше салыгынан 50 пайызы гана жергиликтүү казынага түшөт. Ал эми, 2019-жылдан баштап жергиликтүү бюджетке акча-каражаты кошумча түшүп турмакчы.

Экинчи болсо, бул акыркы 3-4 жылдан бери мэрия тарабынан көтөрүлүп келе жаткан мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарууда каржылоо булагын республикалык бюджет тарабынан бөлүп берүү маселеси десек болот.

Кыргыз Республикасынын Конституциясы жана бюджеттик мыйзамдар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун мамлекеттик органдарынын иш-милдеттерин жана ыйгарым укуктарын ажыратууну талап кылат, ага жараша каржылоо боюнча милдеттенмелер дагы бөлүштүрүлөт. Саламаттыкты сактоо, билим берүү, коопсуздук, салык саясаты жана башкалар мамлекеттик органдардын жоопкерчилик чөйрөсү болуп саналат. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары биринчи кезекте экономиканы өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү, шаарды көрктөндүрүү (таштандыларды тазалоо, шаардын санитардык тазалыгы, суу жабдуу, канализация), маданиятты, спортту өнүктүрүү маселелери жана башкалар үчүн жооп берет.

Бирок, Балыкчы шаары жергиликтүү бюджетке тиешеси жок чыгашаларды да өзү көтөрүп келет, бул чыгашалар социалдык кызмат көрсөтүү, маданият, аскердик учет ж.б. Аталган мамлекеттик укуктарды каржылоого шаардык казынадан 30 млн. сомдук акча коротулат (билим берүү, соц. коргоо, спорт, маданият ж.б.). 

Бул маселе боюнча Өкмөткө кайрылуу жазылып, чечүү иштери учурда жүргүзүлүп жатат. Чыгашаларды кыскартуу максатында тиешелүү министрликтерге мэрия тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарды жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарууда каржылоо булагын республикалык бюджеттен каржылоосу боюнча бир нече жолу кайрылуулар болгон. Ушундай иш алып баруунун натыйжасында, Балыкчы шаары пилоттук долбоорго кирип, биринчи этабы 2018-жылдын 1-октябрынан тартып социалдык коргоо боюнча айрым маселелер республикалык бюджеттен каржылана баштамакчы, ошондо жергиликтүү бюджеттин 3 млн. сомго чыгашасы кыскарат. Бул иш мындан ары дагы улантыла бермекчи.

Үчүнчү маселе бул, министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин жана административдик ведомстволордун аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине карата тиешелүү кадрдык ыйгарым укуктарды жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчыларына берүү. Аймактарды башкарууда жергиликтүү бийлик органдарынын ролун жана жоопкерчилигин күчөтүү дагы өтө маанилүү. Бул боюнча тиешелүү чечимдер кабыл алынат деген ишеничтебиз.

Ал эми, Балыкчы шаарына гана тиешелүү болгон иш-чараларга токтолсок. 2018-жылдын март айында Балыкчы шаарынын регионду өнүктүрүү жылын өткөрүү боюнча иш-чаралар планы түзүлгөн. Бул план шаардын ар кандай тармактарын ичине камтыйт. 

Балыкчы шаарынын, Ж.Аманбаев көчөсүн реконструкциялоо иштери жүрүп жатат. 2018-жылдан баштап стратегиялык маанидеги ири Ж.Аманбаев көчөсүн толугу менен оңдоп-түздөө иштери башталган. Ремонт иштери республикалык бюджеттен каржыланып жатат. Долбоор боюнча жол нугу 6 метрге чейин кеңейтилип, төрт катардан турат. Андан тышкары тротуар, арыктарды куруу жана жарык берүү жумуштары да каралган. Аталган көчө заманбап көчөлөрдүн катарын толуктап калмакчы.

К.Тыныстанов (Олимпийский) көчөсүн республикалык бюджеттин эсебинен башынан аягына чейин (3,5 км.) капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча иш-аракеттери болуп жатат. Аны капиталдык ремонттон өткөрүү боюнча КРдин Транспорт жана жол министрлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, титулдук баракчага каржылоо маселеси киргизилген. Акча-каражаты республикалык бюджеттен чечилген. Азыркы убакта К.Тыныстанов көчөсүнүн топографиялык сүрөттөмөсү толугу менен аткарылып, Балыкчы шаарынын Архитектура башкармалыгы тарабынан тиешелүү иш кагаздары даярдалып, долбоордук планы жасалууда.

Авариялык абалдагы К.Абдылдаев атындагы №3 жалпы орто билим берүү мектебинин ордуна жаңы мектеп куруу маселеси чечилди. Учурда, Балыкчы шаарында 500 орундуу Абдылдаев атындагы мектептин жаңы имараты курула баштады.

Балыкчы шаарынын Алиев менен Ключевая көчөлөрүнүн кесилишине 100 орундуу бала-бакча курулуп жатат.

-Балыкчы шаарынын инвестициялык климаты тууралуу маалымат бере кетсеңиз?

-Балыкчы шаары эң ыңгайлуу жерде жайгашкан. Тогуз жолдун тоомунда демекчи, биздин шаар республикабыздын үч ири облустарынын биригишинде турат. Биздин шаарда унаа байланыштардын бардык түрлөрү кездешет, автоунаа жана темир жолдон тышкары, суу траспорту дагы бар. Балыкчыдан 40 км. аралыкта жайгашкан “Тамчы” аэропортун эске алуу менен аба жол каттамы дагы бар деп айтсак болот. Ушундай ыңгайлуу логистикалык түйүмдүн бир жерде жайгашууcу бизнес иштерин жүргүзүү үчүн эң маанилүү жана керектүү фактор болуп эсептелет. 

Мындан тышкары, борбор шаарыбыздан 170 км., ал эми Кытай чек арасынан 350 км. аралыкта жайгашканыбыз дагы ыңгайлуу шарттардын бири десек болот. Эң эле маанилүү жагдай бул-республикабыздын туристтик аймагы болгон Ысык-Көлгө кире бериштеги эң биринчи шаар болобуз. 

2020-жылы Түндүк-Түштүк (Балыкчы – Казарман - Жалал-Абад) альтернативдүү авто жолун курууну бүткөрүү менен Балыкчы республиканын түштүгү менен түндүгүнүн ортосундагы негизги ири ашыруу пункттарынын бири болуп калмакчы. Мына ушул факторлор инвесторлор үчүн өтө кызык болот деп ойлойм.

Биз шаарыбыздын артыкчылыктарынын негизинде атайын Балыкчы шаарынын инвестициялык картасын иштеп чыкканбыз.

Балыкчы шаарынын аймагында “Каракол Эркин экономикалык зонасы” жайгашкан. Бул аймакта инвесторлорго көптөгөн ыңгайлуу салык шарттары бар. Балыкчы пайдалуу геосаясий жана экономикалык-географиялык абалга ээ, анын мүмкүнчүлүктөрү толук кандуу пайдаланылбай келет. Биринчи кезекте жүктүн /жүргүнчүлөрдүн агымын бөлүштүрүүдө, таяныч борбор катары Балыкчынын потенциалы начар колдонулууда.

Балыкчыга келип, өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүгө бардык инвесторлорду чакырат элем. Мэрия тарабынан ар тараптуу колдоого жана жардамыбызды көрсөтүүгө дайым даярбыз. Жогоруда белгиленгендей, шаардын инвестициондук потенциалы жогору, ошондуктан бардык ишкерлерди иштешүүгө чакырабыз. 

-Мэрия тарабынан Балыкчы шаарына сырттан инвестицияларды тартуу иштери кандай жүрүп жатат, инвесторлор үчүн кандай жеңилдиктер каралган?

-Биз инвестиция тартуу маселесине акыркы 3 жыл өтө чоң маани берип келебиз.

Бүгүнкү күндө, Кыргызстанда эле эмес региондогу көпчүлүк өлкөлөрдө инвестиция, аны менен андагы социалдык-экономикалык абалды жакшыртып, жакшы өнүккөн инфратүзүмү,  региондордун жаратылыш ресурстарына бай ири мегаполистерине топтолгон тенденция сакталып келүүдө. Бирок, башка жагынан алганда дал ушул азыр, инвестициялык жагымдуулукту жогорулатуунун көйгөйлөрү менен жакында гана кам көрө баштаган жаңы муниципалдык түзүлүүлөрдүн өзү тууралуу билдирүүнүн жана угулуунун көптөгөн мүмкүнчүлүктөрү жаралууда. 

Бул контекстте Балыкчы шаарынын инвестициялык саясатынын негизги милдети шаардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу жана республикалык, ошондой эле чет өлкөлүк инвестицияларды тартуу боюнча активдүү жана “агрессивдүү” иштерди жүргүзүү болуп калууга тийиш.

Шаар экономикасынын атаандашууга жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун эң башкы багыты шаардын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатууга багытталган иш-чаралардын комплекси болуусу шарт.

Балыкчы шаарынын инвестициялык потенциалын жана анын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу үчүн, шаардык мэрия тарабынан төмөнкүдөй багыттар боюнча тийиштүү иштердин жүргүзүлүүсү зарыл: Балыкчы шаарынын аймагында ишке ашыруу үчүн артыкчылыктуу инвестициялык долбоорлорду аныктоо; жаңы ишканаларды жана уюмдарды жайгаштыруу үчүн аянтчаларды алдын-ала даярдоо; шаардын инвестициялык паспортун иштеп чыгуу; шаардын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүнө жана долбоорлоруна арналган шаардын Мэриясынын сайтына интерактивдүү порталды түзүү жана колдоо; эл аралык инвестициялык форумдарга жана көргөзмөлөргө үзгүлтүксүз катышуу аркылуу шаардын оң инвестициялык имиджин калыптандыруу, ошондой эле ата мекендик жана чет өлкөлүк уюмдарды тартуу менен шаардын аймагында инвестициялык иш-чараларды өткөрүү. Учурда, биз ушул аталган милдеттердин үстүндө кызуу иштеп жаткан кезибиз. 

Балыкчыда Бишкек шаарына салыштырмалуу жердин аренда төлөмү өтө арзан. Бул дагы ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарт болуп саналат десем жаңылышпайм. 

-Балыкчы шаары туризм тармагын өнүктүрүү боюнча кандай иштерди аткарып келет?

-Бүгүнкү күндө шаарда туризм чөйрөсү толук өнүккөн эмес, көбүнчө Ысык-Көлгө баруудагы транзиттик шаар катары калды. Бирок, шаардагы туризмди өнүктүрүүнүн багыттары дагы иштелип чыккан. Мисалы, транзиттик туристтердин токтоосун камсыздоо, шаарда “транзиттик туристтер” үчүн туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү жана товарларды топтоо, аларды тейлөөнүн туристтик инфратүзүмүн калыптандыруу; туристтик секторду камсыздоонун жана техникалык тейлөөнүн инфратүзүмүн түзүү ж.б. 

Бул иштерди аткаруу үчүн бир катар аракеттердин комплекси дагы даярдалган. Аларды атай кетсек: маркетингдик жана имидждик стратегияларды иштеп чыгуу жана туристтик агымдардын (Кыргызстандын шаарларынын,  Россия менен Казакстандын айрым шаарларынын) рынок-булактарында Балыкчыны “бир көчөдөн турган шаар” катары кабылдоо инерциясын жеңип чыгууну камсыз кылуучу PR-стратегияны ишке ашыруу жана белгилүү бир максаттуу топтор үчүн айрым туристтик кызмат көрсөтүүлөрдү так башкаруу; транзиттик туристтик агымдарды маалыматтык тейлөөнүн тутумун түзүү, туристтик маалыматтык борборду түзүү; туристтик мотелдердин шаарчасын жана кемпингдер үчүн аянтчаларды, ошондой эле туристтер үчүн ар кандай түрдөгү товарларды сатуу боюнча адистештирилген соода-оюн-зоок борборлорун, анын ичинде туристтик шаймандарды (автомобилди киреге берүү) ижаралоонун агенттиктерин кошо түзүү; жол жанындагы тейлөөлөрдүн сапатын жогорулатуу; туристтик инфратүзүмдү (отель, конгресс-борборлорду) өнүктүрүү үчүн инвестициялык аянтчаларга жер тилкелерин инженердик даярдоону камсыздоо; суу транспортун өнүктүрүү жана Балыкчынын потенциалын суу транспортунун түйүнү катары натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүү; сейилдөөнүн суу каттамынын долбоорун иштеп чыгуу жана ишке ашыруу. 

Муну менен катар, Ысык-Көлдүн туристтик секторунун өндүрүштүк-технологиялык чынжырчасына жергиликтүү фирмалардын кирип калуусун камсыздоочу туристтик секторду камсыздоо жана техникалык жактан тейлөө боюнча бизнести колдоонун чараларын иштеп чыгууну жана ишке ашыруу; дүң кампа терминалдарын жана туристтик сектор үчүн дүң рынокту куруу; туристтик шаймандарды жеткирип берүүчүлөрдүн дистрибуциялык борборлорун жана тейлөө-борборлорун ачуу; туристтик сектордун муктаждыктары үчүн адистешкен эмгек биржасын түзүү; туристтик сектор үчүн персоналдардын тренинг-борборун уюштуруу иштеринин үстүнөн дагы иштеп келүүдөбүз. 

Жалпылап айтканда, Балыкчы шаары транзиттик туристтерге багышталган саясат жүргүзүү менен бирге, туризм секторун тейлөөгө тиешелүү бардык ишмердүүлүктү алып барат.

-Балыкчы шаарынын Кытайдын шаарлары менен кызматташтык алакасы барбы? 

-Өзүм көп жыл Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлигинде иштегениме байланыштуу, инвестиция тартуу жаатында эл аралык мамилелерди күчөтүү керектигин ар-дайым айтып келем. Балыкчы шаарында дагы ушул багытта иш-чараларды жандандыруу максатында жигердүү иш алып бара баштадык. Негизи эле, эл аралык мамилелерди түзүүгө багытталган иш аракеттерге, акыркы жылдары бул жакта көңүл толук кандуу бурулбагандыгын байкадым.

Акыркы 2 жылда, эл аралык мамилерди өнүктүрүү максатында ТИМ менен тыгыз иш алып бара баштадык. Балыкчыны чет өлкөлөрдүн шаарлары менен боордош шаарлар кылуу боюнча иш жүрүп жатат. Алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдун шаарлары менен жакындан кызматташып, достук алака куруунун үстүнөн иштөө заман талабы. 

Ошондуктан, Балыкчы шаары дагы бул багытта иштерди жүргүзүп келет. Чет мамлекеттер менен кызматташуу шаарга дагы көптөгөн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачып бермек. Кытай Эл Республикасы менен дагы жакындан иштешүү биздин максаттарыбыздын бири. Ошондуктан, бул багытта бизге жардамчы болуп, колдоо көрсөтүп жаткан Үрүмчү жана Гуанджоу шаарларындагы Кыргызстандын Башкы консулдуктарына терең ыраазычылыгымды билдирмекчимин. 

Бүгүнкү күнү Кытай Эл Республикасынын Нанинг жана Хуйэджоу шаарлары менен достук, кызматташтык алакаларды түзүү келишимине кол коюу боюнча макулдашуулар жүргүзүлүп жатат. 

-Кытай рыногуна Балыкчы шаарынын кандайдыр бир продукциялары экспортко чыгабы, ушул багытта кандай иштер жүргүзүлүүдө?

-Азыркы учурда биздин продукция Кытайга экспортко чыкпайт. Бирок, ушул тапта биздин шаарда “Дордой Джун Я” компания тарабынан ири эт комбинаты курулуп жатат. Комбинаттын курулуш иштери 2018-жылдын июнь айында башталган. Буюрса, 2019-жылдын 1-кварталында куруу иштери аяктайт. 

Бул ишканада, Кытай ишкерлеринин инвестициалык салымы бар. Аталган эт комбинаты, план боюнча ишке берилгенден кийин Кытайга эт азыктарын экспорттомокчу. Бул комбинаттын кубаттуулугу суткасына 150 бодо мал жана 200 койду союп, даярдоого ылайыкталган. 

Мына, аста-астадан ушундай кадамдар аркылуу Кытай менен кызматташуубузду баштамакчыбыз. Чындыгында, кытай рыногу абдан чоң рынок. Ал жакка өзүбүздүн продукцияларыбызды киргизип алсак, эки тарапка тең пайдалуу болот деп ишенем. 

“ “Ысык-Көл кемечилиги” республикадагы жүктү суу транспорту менен ташууну ишке ашырган уникалдуу жана жалгыз ишкана болуп саналат” 

“Бир алкак-бир жол” долбоорунда Балыкчы шаарынын стратегиялык орду тууралуу...

Балыкчы шаары Улуу Жибек жолун бойлой, стратегиялык маанилүү “Бишкек – Нарын -Торугарт” авто жолунун дал борборунда жайгашкан. 

“Бишкек-Нарын-Торугарт” авто жолу Кыргыз Республикасынын башкы транспорттук артерияларынын бири жана “Европа – Чыгыш Азия” 1- ЦАРЭС транспорттук коридорунун участогу болуп саналат. Жол өлкөнүн үч облусун - Чүй, Нарын жана Ысык-Көлдү байланыштырып, түштүктөн “Торугарт” чек ара пунктунан – Кытайдан түндүк-түштүк багытында Кыргызстандын аймагы аркылуу, түндүктөн Казакстандагы “Кордай” калктуу пунктуна чейин транзиттик кыймылды камсыздайт. Жол Кыргызстанды Кытай менен байланыштырган негизги эки трассанын эң маанилүүсү болуп саналат, ал аркылуу Каракум жолуна, Пакистанга жана Инди океанынын, Россиянын жана Казакстандын портторуна чыгууга мүмкүнчүлүк берет.

“Бишкек-Нарын-Торугарт” авто жолун карап чыгып, ал “Ош-Сарыташ-Эркечтам” авто жолу менен катар эле жүктөрдү ташуу жана жүк ташуучу транзиттик транспорттун өтүүсү үчүн алынуучу бажы жыйымдары түрүндө бюджетке келип түшүүлөрдүн айрым көлөмү калыптана тургандыгын белгилеп кетүү керек.

Ошентип, Балыкчы өзүнүн географиялык жайгашкандыгынан улам региондун негизги борборлорун (Каракол, Нарын, Бишкек) өз ара, ошондой эле Кытай менен байланыштырып турган республиканын түндүгүндөгү эң маанилүү транспорттук түйүн болуп калат. Бул фактор уникалдуу транспорттук түйүн катары шаарды өнүктүрүүнүн перспективасын аныктайт. Жогоруда айткандай, шаарда транспорттук коммуникациялардын бардык түрү: республикалык маанидеги темир жана автомобиль жолдору, суу жолу өнүккөн.

Пайдалуу геосаясий абал менен байланыштуу жогоруда белгиленген факторлорго толуктоо катары ушул контекстте шаардын өнүккөн транспорттук инфратүзүмү катары мындай артыкчылыкты дагы белгилеп кетсе болот. 

Өзүнүн географиялык ыңгайлуу жайгашкандыгынан улам 20-кылымдын 50-жылдарынан баштап шаар Ысык-Көл облусунун ири транспорттук-өнөр жай түйүнү катары өнүгүп келген. Бүгүнкү күндө дагы Балыкчы негизинен тийиштүү инфратүзүмдөрү бар транспорттук каттамдардын – авто жол, темир жана суу жолдорунун бардык түрүн өзүнө айкалыштырган транспорттук тармактын бирдиктүү комплексин түзгөн республикадагы уникалдуу шаар болуп саналат. Шаардан 40 километр аралыкта жайгашкан “Тамчы” эл аралык аэропорттун бар экендигинен улам шаардын транспорттук комплексине ошондой эле аба каттамы да бар экендигин кошуп кетсе болот. 

Балыкчы Луговое - Бишкек-Балыкчы темир жолунун аяккы пункту болуп саналат, ал Балыкчыны КМШнын темир жол тармагы менен туташтырып турат. 

Шаарда бир катар ири авто транспорттук ишканалар иштейт, алардын күчү менен Ысык-Көл жана Нарын облустарынын жүктөрүнүн олуттуу бөлүгү ташылып турат.

“Ысык-Көл кемечилиги” республикадагы жүктү суу транспорту менен ташууну ишке ашырган уникалдуу жана жалгыз ишкана болуп саналат. Порттун механизациясы ири көлөмдүү жүктөр менен операцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Ошентип, Балыкчы бүгүнкү күндө республиканын түндүгүнүн транспорттук чечилишинин борбору катары кызмат кылууда. Мындан тышкары “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү авто жолун куруунун контекстинде транспорттук ташуулардын борбору катары Балыкчынын ролу күндөн-күнгө күч алууда. 

Колдо болгон транспорттук комплекс жана шаардын үч облусунун кошулган жеринде орун алышы, шаарда универсалдуу транспорттук-логистикалык борборлорду өнүктүрүү үчүн негиз жана өбөлгө болуп саналат. Ал логистикалык кызматтарды көрсөтүү (кампалар, дистрибуция, жөнөтүү ж.б.) көрсөтүү боюнча бизнестерди өнүктүрүүнүн перспективасына жол ачат.

Айтылган факторлор “Бир алкак-бир жол” концепциясынын духуна негизги маанисине туура келет деп ойлом. Мындан тышкары, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу Балыкчы шаары аркылуу өтсө, биздин шаар үчүн дагы көптөгөн пайдасы болмокчу. Мына, ушундай мыкты мүмкүнчүлүктөр “Бир алкак-бир жол” демилгесинин алкагында дагы өнүгүп, инвесторлор менен иштешүүгө жакшы шарттарды түзүп берүүдө. Биз дагы бул багытты изилдеп, ушул долбоордун алкагында эл аралык кызматташуу алакаларыбызды бекемдөөнүн үстүнөн иштеп жатабыз. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)