WeChat      Избранное

Биздин башкы максат кыргыз-кытай ортосундагы достук алаканы бекемдөө жана аны өнүктүрүүгө өбөлгө болуу

15/11/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Биздин башкы максат кыргыз-кытай ортосундагы достук алаканы бекемдөө жана аны өнүктүрүүгө өбөлгө болуу

11-ноябрь биздин редакция үчүн өзгөчө күн болуп эсептелет. Анткени, дал ушул күнү үч жыл мурун, 2015-жылы “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезитинин алгачкы саны кыргыз жергесинде жарык көргөн. Башкача айтканда, 11-ноябрь күнү сүйүктүү гезитибиздин “туулган күнү”. 

Мына, ошол мезгилден бери Кыргызстандын медиа айдыңында өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келүүдө. Ушул үч жыл аралыгы Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын колдоосунун алдында, эмгек жамааттын тынымсыз эмгегинин арты менен эл оозуна алынып, кыргыз-кытай маданиятын таанытууда окурмандардын көңүлүнөн түнөк тапканга жетишти.

Учурда гезиттин нускасы 20 миңге жетип, бүтүндөй Кыргызстанга таратылат. Анын ичинен 17 миңи орус жана кыргыз тилинде чыкса, 3 миңи кытайча жарык көрөт. “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити ар жума сайын жарык көрүп, кыргызча жана орусча варианты биригип 16 бетти түзсө, кытайча варианты 8 беттен турган маалыматтарды ичине камтыйт. 

Ар бир аймактагы почта пункттарынан биздин гезитти алып окуй аласыздар. Бишкек шаарында болсо гезит, Кытай элчилигинен баштап, шаарыбыздын белгилүү соода борборлоруна, мейманканаларына, жогорку окуу жайларына жана ресторандарына таркатылат. Бул гана эмес “Түштүк Кытай авиакаттамынын” бортторунан дагы убактыңызды, биздин гезиттен маалымат алуу менен өткөрүүгө толук шарт түзүлгөн.

Мындан сырткары, заман талабына ылайык жасалган интернет сайтыбыздан, фейсбук, инстаграмм жана вичат баракчаларынан кундөн-күнгө жаңыланып турган акыркы маалыматтар менен дагы тааныша аласыздар. 

Гезит “Бир алкак- бир жол” экономикалык аймагында жайгашкан мамлекеттер менен бирге Кыргызстан жана Кытай Эл Республикасынын социалдык-маданий алмашуу багытын жана мамлекеттер аралык кызматташуунун алкагын чагылдыруу максатын көздөйт. Ал гуманитардык өнөктөштүк, экономика, каржы, илим жана техника багытында маалыматтарды берүү менен бирге маданият, тарых, туризм, салт-санаа жана эки элдин улуттук баалуулуктарын дагы бир-бирине тааныштырып келет. 

Редакциянын башкы максаты, эки мамлекеттин ортосундагы кызматташтык алаканы бекемдөө жана аны өнүктүрүүгө жардам берүү болуп саналат.

Урматтуу окурмандар, сиздердин колдооңуздар менен биздин гезит дагы жакшырып, убакыттын өтүшү менен кыргыз-кытай кызматташуусун дагы тереңдетүүгө мыкты көмөкчү болот деп ишенебиз. “Жибек жолу. Маданий өнүгүү” гезити – эки элдин ортосундагы “бекем достуктун көпүрөсү” болуп эсептелет.

Ушундай биз үчүн абдан маанилүү болгон 11-ноябрь туулган күнүбүз менен сүйүктүү окурмандарыбыз дагы куттуктап, өз каалоолорун айтып беришти. 

Адилет Болотбек кызы, филолог: 

“Сиздердин гезитти окуганда, кадимкидей эс алабыз” 

-“Жибек жолу Маданий өнүгүү” гезитинин эки элдин алакасын бекемдөөдө кошкон салымы зор. Маданият, тарых, спорт, экономика ж.б. тармактардагы жаңылыктарды окурмандарына сунуштоо менен бирге, кыргыз-кытай элдеринин салт-санаасын, маданиятын бир-бирине жакындан тааныштырып келет. Сиздердин гезитти окуганда, кадимкидей эс алабыз. Ичиндеги материалдар бардыгы позитивдүү, керектүү. Кандайдыр бир деңгээлде мотивация берчү макалалар дагы абдан көп. 

Гезиттин Кыргызстандагы башка маалымат каражат булактарынан өзгөчөлүгү болуп анын көз карандысыздыгы, бардыгына тең, бирдей мамиле кылгандыгы жана дагы маданият, экономика, билим берүү, саламаттык сактоо ж.б. тармактардагы жаңылыктарды, кызматташтык алакаларды, эки мамлекеттин жетишкендиктерин жазуусу деп ойлойм. Анын эң башкы артыкчылыгы болуп, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы байланыш көпүрөсү болгондугу.

Ошондуктан, дагы да болсо кыргыз-кытай достук мамилесин жаңы бир деңгээлге көтөрүп, ийгиликтерди жарата бергиле демекчимин. Ойлогон ой-максаттарыңар ишке ашсын, калемиңер курчуп, эки элдин ынтымагы үчүн иштей берүүңүздөргө тилектешмин. Ишиңер илгери болсун.

Урмат Тураров, жеке ишкер: 

“КРде инвестиция кылып жаткан чет өлкөлүк ишкерлердин ичинен кытай жарандары биринчи орунда турат” 

-“Бир алкак-бир жол” программасынын негизин түзгөн экономикалык аймакта Кыргызстандын дагы жайгашып калышы, биз үчүн абдан чоң мүмкүнчүлүктү тартуулайт. Бул гезит биз үчүн абдан керектүү, себеби соода-сатык мамилеси болобу, экономикалык байланыш болобу кайсы жактан албайлы, кыргыз жергесинде инвестиция кылып жаткан чет өлкөлүк ишкерлердин ичинен кытай жарандары биринчи орунда турат. Ошондуктан, гезит дагы кыргыз-кытай тараптарын бир-бирин жакшы түшүнүүгө өбөлгө болуп, өз салымын кошуп келүүдө. 

Кыргыз жана орус тилдеринде үзгүлтүксүз чыгуу менен миңдеген окурмандарга “Жибек жолундагы Экономикалык алкак” демилгесинин артыкчылык жактары, анын ичинен Шанхай кызматташтык уюмунун курамына кирген мамлекеттердин ортосундагы экономикалык байланыштарынын пайдалуулугун ачып берүү жаатында дагы мыкты иштерди аткарып келесиздер. 

Азыркы мезгилде, туризмди өнүктүрүү заман талабы. Ал эми, бүтүндөй дүйнө жүзү кытай туристтерине кызыгып, өзүнө тартуу үчүн аракет жасап жаткан учур. Ошондуктан, ушул багытта гезитке көбүрөөк материалдар жазылып, Кыргызстандын туризм тармагы тууралуу маалыматтар кошуна мамлекетке кенен берилип турса, эки элдин туризм тармагындагы дагы алакасы мындан дагы чыңдалмак деп эсептейм. 

Гезит өзүнүн стили, материалдарды жазуудагы өз ыкмасы, элге сунуусу менен айырмаланат. Бул жактан ар башка муундун өкүлдөрүнүн, ар түрдүү кесиптин ээлеринин ийгилик сырларын, эмгек жолу тууралуу дагы маалымат алууга болот. 

Туулган күнүңүздөр күт болсун. 3 жыл медиа айдыңында аз гана мөөнөт. Ошентсе дагы, сиздер бул багытта тынымсыз эмгектенүүнүн арты менен окурмандардын санын жылдан-жылга көбөйтүп келе жатасыздар. Ушул калыптан жазбай, ийгиликтерди багынта бергиле демекчимин. 

Кулубай уулу Адилбек, социолог:

 “Убакыттын өтүшү менен, гезиттин эл арасында кадыр-баркы жогорулап жаткандыгы бизди дагы абдан кубандырат” 

-Ушул жыл аралыгында “Жибек жолу маданий өнүгүү” гезити кыргыз-кытай маданиятын, салт-санаасын, эки мамлекеттин кызматташтык алакасын окурмандарына жогорку деңгээлде тааныштырып, жеткирип келди деп айтууга татыктуу. Анткени, бул жылы мен сиздердин сайт аркылуу бардык эмгектериңиздер менен таанышып келдим. Ар дайым кызыктуу, маани-маңыздуу материалдарды жарыялайсыздар.

Мындан сырткары, кытай тилине, маданиятына кызыккан жаштар үчүн табылгыс казына деп айтаар элем. Кытай, орус жана кыргыз тилинде жарык көргөн материалдар аркылуу кытай эли, алардын жашоосу, ажайып жерлери тууралуу толук маалымат алууга болот.Эки мамлекеттин достугун бекемдеп, элдин карым-катнашын, маданиятын бир-бирине жакындан таанытып, алмаштырууда, сиздердин эмгек жамаат “алтын көпүрө” сыңар мыкты кызматын көрсөтүп келет. Убакыттын өтүшү менен, гезиттин эл арасында кадыр-баркы жогорулап жаткандыгы бизди дагы абдан кубандырат. 

Кыргыз-кытай ичинде болуп жаткан жаңылыктар, өнүгүүлөр, маданият тармагындагы өзгөчөлүктөр, ушундай багыттагы жаңылыктарды көп улуттуу кыргызстандык окурмандарга жеткирүүдө сиздердин салымыңыздар чоң. Гезиттин жайыты кенен болуп, күндөн-күнгө өнүгүп, окурмандарын кубантып, жакшы жаңылыктары менен бөлүшүп жүрө берсин. 

Үч жылдык майрамыңар кут болсун. Эки коңшу элдин ынтымагы үчүн эмгек кылып, кыргыз-кытай данакери болуп жүрө бериңиздер!

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)