WeChat      Избранное

Амангелдиев Данияр: “КЭРдин Хайдун шаары Токмокко “Бир шаар-бир жол” долбоорун сунуштады”

26/11/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Амангелдиев Данияр: “КЭРдин Хайдун шаары Токмокко “Бир шаар-бир жол” долбоорун сунуштады”

Бүгүнкү биздин “Маанилүү маек” рубрикабыздын сыйлуу мейманы Токмок шаарынын мэри Данияр Амангелдиев. Данияр мырза менен Токмок шаарындагы аткарылып жаткан иштер, шаардын Кытай Эл Республикасы менен болгон кызматташуу алакасы тууралуу кеңири маектештик. 

-Данияр Жолдошевич, 2018-жыл КРдин Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан “Аймактарды өнүктүрүү жылы” деп жарыяланган. Ушул багытта Токмок шаарында кандай иштер аткарылып жатат?

-Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгын жана 2018-2022-жылдар аралыгындагы Кыргыз Республикасынын региондук саясат Концепциясын ишке ашыруу боюнча, Токмок шаарында бир катар иш-чаралар бекилген. 

2018-жылдын сентябрь айынын жыйынтыгы менен төмөнкү иштер аткарылды. 

1.Токмок шаарынын Башкы планын иштеп чыгууда.

Учурдун актуалдуу маселелеринин бири Токмок шаарынын Башкы планын иштеп чыгуу. Азыркы мезгилде, Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгы жана Шаар курулушу жана архитектура боюнча мамлекеттик долбоорлоо институту менен биргелешип, Токмок шаарынын Башкы планынын сметасы иштелип чыкты. Ага республикалык бюджеттен 5,0 млн.сом каралып берилди. Ал эми, жергиликтүү бюджеттен кошумча 2,0 млн.сом каражат изделип жатат. Жакынкы арада, тендер жарыяланып, жыйынтыгында келишим түзүлүүсү күтүлүүдө.

2. Жаӊы ишканаларды куруу жана ишке киргизүү максатында. “Каз-Грейн” ЖЧКсы ири ишканалардын бири болуп саналат. Ошону менен бирге, өндүрүштү кеӊейтүү жана жаңы иш орундарын түзүү максатында ишкана “Макарон азыктарын өндүрүүчү комплексти” курууну аяктап жатышат. 

Бул ишкананы жаңы өсүп келе жаткан кадр, жаш жетекчилердин бири Имангазиев Султан Мелисович жетектейт. Ал тынымсыз эмгектенүүнүн арты менен, өнүгүүнүн заманбап жолдорун жана акча-каражатын таап, ишкананы ишке киргизүү алдында турат. Буга Орус-Кыргыз өнүгүү фондунун 5740,8 млн. АКШ доллары суммасындагы насыялык каражаты капиталдык салымдарга жумшалды (жаӊы өндүрүштүк “Китлап” жана “Жайма” линиялары ачылды). 

Кошумча маалымат катары айта кетсек: “Китлап” өндүрүү боюнча цех-өндүрүштүк линиянын кубаттуулугу айына 600 тонна китлап чыгарууга ылайыкталган. Линияда ошондой эле 600 тонна кукси чыгарылат. Өндүрүштө 20-30 адам (3 нөөмөттө) иштеп, айлык акылары 15,0 миңден 22,0 миң сомду түзөт.

“Жайма” лагман кесмесин өндүрүү боюнча цех-өндүрүштүк линиянын кубаттуулугу айына 600 тонна лагман кесмесин даярдайт. Өндүрүштө 16 адам иштеп, айлык акылары 15,0 миңден 22,0 миң сомду түзөт. Ачылыш аземи ноябрь айына пландаштырылган.

3. Өндүрүштү жаңылоо. Өндүрүмдүн ассортиментин кеңейтүү (айнек идиштери), өндүрүлүүчү продукциянын сапатын жогорулатуу максатында, 

“Элит-Гласс” ЖЧКсында жаӊы жабдуулар сатылып алынып, жаңы линия орнотулду. Ага жалпысынан 350,0 миӊ АКШ доллары сарпталды (KISB банкынан алынган каражаттын негизинде).

4. Токтоп турган ишканаларды иштетүү максатында “СССР АС” ЖЧКсы боюнча көп жылдан бери инвесторлор изделип жатат. Азыркы учурда, Индия өлкөсүнөн келген инвесторлор менен ишкананы ижарага берүү боюнча келишим түзүлгөн. Мындан тышкары бул жакка, Казакстан, Белоруссиянын инвесторлорунун дагы кызыгуулары бар. Бирок, инвесторлор табылып жатканы менен күрөө кармоочу “БанкЦентрКредит” ачык акционердик коому тарабынан маселе чечилбей жаткандыгы көйгөйлүү маселердин бири болууда.

Ошондой эле “Токмоктогу керамикалык дубал материалдар заводу” ААК (бышырылган кыш чыгара турган ишкана) боюнча дагы инвесторлорду издөө иштери улантылууда.

5. Жаӊы объекттерди жана жаӊы иш орундарын түзүү. 

2018-жылдын 9 айынын ичинде 15 жаңы чакан жана орто бизнес объектилери ишке киргизилип, аларда 55 жаңы иш орундары түзүлдү. (2 мед.борбор, 6 дүкөн, 2 кафе, 2 цех, 3 кызмат көрсөтүүчү объектилер).

6. Социалдык турак-жайларды куруу. Бюджеттик чөйрөдө иштеген кызматкерлерге курулуп жаткан “Социум” коттедждик шаарчасынын курулушу аяктоо алдында турат,  (жалпысынан 14 үй 56 батир) 5 үйдүн курулушу калды. 

Азыркы учурда 36 батирлүу 9 турак үй курулган. 2 үй тургузулуп жатат, ал эми 3 үйдүн каражат маселеси чечилди. Өз салымын кошууну  каалаган ишкерлер болсо, бул иштер 2018-жылдын аягына чейин курулуш иштери бүтөт.

“Газпром Кыргызстан”  ЖЧКсынын Чүйгаз филиалынын Токмоктогу газ кызматы аркылуу Токмок шаарынын турак-жай массивдериндеги газ бөлүштүрүүчү тармактардын курулушу толугу менен аякталды. Жалпысынан 150 түтүн үй жаратылыш газынан пайдалануу мүнкүнчүлүгүн алышты.

7. Коммуналдык чарбаны оӊдоо максатында “Токмок жылуулук” муниципалдык ишканасында буу казандарын реконструкциялоо аяктады.

Жыйынтыгында 2 жаӊы буу казан, сууну химиялык иштетүү боюнча агрегат, сууну деарациялоо жабдуусу, насостор жана авариялык отун үчүн 60 кубометрлик сыйымдуулук орнотулган. Андан тышкары Жеңиш көчөсүндөгү узундугу 1240 метрлик жылуулук трассасын алмаштыруу боюнча иштер жүрүп жатат.

8. Транспорт инфратүзүмүн өнүктүрүү. Шаардын көчөлөрүн капиталдык жана учурдагы оңдоо. Азыркы учурга жолдор боюнча ишке ашырылган долбоорлор: Ленин көчөсүнүн жөө адамдар басуучу жолу (тротуарлар) эки тарабы оңдолуп аяктодоо, жалпысынан 7623,0 миӊ сомго оңдоо иштери жүргүзүлөт. Жолдорду жамоо иштери шаардын ичинде Парковая, Гагарин, Слободка, Жеңиш кичи районунда Фрунзе, 22-Партсъезд, Орозбеков, Космонавттар проспекти, баардыгы 1,6 млн.сомго жасалды. 

№9 орто мектептеги жылытуу тармагын капиталдык ремонттоо уланууда. Муну менен катар №13 орто мектепте 2149,7 миӊ сомго капиталдык ремонтту айтып кетсек болот. Ошондой эле, Чүй облусунун өнүгүү фондунун кароосунда 3 долбоор: балдар аянтчаларын орнотуу, светофорлорду капиталдык ондоо жана кичи футбол аянтчасын куруу бар.

9. Токмок шаарындагы ичүүчү суу менен камсыздоо тармагын куруу жана калыбына келтирүү. Алгач, “Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана суу тутумдарын жакшыртуу долбоорун ишке ашыруу”. Бул багытта, Европа өнүктүрүү банкы тарабынан берилүүчү 5,1 млн. евро көлөмүндөгү каражатка  “Токмок шаарын суу менен камсыздоо жана агынды суулардын тутумун жакшыртуу” долбоору боюнча иш-чаралар ишке ашырылуу алдында турат. 

Унаа каражаттарын сатып алууга тендер өткөрүлгөн. 2018-жылдын 28-августундагы өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгы боюнча “Хаят Групп” утуп алган жана келишим түзүлгөн. Азыркы учурда юридикалык башкаруу жана долбоорду техникалык жактан тандап алуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

10. Маданият чөйрөсү тууралуу айта турган болсом, “Жеңиш чакан сейил багы” долбоорун ишке ашыруу. С.Ибраимов көчөсү боюнча(көчө жарыгы). Долбоор боюнча 49 чырак коюлуп, бардыгына 1,2 млн.сом сарпталды.

11. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу. Алдын алуу жана кесепеттерди жоюу иш-чаралары (ААжКЖ и.ч) боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигин өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү боюнча коллектордук-дренаждык тармакты тазалоо жана тереңдетүү боюнча аткарылган жумуштун көлөмү 4242 кубометр, узундугу 1680 метрди түзгөн. 

Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу боюнча жер алдындагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө мониторинг туруктуу негизде жүргүзүлүп жатат.

Токмок шаарында “Аймактарды өнүктүрүү” жылына карата мына ушундай иштер аткарылып, дагы да болсо бир катары жүзөгө ашырылууда. 

Амангелдиев Данияр: “КЭРдин Хайдун шаары Токмокко “Бир шаар-бир жол” долбоорун сунуштады”

-Токмок шаарынын инвестициондук климаты тууралуу маалымат бере кетсеңиз, инвесторлор үчүн атайын жеңилдиктер каралганбы?

-Келе турган инвесторлорго бардык эле шарттар бар. Аларга мэрия тарабынан ар тараптуу көмөк көрсөтүлөт. Мисалы суу, жарык, жер ижарасы болобу же башка маселелерге жардам бергенге дайым даярбыз.

Мэрия тарабынан 2018-жылдын октябрь айына чейин инвестиция тартуу максатында төмөнкү делегациялар тосулуп, шаардагы мүмкүнчүлүктөр боюнча маалымат берилип, токтоп турган ишканалар менен тааныштырылган.

2018-жылдын 20-апрелинде шаардын өнүгүүсү боюнча Азия өнүктүрүү банкынын адистери менен жолугушуу өткөн. 

2018-жылдын 18-майында, таштандыларды кайра иштетүү ишканасынын курулушу боюнча "Energy Erler" Zhihangirom ААК Түрк компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу болду. 

2018-жылдын 30-июнунда шаардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентация жасалды, ошондой эле инвесторлорду жеринен тааныштыруу максатында, токтоп турган ишканаларга жана мекемелерге экскурсия уюштурулду. 

2018-жылдын сентябрь айында Түркия өлкөсүнөн “HABIB SYNDICATE” компаниясынын жетекчиси келип, шаардагы сүттү кайра иштетүүчү ишкана менен таанышып кетти. Мына ушундай багыттагы башка жолугушуулар уюштурулуп, дагы да улантылууда.

Чындыгында, Токмок шаары боюнча бизнес ʏчʏн салык салуунун жеңилдетилген режиминин, муниципалдык ресурстарга жергиликтүү камсыз кылуучу, ченемдик-укуктук тиешелүү актылар колдонулган жок. Себеби бизнес-ишкерлер тарабынан кайрылуулар болгон эмес. Ал эми, ушул багытта кайрылуулар болсо, албетте мэрия маселени карап чыгып, оӊ чечип берүүгө даяр.

-Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин тарабынан көтөрүлгөн “Бир алкак-бир жол” долбоорунда Токмок шаарынын стратегиялык орду кандай, ушул долбоордун алкагында кандайдыр бир иштер аткарылып жатабы?

-КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин мырза тарабынан демилгеленген “Бир алкак-бир жол” долбооруна быйыл беш жыл толуп отурат. Ушул беш жыл аралыгында, Кыргызстан-Кытай кызматташтык алакалары дагы бир топ өнүгүп, бул демилгенин алкагында бир катар иштер аткарылды. 

Токмок шаары дагы мындай иш-чаралардан сыртта калган жок. Мисалы, биздин шаар 2014-жылдын май айынан бери достук кызматташуу боюнча Кытай Эл Республикасынын Хайдун шаары менен меморандум түзүп, кызматташуу байланышын бекемдеп келет. 

Жакында эле, 2018-жылдын 24-октябрында Хайдун шаарынан делегация келип, Токмок шаары менен жакындан таанышып кетишти. Бул шаар менен Токмок боордош шаарлардан болуп саналат. Хайдун шаарынын өкүлдөрү бизге “Бир шаар-бир жол” долбоорун сунушташты. Бул сунуш бизге дагы жакты, убактысы келгенде сунушка кайрадан кайрылып, долбоор боюнча маселени дагы эки тараптуу кенен талкууга алмакчыбыз.

Ошону менен бирге, Токмок шаары Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автоном округу менен 2015-жылдын 21-мартында кызматташуу ниетинде протокол түзүлгөн. Ошону менен бирге, 2017-жылы Кытай Эл Республикасынын Чжецзян провинциясынан Хучжоу шаарына, Аньцзи уезди менен Токмок шаарынын мэри (Шамыралиев Ж.Дж.) барып кызматташтык жөнүндө макулдашуу түзүлгөн. 

Быйыл ушул шаардын ишкерлери жана шаардын департаментинин өкүлдөрү делегация болуп Токмокко келип, биздин шаар менен жакындан таанышып кетишкен.

Биздин Токмок шаарыбыз өнөр жайлуу шаар жана өсүүгө көп шарттары бар шаарлардын бири болгондугуна байланыштуу башка өлкөлөрдөн келгендер аз эмес. Мисалы быйыл эле, 2018-жылдын 30-июнунда шаардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрү боюнча презентация жасалды, ошондой эле токтоп турган ишканалардын жана мекемелердин иши боюнча экскурсияга барышты. Ошону менен бирге 62 га "Токмок Технопаркы" боюнча Кытайдын ишкерлери менен жолугушуу өткөрүлгөн. 2018-жылдын 20-июлунда Кытайдан келген "BAIC GROUP" корпорациясынын өкүлдөрү менен электр менен жүрүүчү унаасын чыгаруу маселеси боюнча жолугушуу өткөрүлдү.

Ушул аткарылган кадамдардын бардыгы эле, “Бир алкак-бир жол” демилгесинин негизинде жүзөгө ашырылууда. 

Амангелдиев Данияр: “КЭРдин Хайдун шаары Токмокко “Бир шаар-бир жол” долбоорун сунуштады”

-Учурда, Кытай экономикасынын ушунчалык тездик менен өнүгүүсүнүн негизинде, дүйнөгө кытай туристтеринин агымы башталды. Токмок шаарына сырттан туристтерди тартуу боюнча кандайдыр бир иш-чаралар пландалуудабы?

-Токмок шаары Чүй облусундагы маанилүү өнөр жай, соода жана коммуникациялык чордону болуп эсептелет. Ыңгайлуу географиялык абалы жана “Чүй облусунун административдик борбору” деген макамы шаардын экономикалык жактан тез өнүгүүсүнө мүмкүнчүлүк берет. Шаардын аймагы аркылуу “Улуу Жибек жолу” өтөт – эл аралык маанидеги “Бишкек - Торугарт” авто жолу бар.

Токмок шаарынын аймагында “Ним Компани”, “Токмок-Тревел” туристтик фирмалары жана “Караван” туристтик агенттигинин филиалы катталып, шаардын туризм тармагын өнүктүрүү багытында дагы өз салымдарын кошуп келүүдө. Бардык каалоочулар үчүн, Токмок шаары аркылуу бара турган, төмөндөгүдөй туристтик объектилер сунушталат:

1.“Бурана” мунарасы тарыхый-архитектуралык комплекси.2.“Ысык-Ата” курорттук аймагындагы минералдык жана дарылык булактарга туристтик жүрүштөр.

3.Шамшы жана Кегети капчыгайларынын ажайып кооз жерлерине туристтик жүрүштөр, анын ичинде шаркыратмалар менен бийик тоолуу “Көлтөр” көлү.

4.Тарыхый маанидеги Суяб шаары турган жайды дагы көрүүгө мүмкүнчүлүктөр каралган.

Биз туристтер болобу же инвесторлор болобу, бардыгына ар дайым эшигибиз ачык. Ар бирине өз колдообузду жана жардамыбызды көрсөтүүгө даярбыз. 

-Кытай рыногуна Токмок шаарынын кандайдыр бир продукциялары экспортко чыгабы, ушул багытта кандай иштер жүргүзүлүүдө?

-Тилекке каршы, биздин продукциялар коңшу мамлекетке экспортко чыкпайт. Токмок шаарынын тышкы соода жүгүртүүсү боюнча, анын ичинен импорттун көлөмү 2018-жылдын сентябрь айына чейинки жыйынтык боюнча, жалпысынан 2 млн.538, 6 миӊ. сомго алып келинген. 

Алардын ичинен көбүнчө эле, темирди кайра иштетүүчү жабдуулар, чоюн жана болот, илимий жана контролдук аспаптары жана аппараттары, тамак-ашты кайра иштетүү машиналары ж.б. кирди. 

Чындыгында, бардыгыбыз билгендей коңшу мамлекеттин рыногу абдан чоң. Ал жакта Кыргызстандын экологиялык таза продукцияларына суроо-талап бар экендиги айтылып келет. Убакыттын өтүшү менен биздин продукциялар дагы Кытай рыногунда өз ордун ээлейт деп ойлойм.

Бардыгыбыз, биринчиден өз айылыбызды, шаарыбызды оңдоп, өнүктүрүүгө салым кошсок, мамлекетибиз дагы өркүндөп-өсүү жолунда болмокчу. Ошондуктан, ар бирибиз өз милдетибизди так жана таза аткаруубуз керек экендиги талашсыз. 

Мамлекеттин өнүгүүсү үчүн эл аралык кызматташтык алакалар дагы абдан маанилүү, учурда биз бардык сырттан келген инвесторлор менен жакындан иштешүүгө, жогоруда айткандай, колдоо көрсөтүүгө дайым даярбыз. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)