WeChat      Избранное

Сөздүн күчүн даңазалаган кыргыз-казак акындарынын мыктылары алдыга озуп чыкты

07/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Сөздүн күчүн даңазалаган кыргыз-казак акындарынын мыктылары алдыга озуп чыкты

Сүрөт ДКО Катчылыгына таандык

6-сентябрь күнү Кырчын жайлоосунда сөз баалап, барктаган элдин жарпын жазган кыргыз-казак эл аралык Айтышы жыйынтыкталды. 

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюунун алкагында эки күнгө созулган эки элдин достук Айтышы жогорку деңгээлде өтүп, акындар өздөрүнүн мыкты даярдыктарын көрсөтө алышты. Белгилей кетсек, Айтыштын шарты боюнча казак-кыргыз акындар айтышынын жеңүүчүлөрүнө кош байге коюлган. Байге фонду 2 млн. сомду түзөт.

Айтышка эки тараптан жалпысы 16 акын катышты. Жыйынтыгында баш байгесин кыргыз акыны Асылбек Маратов, казак акыны Максат Аканов жеңип алып, ар бири -200 миң сом менен сыйланды. 

Ал эми биринчи орунга чыккан казак акыны Айбек Калиевге -150 миң, кыргыз акыны Баян Акматовго -150 сом ыйгарылды. Экинчи орунду багындырган казак акыны Астанбек Шыгатаев жана кыргыз акыны Кубат Тукешов 100 миң сомдон байгеге ээ болушту. Үчүнчү орунга жетишкен казак акыны Миржан Байтур менен белгилүү кыргыз акыны Азамат Болгонбаев  80 миң сомдон байге алышты.

Калган акындарга 50 миң сомдон кызыктыруучу сыйлыктар ыйгарылды. Мындан тышкары Эстебес Турсуналиев, Ашыраалы Айталиев, Тууганбай Абдиев жана Бексултан Жакиев атындагы ар бири 50 миң сомдук байгелер казак акыны Жаркынбек Наушабековго, Бөрүбөй Орозумбетовго, Идирис Айтпаевге, Изат Айдаркуловага ыйгарылды.


(Автор:Чолпонай Турдакунова / Редактор:GL)