WeChat      Избранное

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата алгачкы пресс-конференция болуп өттү

02/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата алгачкы пресс-конференция болуп өттү

Бүгүн 2-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына карата уюштурулган алгачкы пресс-конференция болуп өттү. Пресс-конференцияга КРнын Биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Айнура Темирбекова, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов Көчмөндөр оюндарын даярдоо жана өткөрүү боюнча Катчылыгынын жетекчиси Нурсултан Аденов ж.б. катышышты. 

Жолугушууда КРнын Биринчи вице-премьер министри Кубатбек Боронов, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын чагылдырууга келген бардык журналисттерге өз ыраазычылыгын билдирип, иштерине ийгилик каалады.

Ал эми, Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Канат Аманкулов, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында спорттук иш-чаралар башталгандыгын айтып, спортчулар арасында атаандаштык абдан жогору экендигине токтолуп өттү. 

Ал: “III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына Россия, Казакстан жана Өзбекстандан эң көп делегаттар келишти. Спортчулар 62 өлкөдөн жана Россия Федерациясынын 11 субъектисинен келишүүдө. Мелдеште жалпысынан 594 медаль ойнотулат, алардын 174ү алтын, 173ү күмүш жана 247си коло медаль. Көчмөндөр оюндарына 2 миңден ашуун спортчулар катышат, алардын ичинен бир жарым миң спортчу жана 200дөн ашуун калыстар Кыргыз жергесине келишти”,-деп кошумча маалымат берип өттү. 

Айнура Темирбекова болсо, III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарына жалпысынан 50 мамлекеттен 500дөн ашуун журналист келгендигин маалымдады. 

Эске сала кетсек, үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 82 өлкөсүнөн 2500 спортчу каттоодон өткөн. Анын программасына спорттун 37 түрү киргизилген. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)