WeChat      Избранное

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы жеңүүчүлөрү

04/09/2018  Источник:оригинал   шрифта:

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алгачкы жеңүүчүлөрү

Сүрөт интернеттен алынды


2-сентябрь күнү Чолпон-Ата шаарында III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары башталды. Алгачкы күнү тажик улуттук күрөшү боюнча 3 комплект медаль ойнотулду. Турнирге 11 өлкөнүн 27 спортчусу катышты.

Кыргызстандан 3 салмактык категория боюнча (68, 82 килограммга чейинкилер жана абсолюттук салмактык категория) спортчулар катышты. Таймаштын жыйынтыгында, кыргызтандык эки раунд менен финалга чыгып, дагы бири коло медаль үчүн күрөшүүгө мүмкүнчүлүк алды.

Финалдык кармашта 68 кг чейинки салмакка кыргызстандык Марлен Абдурасулов түркмөнстандык Бегенч Йагмуров менен чыгып, Кыргызстандын куржунуна алгачкы алтын медалды салды. Ал эми, 82 килограммдык кыргызстандык Шерикбай Аманилла уулу россиялык Артур Зулкарнаев менен беттешип, бул сапар алтын медалга россиялык спортчу татыктуу болду.

Үчүнчү медалды Кыргызстан үчүн абсолюттук салмак категориясынан Кайрат Тойчиев жеңип алды. Бул салмактык категория боюнча алтын медаль түркмөнстандык Аннамурат Мурадовго ооду.


Жеңүүчүлөрдүн тизмеси:

Салмактык категориялар 68 килограммга чейин:

1-орун –Марлен Абдрасулов (Кыргызстан) – сыйлык фонду 75 миң сом;

2-орун – Бегенч Йагмуров (Түркмөнстан) – 35 миң сом;

3-орун – Муратхан Берикбол (Казакстан) – 17 миң 500 сом;

3-орун - Шабиев Разиль (Россия) 17 миң 500 сом.

82 килограммга чейин:

1-орун – Артур Зулкарнаев (Россия) - 75 миң сом;

2 -орун – Шерикбай Аманилла уулу (Кыргызстан) - 35 миң сом;

3-орун – Силапберди Нуриев (Түркмөнстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Элмаддин Рамазанов (Азербайжан) - 17 миң 500 сом.

Абслюттук салмак категориясы:

1-орун – Аннамурат Мурадов (Түркмөнстан) - 75 миң сом;

2-орун – Жонгор Паренбаатар (Монголия) - 35 миң сом;

3-орун – Кайрат Тойчиев (Кыргызстан) - 17 миң 500 сом;

3-орун - Максат Жандилдаев (Казакстан) - 17 миң 500 сом.

Фото 1: Кыргызстандын алгачкы жеңүүчүлөрү


(Автор:Чолпонайа Турдакунова / Редактор:GL)