WeChat      Избранное

“Кытай тамактарынын ар биринин тарых-таржымалы бар”

22/03/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Кытай тамактарынын ар биринин тарых-таржымалы бар”

Башкы ашпозчу Джан Донхуа жана мугалим Лью.

Кытай элинин тарыхынан, маданиятынан, табиятынан башка да мактана турган тамак - ашы да бар. Дүйнөдү эң даңазалуу тамактардын катарында француз, түрк, кытай тамак- ашы тураары баарыбызга маалым. Ушул үчилтиктин ичиндеги кытай тамак-ашы азыркы тапта дүйнөдөгү баардык чоң шаарларга тарап, ар бир өлкөдө кытай  ресторан, кафелери ачылган. Анда эмесе сөз кытай тамак-ашы тууралуу болмокчу.

15- март күнү, Бишкек шаарыбыздын борбор көчөлөрүндө жайгашкан “Пекинская утка” кафесинде кытай тамак-аштарын жасоо боюнча мастер-класс болуп өттү. Мындай мастер- класстарды биздин КРнын Улуттук Академия менен Ханьбан Институтунун алкагында проекттердин бири болгон “Кытай бурчу” программасы уюуштуруп келет. 

“Кытай тамактарынын ар биринин тарых-таржымалы бар”

Кытай тамак-ашын жасоо мастер-класс.

Үч жыл катары менен гранттык түрдө жеңишке жетишип жүргөн “Кытай бурчу” программасы кытай тил курсун бюджетте иштеген кызматчыларга жана кытай тилин үйрөнөм деген каалоочуларга бекер окутуп келишет. Бул “Кытай бурчу” программасында кытай тилден башка дагы кытай бийи, каллиграфия жана кытай тамак-ашы боюнча байма-бай мастер-класстарды өткөрүп турушат экен.

“Кытай тамактарынын ар биринин тарых-таржымалы бар”

Джан Донхуа кантип жемиштерди тууроону үйрөтүүдө.

 “Пекинская утка” кафе менен биргеликте өткөргөн кытай тамак-ашы мастер- класска көбүнчөсү студенттер жана мугалимдер келип, үч-төрт тамак жасоонун ыкмаларын үйрөнүп кетишти. Кезектеги мастер- класска “Кытай бурчу” программасынын ага мугалими Владимир Лью Ганович менен бирге дагы башка мугалимдер катышышты. Айсулуу Кыдырова аттуу мугалим болсо, кытай тилинен жана кытай бийинен сабак берет. Марина Ким кытай тили жана каллиграфия сабагынан мугалим. Ширин Ибраимова Борбордук илимий китепкананын жетекчиси,аты аталган инсандар жана студенттер кытай тамагын жасоо ыкмаларын үйрөнүп кетишти. 

“Кытай тамактарынын ар биринин тарых-таржымалы бар”

Студент катышуучулар.

Студенттердин баары үйрөнүү учурунда кол-кабыш кылып да жатышты. Мастер -класс учурунда “Пекинская утка” кафесинин башкы ашпозчу Джан Донхуага берген суроолор эч азайган жок. Ар бир кошулмалардын пайдалуулугунан баштап, кайсы жерге, кайсы кыштака таандык экенинен бери түшүндүрүп берип олтурду. Ашпозчу жемиштердин кооз кесилишинен баштап, кайсы тамакка кандай кесилерин да айтып берди. Кошулмалардын жыты жагымдуу жыт берип, кайсы тамакка кайсыл кошулмалар кошулат, мындайча айтканда, бүт тамактарга бирдей кошулбайт турганын да үйрөнүп билдик дейт, мастер-класска катышып келген студенттер. 

“Кытай тамактарынын ар биринин тарых-таржымалы бар”

Мугалимдер катышуучулар.

“Кытай бурчу”нун жетекчиси Ширин Ибраимова кытай бийи, каллиграфия жана кытай тамак-ашы мастер-класстары тез-тез болуп тураарын билдирди. Кытай тамак-ашы ар бир өткөн мастер класста, ар түрдүү тамактар үйрөтүлүп тураарын да кошумчалады. Мастер класстын аягында кайра эле өзүбүз үйрөнүп жасаган тамактардан ооз тийип кетебиз деп, жылмайды. 

Сөз соңунда, ар бир күнүбүз ушундай кошулмалардын жытындай буркурап жыттуу жана жагымдуу ары пайдалуу болсун демекчимин.

(Автор:​Эленора Дуйшоналиева / Редактор:GL)