WeChat      Избранное

​Кыргызстан инвесторлор менен иштешүүгө ар дайым кызыкдар

26/07/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Кыргызстан инвесторлор менен иштешүүгө ар дайым кызыкдар

Сүрөт интернеттен алынды

2019-жылдын 16-июль күнү Бишкек шаарында Инвестициялык саясат жана инвесторлордун укугун коргоо боюнча эл аралык конференция болуп өттү. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги жана Дүйнөлүк банктын тобуна кирген Эл аралык финансы корпорациясы (IFC) менен биргеликте уюштурулду. 

Конференцияда мамлекеттин инвестициялык саясаты жана инвесторлордун укуктарын коргоо маселелери боюнча талкуу өтүп, Эл аралык финансы корпорациясынын аймактык менеджери Кассандра Колберт, Экономика министрлигинин статс-катчы Айдин Шаршеев, КРдин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин Инвестициондук потенциалды өнүктүрүү бөлүмүнүн жетекчиси Алмаз Исанов менен катар бийлик жана ишкерлер чөйрөсүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунун алдында өттү.   

Конференциянын алкагында Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан инвесторлорду тартуу, кармоо жана коргоо чөйрөсүндө жүргүзүлүп жаткан саясат менен таанышуу, инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча ийгиликтүү эл аралык тажрыйбаны иликтөө, ошондой эле мамлекеттин ичинде да, анын чегинен сырткары да инвестицияларды коргоо жана илгерилетүү маселелери боюнча укуктук документтерди даярдоо жана кароо боюнча негизги маселелер талкууланып, ой-пикирлер айтылды.

Дүйнөлүк банктын тобунун эл аралык эксперти Родриго Поланко дагы доклад жасап, эл аралык инвестициондук макулдашуулардагы негизги принциптерге басым жасады. Ал Бернк университетинин Дүйнөлүк соода институтунун ага илимий кызматкери, окутуучусу, Люцерн университетинин докторанты жана Чили университетинде эл аралык изилдөө институтунун атайын чакырылган профессору болуп саналат. 

Аталган иш-чара эл аралык финансы корпорациясы тарабынан жүзөгө ашырылып жаткан Кыргыз Республикасынын туристтик секторуна өсүү жана инвестициялар боюнча долбоордун колдоосунун алдында ишке ашырылды. 

Айдин Шаршеев, КРдин Экономика министрлигинин статс-катчысы: “Өкмөт алдында өлкөдө “Инвестициялык бейишти” түзүү боюнча милдет коюлган” 

-Чындыгында, бүгүнкү талкууланып жаткан тема абдан актуалдуу. 2040-жылга чейин кабыл алынган Өлкөнү туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук стратегиянын башкы максаттарынын бири бул Кыргызстандын инвестициондук климатын жакшыртуу, инвесторлор үчүн бардык ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат. Бул жаатта өкмөт алдында өлкөдө “Инвестициялык бейишти” түзүү боюнча дымактуу милдет коюлган. Анткени ал инвестицияларды тартуу үчүн инвесторлордун укуктарын коргоону камсыз кылууга жакшы шарт түзмөкчү. 

Үстүбүздөгү жылдын I кварталынын жыйынтыгы боюнча түз чет элдик инвестициялардын түшүүсү мурдагы жылдын ушул мезгилине салыштырганда 176 млн. АКШ долларын түздү, бул 49% га көбүрөөк. Учурдан пайдаланып, улуттук мыйзамдарда каралган инвесторлордун укуктары жана кепилдиктери тууралуу маалымат бере кетсем. 2003-жылдын 27-мартындагы № 66 “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы чет өлкөлүк инвесторлорго инвестициялоонун улуттук режимин түзүп, экспроприациядан, мамлекеттештирүүдөн коргоого кепилдик берет. Чет өлкөлүк инвесторлорго кеңири укуктар жана мамлекеттик кепилдиктер каралган. Мисалы, инвестицияларды ташып келүүнүн же репатриациялоонун кепилдиктери, кирешелерди пайдалануунун кепилдиктери, акча операцияларынын эркиндиги.

Мындан тышкары инвесторлорго КР сот органдарында инвестициялык ишмердик процессинде келип чыккан инвестициялык талаш-тартыштарды чечүү укугу берилген. Ишкерге Эл аралык арбитраждык сотко кайрылуу мүмкүнчүлүгү берилген.   

Мындан тышкары Кыргызстан АКШ, Түркия, КЭР, Улуу Британия ж.б. өлкөлөрдү кошкондо 30дан ашык өлкөлөр менен инвестицияларды колдоо жана коргоо жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын катышуучусу болуп саналат. Ушул өлкөлөрдүн инвесторлору эки тараптуу келишимде кабыл алынган кошумча ыңгайлуу шарттарды колдоно алышат. 

Буга кошумча, Кыргыз Республикасынын өкмөтү тарабынан дагы инвесторлордун укуктарын коргоо жана ишмердүүлүгүнүн ийгиликтүү болуусу үчүн бир катар иш-аракеттерди аткарышкан. Айта кетсек, чет элдик инвесторлор турукташтыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлган күндөн тартып 10 жылдын ичинде инвесторлорго салыктарды төлөө боюнча кыйла ыңгайлуу шарттарды тандап алуу укугун алууга мүмкүндүк берүүчү инвестицияларга кепилдик берүү жана коргоо максатында чет элдик инвесторлор үчүн турукташтыруу режими киргизилген, бул жагдай ишкердикти жөнгө салуунун кыйла жагымдуу режимин тандап алууга мүмкүндүк берет.

Бизнес-омбудсмен институту түзүлдү, анын иши ишкерлердин укуктарын жана (инвесторлордун) мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик коргоого жана аларды мамлекеттик бийлик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мекемелердин жана мамлекеттик ишканалардын жана жооптуу адамдары тарабынан сакталышына кепилдиктерди камсыз кылууга багытталган.

2021-жылдын 1-январына чейин ишкердик субъекттерин текшерүүгө мораторий киргизилген. Ишкердиктин субъекттерин текшерүүгө тыюу салуу 10 текшерүүчү ыйгарым укуктуу органга жайылтылат. Муну менен катар эле, Дүйнөлүк банктын “Бизнес жүргүзүү” рейтинги боюнча КР позициясын жакшыртуу боюнча өкмөттүн планы бекитилди. КРдин Экономика министрлигине караштуу Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борбору түзүлдү. 

Мына, ушул кадамдардын бардыгы биздин жерде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүүнү каалаган инвесторлор үчүн түзүлүп жаткан ыңгайлуу шарттар болуп саналат. Бул жаатта дагы да болсо тереңдеп изилдеп, аткарылчу иштер көп. Бүгүнкү болуп жаткан конференция да ийгиликтүү өтүп, көптөгөн маселелерди талкууга алып чыгып, жакшы жыйынтык берет деп ишенем. Ушундай иш-аракеттер Кыргыз Республикасында инвесторлордун укугун коргоону күчөтүү боюнча пайдалуу сунуштарды иштеп чыгууга көмөкчү болмокчу. 

Кассандра Колберт, Эл аралык финансы корпорациясынын аймактык менеджери: “Биздин ишмердүүлүктүн башкы максаты жеке секторду өнүктүрүү, коргоо” 

- Эл аралык финансы корпорациясы Дүйнөлүк банктын тобуна кирет. Кыргыз Республикасы биздин корпорацияга 1993-жылы кирип, кызматташуусун баштаган. Биздин ишмердүүлүктүн башкы максаты жеке секторду өнүктүрүү, коргоо болуп саналат.  

2015-жылы жүргүзгөн биздин изилдөөбүзгө караганда көпчүлүк учурда Кыргызстанда инвесторлор алардын кызыкчылыктары толук короголбогондугу үчүн, бир катар кыйынчылыктарга туш болушуп, өзүнүн ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болушкан. Ошондуктан, биз жеке гана жаңы инвесторлорду Кыргызстанга тартып, иштөөгө чакырбастан, иштеп жаткан ишкерлердин дагы кызыкчылыктарын коргоп, аларды өнүктүрүүгө көмөкчү болуубуз абзел.

Чындыгында, бул жаатта иштеп, чече турган маселелерибиз абдан көп. Ошондуктан, өкмөт менен тыгыз иш алып барып, бул маселелерди биргеликте чечүүбүз керек. Кыргыз бийлиги дагы буга абдан кызыкдар. Эң башкысы инвестор мыйзам тарабынан толук корголуусу керек. Эки ортодо пайда болгон түшүнбөөчүлүктөрдү жеринен чечүүгө аракет кылуу зарыл. 

Канчоро Мурзалиев, Экономика министрлигинин Инвестициялык саясат башкармалыгынын жетекчиси: “2018-жылы сырттан келген жалпы инвестициянын 40% Кытай Эл Республикасынан келди” 

-Алгач, мен Кыргызстанда инвесторлорго түзүлгөн либералдуу мыйзам шарттары тууралуу айтсам. Бизде сырттан келген ишкерлердин укуктары жергиликтүү ишкерлердин укуктары менен тең, бирдей каралган. Жогоруда айтылгандай, ишкерлер үчүн бир катар ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Өзгөчө чектөөлөр жок, инвестициянын түрлөрүн, объекттерин тандоодо дагы эркин тандоо мүмкүнчүлүгү бар. Инвестор үчүн маанилүү болгон дагы бир кепилдик бул анын ишмердүүлүгүнө аралашпоо шарттары. 

2011-жылдан 2019-жылга чейинки сырттан келген түз инвестициялардын статистикасына сереп салсак, эң көп инвестиция келген жыл бул 2015-жыл болуп саналат. Анын жалпы суммасы 1.5 млрд АКШ долларын түзгөн. Ал эми, 2018-жылы болсо 851 млн АКШ доллары болду. 

2018-жылы сырттан келген жалпы инвестициянын 40% Кытай Эл Республикасынан келди. Андан соң, Россиянын ишкерлери турат. Чындыгында, түз инвестицияларды тартуунун үстүнөн иш алып баруу бул учурдун талабы.

Бүгүнкү күнү түз инвестицияларды тартууга жолтоо болуп жаткан негизги маселелердин бири болуп бул, жергиликтүү калк менен ишкерлердин ортосундагы түшүнбөөчүлүктөр саналат. Мисалы, 2018-жылы жалпысынан ушундай талаш-тартыш маселелердин негизинде 54 митинг болуп өткөн. Алардын көпчүлүгү Жалал-Абад облусунда болгон. Бардыгыбыз билгендей, бул аймакта кен байлыктары өндүрүлүп чыгарылат. Ошондуктан, дал ушул жаатта жигердүү иштерди аткаруу керек. Жергиликтүү бийликтен баштап, тиешелүү ведомстволордун өкүлдөрү бардыгы биригип эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүлөрү зарыл. Маалыматты туура жана так жеткирип, чогуу иш алып баруубуз абзел. 

Эл аралык финансы корпорациясынын (IFC) Кыргыз Республикасындагы ишмердүүлүгү 

Кыргыз Республикасындагы Эл аралык финансы корпорациясынын артыкчылыктуу багыты өлкөдөгү атаандаштыкты жана жумуш менен камсыз болуу мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртуу максатында жеке менчик сектордун өнүгүшүнө колдоо көрсөтүү болуп саналат. 

IFC компаниянын ишине жагымдуу бизнес-чөйрөнү түзүү жана чакан жана орто ишкердикти каржылоону жогорулатуу үчүн жакшыртууга жардам берет. Анын ичинде айыл чарба секторун жана тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүнүн үстүнөн дагы иш алы барат. Ошондой эле энергияны кайра калыбына жана энергия натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча долбоорлорду көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн дагы караштырат.

1993-жылы IFCге Кыргыз Республикасынын кирген учурдан тартып, ал банк ишине, микрокаржылоо, тоо-кен, айыл чарба жана башка  36 долбоорду каржылоо үчүн өз каражаттарынын эсебинен 117,7 млн. АКШ долларын ашык акча бөлгөн. 

Эл аралык финансы корпорациясы каржы рынокторун, кредиттик маалымат системаларын жана тобокелдиктерди тескөө боюнча окутуу, акча алмашуу структурасын жакшыртуу, каржылык ортомчулар институттук мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу, жергиликтүү компаниялардын юридикалык башкаруусун жакшыртуу, саламаттык сактоо жана энергетика жаатындагы долбоорлорду каржылоо тармагында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү боюнча дагы иштерди алып барат.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)