WeChat      Избранное

​Байыскан Көчөрбаева: “Кытай айымдарына кыргыздын орнаменттери түшүрүлгөн моюн орогучтарым абдан жакты”

26/07/2019  Источник:оригинал   шрифта:

​Байыскан Көчөрбаева: “Кытай айымдарына  кыргыздын орнаменттери түшүрүлгөн моюн орогучтарым абдан жакты”

Сүрөт редакцияга таандык

Ар бир улуттун күнүмдүк жашоосуна, жаратылышына, кулк-мүнөзүнө, дүйнө таанымына, философиясына, рухий байлыгына жараша элдик кол өнөрчүлүгү өнүгүп, уникалдуу болот. Көркөм кол өнөрчүлүк — калк казынасы, атадан балага, энеден кызга өткөн ыйык мурас. 

Бул чыгармачылык өнөр элдин көркөм ой жүгүртүүсүн чагылдырат. Кол өнөрчүлүк — улуттук маданияттын ажырагыс бөлүгү. Кыргыздын элдик уздары жыгачтан, чийден, кийизден, булгаарыдан, металлдан жасалган кооз буюмдарын, ормо жана сайма жагынан улуу мурастарын калтырышкан.

Кыргыз эли өзүнүн жашоо-тиричилигинде кийизден жасалган буюмдарды кеңири колдонгон. Кийизден ар кандай кийим-кечектерди, төшөнчүлөрдү, ала кийиз, шырдактарды жана башка буюмдарды жасашкан. Ала кийиз, шырдактарды зор чеберчиликте оймо-чиймелер менен көркөмдөп, кооздоп жасашкан. Килем токуучулук дагы биздин байыркы кол өнөрчүлүктүн бир түрү болуп эсептелет. 

Саймачылык — кыргыз элинин көркөм өнөрүнүн байыртадан бери кеңири тараган түрү. Кыргыз аялдары үй-тиричилигине керектуу буюмдарын — туш кийиздерин, кийим-кечектерин, ат жабдыктарын ж.б. саймалап кооздошкон.

Мына ушундай кол өнөрчүлүктө улуттук колоритти жаратып, учур талабына жараша эл аралык деңгээлде өркүндөткөн Чаткалдык жеке ишкер, бир нече эл аралык фестивалдардын жеңүүчүсү, “Бийсынай” кооперативинин башчысы Байыскан Көчөрбаева менен анын ишмердүүлүгү, Кытай жергесине болгон иш сапары тууралуу маек курдук. 

71 жаш курагына карабастан шамдагай басып, тез кыймылдаган Байыскан апа бизди өзү чыгып тосуп алды. Көздүн жоосун алган буюмдар менен толгон жайда Байыскан апанын эмгектери менен таанышып, эмдигиче ийненин көзүнө жипти өзү кадап, ар бир эмгегине өзгөчө көңүл буруп, жан дүйнөсүн арнап жасаган апага бир жагынан баа берип, бир жагынан суктанып, жакындан таанышып кайттык. 

Буюмдарды замандын талабына жараша айкалыштырып, эски менен жаңыны эриш-аркак алып келүүдөбүз 

Байыскан апа өзү кичинекей кезинен эле кол өнөрчүлүккө жакын болуп, иштүү болгон экен. 7 жашынан баштап сайманын түрүн сайып, 14 жашында өзүнө себин даярдап бүткөрүптүр. Анын эмгектерине кызыккан айылдаштарына дагы буюмдун түрлөрүн жасап берген апа, “Бала кезимде эле ишкердиктин алгачкы даамын татып калгам”- деп, күлөт. 

- Өмүрүмдүн көбүн ушул турмуш-тиричилик буюмдарын тигүү менен өткөрдүм. Алгач, “Аламединбыткомбинатында” иштедим. Андан соң, турмушка чыгып Чаткалга көчүп келдик. Ал жактан дагы тигүү цехинде иш баштап, бир канча убакыт өткөндөн кийин цехтин жетекчиси болууга жетиштим. Кандай гана буйрутма болбосун биз планды ар дайым аткарчубуз. Планды толтурбай калуу деген болгон эмес. Көп өтпөй эле Советтер Союзу жоюлду. Элде жумуш жок болуп, бир топ кыйынчылыкты башыбыздан өткөрдүк. Мейман үйүн куруп, кайрымдуулук иштери менен дагы алектенип жүрдүм. 

Ошентип жүрүп, 2009-жылы “Бийсынай” кооперативин ачкам. Бул ысымды “Бийик, сындуу, айдай тунук болгон кооператив болсун”,-деп атайын өзүм койгом. Ошол жылы Азия өнүктүрүү банкынан (АБР) 30 кооператив 2 млн долларлык долбоорду жеңип алганбыз. 

Анын негизинде 30 кооперативди устав менен кабыл алып, колу иштүү кыз-келиндерди жумушка алдык. Кийин ишмердүүлүгүбүздү жүргүзүүгө зарыл болгон техникалык жабдык менен толук камсыз кылып беришти. Жалаң жүн, пахта тыткыч машиналарды, аларды жууп-тазалаган техниканы жана компьютер, мебелдер бардыгы берилди. Чындыгында, абдан кымбат жана сапаттуу аппараттарды алдык. Бирок, кийин сырьего акча-каражаты берилбей калды. Долбоор толугу менен жүзөгө ашкан жок. 

Ошондо, ишти жарым жолдо таштабоо үчүн 150 миң сом насыя алууга туура келди.  Ал кезде бул сумма абдан жакшы эле акча болчу. Акчаны алып, Бишкекке келдим. Бул жактан жип-шуу, кийиздин түрлөрү бардык керектүү материалдарды алдым. Анын айланып туруусу үчүн шейшептерди дагы тиктик. 30 аялды ишке кабыл алдым. Салык, социалдык фонд бардыгын төлөп турдук. Иш абдан жакшы жүрүшүп кетти. Чындыгында, АБРдин долбоорунан дагы көп нерсени үйрөнгөнбүз, токуучулук, моюн орогучтардын түрлөрүн жасоону окуганбыз. Ошолордун бардыгын колдондук, кийиз жасап, боедук, баягы келген техникалар керекке жарады. Ошентип, жылдан-жылга насыяны жаап, кайра көбүрөөк сумма алып отуруп, мына бүгүнкү күнгө жеттик десем жаңылышпайм. 

Чындыгында, кыргыздын кол өнөрчүлүгү абдан бай жана ар тараптуу. Биз ак койдун жүнүнөн кыргыздын улуттук буюмдарын, кийим-кечектерди, шырдактарды гана жасап чектелбестен, замандын талабына жараша айкалыштырып, эски менен жаңыны эриш-аркак алып келүүдөбүз. Бүгүнкү күнү салттуу кол өнөрчүлүк модага айланып, анын орнаменттерин саркеч кийимдерден көрүүгө болот. Бул дагы искусство. 

Көптөгөн мамлекеттер менен кызматташуу боюнча дагы келишимдерди түзүп, иштешип келебиз 

-Бүгүнкү күнү “Бийсынай” ар түрдүү кол өнөрчүлүк буюмдарынын 17 түрүн даярдайт. Алар жеке гана Кыргызстандын эмес, Казакстандын дагы салттуу ресторандарынын көркүнө-көрк кошуп келүүдө. Бизге ушундай жайларды улуттук орнаменттер менен кооздоого дагы көп буйрутмалар болот. Азыркы тапта, кооперативде 18 кыз-келин иштешет. Алардын 12си Чаткалда. Калганы Бишкек шаарында турушат. 

2012-жылдан бери активдүү түрдө эл аралык иш-чараларга, жарманкелерге катышып келем. Көптөгөн мамлекеттер менен кызматташуу боюнча дагы келишимдерди түзүп, эл аралык стандартка жооп берген мыкты буюм-тайымдар менен камсыздап келүүдөбүз.

Чет өлкөлөргө чыккан сайын жаңы идеялар менен келем. Ар дайым изденүүнүн үстүндөмүн. Эл аралык жарманкелерге катышканда жеке гана өзүмдүн намысымды коргобостон, жалпы Кыргызстандын намысын коргоп, мыкты сапаттуу, жогорку деңгээлде жасалган улуттук буюм-тайымдарды кардарларга сунуштайбыз. Мен ар бир эмгегиме өзгөчө маани берип жасайм. Алар ак тилек менен жасалат. Бир байкаганым, биздин буюмдардын баасы негизинен арзан. Мен дагы көп кошпойм. Өзүңдүн эле каалооңду ойлой бербейм, элдин чөнтөгүн дагы ойлоо зарыл деп эсептейм. 

Өз убагында атайын түзүлгөн келишимдин негизинде, Испания мамлекетине моюн орогучтарды, Австралия мамлекетине кыргыз шырдактарын, Япония мамлекетине колго тигилген колдонмо-оюнчуктарды, Америка Кошмо Штаттарына кыргыз шырдактарын, жаздыктарды жана моюн орогучтарды ал эми, Ооганстанга кыргыз шырдактарын даярдап, жибергенбиз. Ал эми, жакында эле Индиядан кийизден жасалган сувенирлерге буйрутма түштү. Нур-Султандан болсо дубалга илине турган паннолорго дагы буйрутмалар көп болууда. Мына, ушундай ишмердүүлүк менен алектенип келебиз. Учурда, биздин кооператив 50 дипломдун, 14 Ардак грамотасынын жана дагы көптөгөн сыйлык-медалдардын ээси. 

Мен кыргыз элинин кол өнөрчүлүгүнө абдан баа берем. Бизде ар бир буюмдун, кийим-кеченин, сайманын өз орду, мааниси бар. Ушундай бай маданиятты тереңдеп үйрөнүүнү каалаган жаштарыбыз күн санап көбөйүүдө. Улуттук кол өнөрчүлүктү аркалап, үйрөнүүнү каалаган бардык кыз-келиндерге эшик ачык. Тажрыйбам менен бөлүшүүгө ар дайым даярмын. 

Ланьчжоу шаарынын мэри бизди өзү кабыл алып, сыйлуу тамагын берди 

-2018-жылдын ноябрь айында мен Кытай жергесине алгачкы жолу бардым. Бул сапарым абдан кызыктуу жана таасирдүү болду десем эч жаңылышпайм. Ал жакта эл аралык жарманкеге катышып, кыргыздын улуттук кол өнөрчүлүгүн кытай элине тааныштырдым. Өзүм дагы көп нерсени үйрөнүп, жаңы идеялар менен кайттым. 

Жарманкеде бизге 6 метр квадрат жер бөлүнгөн экен. Ошол жакка өзүмдүн продукциямды койдум. Чынын айтайын, эч бир тыныгуу болгон жок. Павильонго абдан көп эл келип, бардыгы кызыгуу менен көрүп жатышты. Жаныма кытай тилин үйрөнүп жүргөн кыргызстандык студенттерди кошуп коюшкан. Алардын жардамы менен 3 сааттын аралыгында болгон алып барган буюм-тайымдарым сатылып бүттү. Кытай айымдарына жибектен жасалып кыргыздын орнаменттери түшүрүлгөн моюн орогучтарым абдан жакты. Сатылып бүткөндөн кийин дагы келип сурап жаткандар болду. 

Бизди жарманке бүткөндөн кийин, кечинде Ланьчжоу шаарынын мэри өзү кабыл алып, сыйлуу тамагын берди. Иш-чаранын бардык катышуучуларына ыраазычылыгын билдирип, өзгөчө урмат-сыйын көрсөттү. Мен үчүн дагы бул абдан мыкты эскерүүлөрдүн бири болуп калды десем жаңылышпайм. 

Андан соң, Кытайдын 8 шаарын кыдырып келдик. Бул эми, өзгөчө таасир калтырган эң мыкты көз ирмемдер болду. Кытай жергесиндеги ажайып жайлар, заманбап имараттар жана аларга айкалышып, кандайдыр бир сүр берип турган тарыхый жерлер менен жакындан тааныштык. 

Мага кытай абышка-кемпирлеринин кечинде парктарга чыгып алып, бардыгы чогулуп бийлегени бир четинин таң калтырса, бир четинен “эмнеге бизде ушундай жок” деген ойго дагы алып келди. Учурдан пайдаланып, мен дагы алар менен кошо бийлеп көңүл ачтым. Бул жеке гана ден соолукка пайдалуу болбостон, жан дүйнөгө дагы абдан пайдалуу экендигине ынандым. Бийден соң, кадимкидей эс алып, көңүлүм көтөрүлүп, өзүмдү жакшы сездим.

Ал эми, кытай ашканасы тууралуу кандай гана кептер айтылбайт. Бирок, мага ал жактын тамак-ашы жакты. Бир күнү байкабай жылан этинен жасалган шорпону ичип алыптырмын. Абдан тердедим. “Эмне эле болуп жатам” деп коем. Бирок, эртеси күнү энергиям ашып-ташып, эч бир жерим оорубай, өзүмдү мыкты сезип жүрдүм. Анын дарылык касиети күчтүү окшойт. 

Кытай эли дагы абдан меймандос келет экен. Сулуулукка, кол менен жасалган буюмдарга өзгөчө маани берээрин байкадым. Мен дагы алардын жибектен жасалган бир-эки буюмдарын сатып ала келдим. Бирок, бизге салыштырмалуу алардын баалары бир топ эле кымбатка турат экен. Кытай ишкерлери менен кызматташууга азырынча шартым болбоду. Буга тил маселеси дагы барьер болууда.  Бирок, алдыда ал жак менен кызматташып, биргеликте иштешүү максатым бар.

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)