WeChat      Избранное

Абдишарип Бекилов: “Кытай менен кызматташууну максималдуу колдонсок утабыз”

26/07/2019  Источник:оригинал   шрифта:

Абдишарип Бекилов: “Кытай менен кызматташууну максималдуу колдонсок утабыз”

Сүрөт редакцияныкы 

Кытай төрагасы Си Цзиньпин мамлекеттик сапары менен Кыргызстанга келгенде, кол коюлган бир нече маанилүү документтердин арасында метеорология боюнча да кызматташуу тууралуу келишимге кол коюлган. Кытай менен кызматташуу, гидрометеорология агенттигинин ишмердиги, кадр маселеси, Кыргызгидрометтин алдында турган милдеттер тууралуу, “Жибек жолундагы маданий өнүгүү”  гезитине  Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Гидрометеорология агенттигинин директору Абдишарип Бекилов кызыктуу маек куруп берди. 

-Кээде, “Кыргызгидрометтин кереги деле жок” деген сөздөр жүрүүдө. Алар өз жүйөөлөрүн, интернеттен деле аба-ырайынын божомолун алса болот деп түшүндүрүүдө.  Кандай жооп берет элеңиз ушундай сөздөргө?

-Эгер аркага бир кылчайып карай турган болсок, XIX –кылымдын экинчи жарымында Россия кыргыз жерине келери менен гидропостторду орнотушкан. Метеорологиялык станцияларды курган, качан жаан жаайт, качат кар жаайт, суунун көлөмү кандай болот деп жер шартын изилдеген. Бул деген гидрометеорология кызматынын канчалык деңгээлде маанилүү экендигин билдирет. Анан согуш маалында, гидрометтин Морзе алиппеси колдонулган. Кыргызгидромет бир эле аба-ырайын берүү менен чектелбейт. Мисалы, илимий иш жүрүп турат. Сууларга байкоо жүргүзүп турабыз, көп жылдык нормалары боюнча. Андан сырткары кар көчкүлөрү менен иштейбиз жана башка көптөгөн иштөө багыттары бар. Анан, “аба-ырайын интернеттен эле көрүп алса болот” дегенге түшүндүрмө берип кетсем.  Бүткүл дүйнөлүк метеорология уюму бар, биз ошо тутумга киребиз. Биздин маалымат ошол уюмга түшүп, анан ал тараптан бүт дүйнөгө тарайт. Эгер бизден маалымат түшпөсө, алар Кыргызстандын аймагындагы аба-ырайы тууралуу божомолдорду кайдан алышмак?  Мисалы, Союз маалында,  аба-ырайынын божомолу боюнча маалымат Ташкент (Өзбекстан) шаарына жөнөтүлүп, ал жактан жалпы регионго тарачу. Убагында билесиз, гидромет тууралуу анегдоттор да чыгып кеткен, “жаан жаагандан кийин гана ишенбесе, ага чейин ишенген болбойт” деп. Бүгүнкү күндө биздин жасаган божомолдор 93-96 пайыз тактык менен акталып атат. 

-Моюнга алыш керек, көп жылдан бери сиздердин божомолдор дайым так чыгууда. Жогорку тактыкка кантип жетиштиңиздер? Буга заманбап жабдыктардын тийешеси барбы же жаңы ыкмалар ойлонуп табылды беле?

-Бизде 2011-2012-жылдардан баштап, Дүйнөлүк банктын каржылоосу менен модернизация жүрүүдө.  Мисалы, автоматташтырылган метерологиялык станциялар орнотулууда, гидропосттор жаңыланууда. Өзүбүздө да бир топ иштер жүрдү. 

-Сиздердин маалыматтарды телевидение, радиодон башка кимдер колдонот?

-Мисалы, агрометеорология боюнча маалыматты толук бойдон өкмөткө беребиз. Айыл чарба министрлигине беребиз, сел, суу ташкындары боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу үчүн колдонот. Учуп конууда колдонуу үчүн Транспорт министрлиги колдонот. Азыр аба-ырайынын божомолун малчылар тоого чыгаарда, дыйкандар эгин эгерде колдонуп келишет. 

-Жеке жактар алабы сиздердин маалыматты? Мисалы, маалыматты акы төлөө негизинде бересиздерби?

-Жок, акыга маалымат бербейбиз. Бир жумалык маалыматтарды беребиз, алар да 93 пайыздык тактык менен чыгууда. 

-Дүйнөлүк практикада барбы, акыга аба-ырайынын божомолу боюнча маалымат берүү?

-Бар. Мисалы, Россияда бар. Көбүнчө деңиз жээгинде жашагандар көп колдонот. Биз, агрардык мамлекет болгондуктан агрометеорология жаатын өнүктүрүшүбүз керек. Мен бул кызматка келгенден бери, ушул агрометеорологияны өнүктүрүүнү алдыга коюп атабыз, келечекте акы төлөнүүчү маалымат жасоого жетишсекпи деп жатабыз. 

-Сиз жетектеген Агенттикте техникалык, табийгый илимдердин адистери иштейт. Силер үчүн адистер кай жерде даярдалат? Жаштар келип атабы? Иштегендердин ороточо жаш курагы канча? Кадрдык дефицит жокпу?

-Кадрдык дефицит бар. Айланып келип  эле эмгек акысына такалат да. Айлык акы өтө аз, 4-5 миң сом алгандар бар. Мындай маянага фанаттар менен патриоттор эле келип иштебесе, башкалардын келиши кыйын. Жаштар келет. Бир-эки жыл иштеп, тажрыйба топтоп, анан айлыгы жогору болгон мамлекеттерге кетип калган фактылар да аз эмес. Мисалы, ошол эле Казакстанга, Россияга кетип калат. Анын үстүнө, азыр кыргыз жаштары алдын ала эле айлык-маянасы аз болгон кесиптерди сейрек тандашат. Ошол себептен, бизде атасы, баласы, небересине чейин иштеп, гидрометеорологияны ата кесип кылып жүргөндөр да бар. Жашы 70-80-ге таяп калган адистер да иштейт, себеби анын ордуна келчү адистер жокко эсе болууда. Кадрлар даярдалат, бирок жогоруда айтылгандай көпкө кармалбайт. Жыйынтыгында биз кадр даярдап, өзүбүз кадры жок болуп калуудабыз. Көбүнчө мурдатан бери иштеп келгендер, ишине абдан берилгендер иштөөдө.  Мен өзүм да ишке жаңы келгенде эле жаш кадрларды даярдоону, аларга стимул берүүнү колго алдым. 

-Кадр дефицити болгону менен иш жүрүп келүүдө, илимий жаатта иштер жүрүүдөбү? Тармакты өнүктүрүү илимдеги  жетишкедиктер менен да байланыштуу да?

-Бүгүнкү күндө биздин Агенттикте илим менен алектенген эки жаш жигит бар. Ошолорду кармап калууга аракет көрүүдөбүз. Жакында эле бирөөсү Кытайдан келди окуудан. Экинчи окумуштуубуз моделдештирүү, спутнике өткөрүү боюнча иш үстүндө. Мерчемибизде, Кыргыз-орус славян университети жана Кыргыз улуттук университет менен сүйлөшүп, бизде иштеген тажрыйбалуу, илими күчтүү адистерге ал жактан саат алып сабак берүүнү болжоп, андан ары илим менен алектенсе деп атабыз. Себеби, көп жылдык тажрыйбасын илим менен айкалыштырса, кийинки жаштарга окуганына жакшы жол ачып берет

 -Кытай лидери Си Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапары менен келгенде, кол коюлган документтердин арасында гидрометеорология боюнча да документке кол коюлган. Деги эле Кытай менен болгон мамиле тууралуу айта кетесизби?  

-Кытай метеорологиянын өнүгүшү боюнча дүйнөдөгү алдыңкы өлкөлөрдүн бири. Кошуна өлкө менен кызматташууну максималдуу колдонсок, утабыз.  Биз алардан колдоо керек экендигин, ШКУ саммитинин алдында болгон кытай коллегаларыбыз менен болгон жолугушууда айтканбыз.  Мурдатан бери эле алар бизге техникалык жактан колдоо көргөзүп келүүдө. Быйыл өлкө башчыларынын жолугушуусунда биздин Гидрометеорология агенттиги менен кытайдын Гидрометеорология боюнча агенттигини администрациясы ортосунда өз ара кызматташуу боюнча макулдашууга кол коюлду.  Эки мамлекет башчы да мындан аркы кызматташууга жол ачып берип, кызматташууну жаңы деңгээлге көтөрөбүз деп жатабыз. Азыр Кытай менен адистерди окутуу маселесин да карап жатабыз. Себеби, адисти даярдоо өзү оңой эмес, азыр IT жаатындагы адистер да керек. Буга чейин Россиядан окутуп келебиз, ошону менен бирге бул жаатта Кытай менен байланышты тереңдетсекпи деп турабыз. Себеби, өнүккөн жерден окуп, алдыда бара жатканды ээрчигенге аракет көрүү зарыл. 

-Бүгүнкү күндө, метеостанциялардын, гидропосттордун жаңылануусу кандай жүрүүдө?  Канчасы жаңыланды, канчасы эски бойдон?

-Бүткүл дүйнөлүк банктын каржылоосу менен модернизация жүрдү. Биринчи фаза менен 50 жакын гидропосттор менен метеостанцияларды жаңылоого жетише алдык. Азыр да жаңылоого 50 чукул объектти даярдап жатабыз. Экинчи фазаны ишке ашырууга даяр турабыз. Негизинен автоматташтырылган метеостанцияларды курабыз жана гидропоссторду жаңылайбыз. Бизде, 1985-жылга чейин 286 тармак болгон. Бүгүнкү күндө, 150-үн тегереги. Дээрлик эки эсеге азайып кеткен десек болчудай. Мунун себеби, 90-у жылдары бул объектилерге иштегендерге эмгек акы төлөй албай, жапканга туура келген.  Азыр дагы бир жаңы долбоор бар, Айыл чарба министрлиги менен бирге гидропостторду жаңылоо боюнча иштерди алып барып жатабыз. Жакынкы 10 жыл аралыгында Кыргызгидромет мурдагы калыбына келип калат деген ойдомун. 

-Мурда жабылып калган метеостанция жерлери сакталып калганбы?

  -Жок, көпчүлүгү менчиктештирилип кеткен экен. Эң өкүнүчтүүсү көп станциялар жабылып калган, менчиктештирилип кеткен, жер-жерлери менен жоголуп кеткен учурлар да бар. Бүгүн болсо ошолордун зарылчылыгы ачыкка чыгып атат.

-Чүй облусунун Байтик айыл өкмөтүнүн аймагындагы метеостанция жери да талаш-тартыш жаратты эле. Чечилдиби ал маселе?

-Мен бул кызматка келгенде эле, ал маселе боюнча прокуратурага арыз менен кайрылганбыз, азыр текшерүүнүн жыйынтыгын күтүүдөбүз.

-Сиз салыштырмалуу жакында кызматка келдиңиз, жетекчи катары алдыңызга кандай максаттарды койдуңуз? Кандай чоң иштерди жүзөгө ашырам деп жатасыз?

-Биринчи максат – жаш кадрларды тарбиялап өстүрүү. Бүгүнкү күндө 70-80 чыккан адистерибиз жакшы иштеп жатат, бирок алардын ордун ким басат, ордуна ким келет деген суроо бар. Бул жаатта университеттер менен иштеп, жана өзүбүздөгү жаш кадрларды кармап калууга баардык аракеттерди көрүп жатам. Экинчиден, Агенттиктин түзүмүнө өзгөртүү киргизүү керек. Себеби, биринчиден өзүбүздү-өзүбүз көзөмөлдөшүбүз керек, анан стратегиябыз болуш керек, себеби келгенден бери стратегияны көрө алган жокмун, биз кайда барабыз, кантип барабыз, кайерге чейин барабыз  деген. Анткени, быйыл кайда барабыз, келерки жылы кайда барабыз деген алдыда план болуш керек. Азыркы учурда ушул документтин үстүнөн иштеп жатабыз. Эгер биз, жок дегенде, алдыбыздагы 20-30 жылдык багытыбызды аныктап албасак, кайда барчу жерибизди билип албасак, тумандын ичинде эле бараткандай болуп калабыз. Түзүмгө жалпыланган маалыматт топтоо боюнча өзгөртүү киргиздик. Себеби ар бир бөлүм өз алдынча иш алып барат экен, эми ошону бир жерге топтоп, талдоо жүргүзүп, кимдики туура чыкты, кай жерден ката кетти деп, жалпылаштырабыз. Андан сырткары, биздин берген маалыматтын акталышы боюнча сөзсүз түрдө көзөмөл болушу керек. Аналитика боюнча ыкчам бөлүм түзүп жатабыз. Моделдештирүү боюнча да атайын бөлүм ачып жатабыз, себеби моделдештирүү замандын талабы, ансыз өнүгүү да болбойт.  Илим өнүгүп атат, техника алдыга кетип жатат, биз да артта калбашыбыз керек.  Анан, мен таза, адилет, калыс иштегенге чоң маани берем.  Жетекчи таза болбосо, адилет болбосо ишке доосу тийет, эмгек жамаатта ынтымак кетет.

-Коомчулук Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнө дайым чоң көңүл буруп келет эмеспи. Суу көлөмү боюнча кандай божомолдор бар? Кургакчылык маалы башталды деген да маалыматтар чыгууда...

-Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү көп жылдык норманын чегинде болуп атат. Азайып же көбөйүп кеткен жери жок. Былтыркыга салыштырмалуу бир аз азыраак, бирок ошол денгээлге чыгабыз деген ойдобуз. Мисалы, былтыр ушу маалда, 12 июлга карата суунун көлөмү 17 миллиард 856 миллион кубометр болсо, быйыл бул көрсөткүч 15 миллиард 895 миллион кубометрди түзүүдө. 10 пайызга азыраак салыштырмалуу. Былтыр ушу маалда суу сактагычка кириши секундасына 1169 куб метр болсо, быйыл 1023 куб метр болууда. Чыгышы 455 куб метр жана 412 куб метр болууда, бул деген тийешелүү уюмдар сууну жакшы эле үнөмдөп атат дегенди билдирет. Абанын ысышы 4300 метр бийиктике чыкты, өткөн күндөрү 4500 метре чейин чыккан. Бул дегендик абанын ысышынын бийиктикке көтөрүлүшү менен мөңгүлөрдүн эриши байлантыштуу болуп, суунун көлөмүнө таасир этет.

-Июль ичи аба ырайы кандай болушу күтүлүүдө?

-Азыр жайдын ортосу, саратан. Ысый турган мезгил. 37-38 градус кадимки эле көрүнүш, көп жылдык норманын чегинен чыгып кеткен жок. Ушундай эле болот. Жакынкы күндөрү август айыныкын беребиз. 

-Маегиңизге чоң рахмат, ишиңизге ийгилик!

-Сиздерге да ыраазычылык билдирип, гезитиңиздерге ийгиликтерди каалайм!

(Автор:Сергей ИВАНОВ / Редактор:GL)