WeChat      Избранное

Зайнидин Жумалиев: “Кытай рыногу дүйнөгө ачык экендигин, болуп өткөн жарманке дагы толук тастыктады”

04/12/2018  Источник:оригинал   шрифта:

Зайнидин Жумалиев: “Кытай рыногу дүйнөгө ачык экендигин, болуп өткөн жарманке дагы толук тастыктады”

Сүрөттөр З. Жумалиевдин өздүк архивинен жана интернеттен алынды

5- 10-ноябрь күндөр аралыгы Кытай Эл Республикасынын Шанхай шаарында “Кытай Эл аралык Импорт ЭКСПО” аттуу эл аралык биринчи Кытайдагы импорттук товарлардын жана кызматтардын жарманкеси болуп өттү. Бул иш-чара Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлиги менен бирге Шанхай өкмөтү тарабынан уюштурулуп, Дүйнөлүк Соода уюмунун жана Бириккен Улуттар уюмунун Өнөр жайды өнүктүрүү тармагынын колдоосунун алдында өткөрүлдү. 

Жарманкеге дүйнөнүн 130 мамлекети катышып, 3600дөн ашуун компания өз жетишкендиктерин дүйнөгө жана Кытай элине жакындан тааныта алышты. Муну менен катар эле, эл аралык соода байланышын чыңдоого, аны өнүктүрүүгө бул көргөзмө мыкты мүмкүнчүлүк түзүп берди. 

“Кытай Эл аралык Импорт ЭКСПО” эл аралык жарманкесине Кыргызстандан дагы барган делегация катышып, кытай ишкерлерине биздин инвестициондук мүмкүнчүлүктү жакындан таанытып келишти. Муну менен катар, эки коңшу мамлекет ортосунда бир катар кызматташуу келишимдерине дагы кол коюлуп, кызматташуу алакасы түзүлдү. 

Биз тараптан барган делегацияны Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев жетектеп, анын курамына КРдин Соода-өнөр жай палатасынын, Инвестицияны илгерилетүү жана коргоо агенттигинин өкүлдөрү менен катар кыргызстандык ишкерлер дагы киришти. 

Мына ушул Шанхай жергесине болгон сапар, “Кытай Эл аралык Импорт ЭКСПО” аттуу эл аралык биринчи Кытайдагы импорттук товарлардын жана кызматтардын жарманкеси тууралуу биздин гезитке, делегациянын жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин Аймактар аралык башкармалыгынын башчысы Зайнидин Жумалиев маалымат берип, кызыктуу маек куруп берди. 

-Зайнидин агай, Кытай Эл Республикасынын каржы жана соода борбору болгон Шанхай шаарында болуп өткөн “Кытай Эл аралык Импорт ЭКСПО” эл аралык жарманкесине барып катышып келдиңиздер, ушул иш-чара, анын башкы максаты тууралуу айтып берсеңиз?

-Чындыгында, бул жарманке өтө жогорку деңгээлде уюштурулуп, дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан меймандарды, ишкерлерди кабыл алды. Алардын арасында Кыргызстан, биз дагы болдук. 

Жарманкенин расмий ачылыш аземинде, КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин иш-чаранын бардык катышуучуларына ийгилик каалоо менен бирге, Кытай Эл аралык импорт жарманкеси-эл аралык соода карым-катнаш кызматташтык алакасын өнүктүрүү тарыхында “жаңычылдык” кадам болуп жаткандыгын айтып, Кытай дүйнө жүзүндө импорттоо жана керектөө багытында көлөмү боюнча экинчи орунда тураарын белгилеп өттү. 

Муну менен катар, Кытай лидери “Кытай Эл Республикасында алгачкы саясат-бул импортту көбөйтүү болуп жатат. Бизге дагы башка мамлекеттердин товарлары кирсин. Кытай бардык кызматташууга ачык. Бажы алымдарын дагы азайтууга мүмкүнчүлүктөрүбүз болот, аны карайбыз” –деген ойлору менен дагы бөлүштү. 

Биринчи импорт жарманкеси Кытай Эл Республикасынын Реформа жана ачык саясатынын 40 жылдык мааракесине дагы шайкеш келди. ушул 40 жыл аралыгында Кытай, чындыгында эле жалпы дүйнөнүн өнүгүшүнө таасирин тийгизген мыкты ийгиликтерди жарата алды. Бул кадам регионалдык жана эл аралык байланыштарды, карым-катнаштарды бекемдөөдө зор роль ойноду десек жаңылышпайбыз. Биринчи Кытай эл аралык жарманкеси дагы коңшу мамлекеттин ачык саясатын толугу менен көрсөтүп, 40 жылдан бери жүргүзгөн реформаларынын жетишкен ийгиликтеринин көргөзмөсү боло алды. 

Зайнидин Жумалиев: “Кытай рыногу дүйнөгө ачык экендигин, болуп өткөн жарманке дагы толук тастыктады”

40 жылдык ачык реформалар Кытайдын жана дүйнөнүн коңшу мамлекетке болгон көз карашын толугу менен өзгөртүп, абдан чоң өзгөрүүлөргө дуушар кылды. Алгач, дүйнө өлкөлөрүнүн рыногун изилдеп, башка мамлекеттердин тажрыйбасы менен таанышып, окуп үйрөнсө, учурда башка өлкөлөр Кытайга келип үйрөнүп жатышат. Дүйнөгө ачык болгон Кытай, башка мамлекеттер менен карым-катнаш түзүп, жеке гана өз продукцияларын экспорттобостон, учурда, сырттан товар сатып алууга дагы кызыкдар экендигин билдирип, дүйнөдөгү бирден-бир масштабдуу керектөөчү катары дагы өзүн сунуштай алды. 

Кытай рыногунун эшиги бардыгына ачык экендигин, бул болуп өткөн жарманке дагы толук тастыктады десем болот. Муну менен катар, ушул иш-чара аркылуу Кытай эл аралык соода кызматташтыгынын платформасын сунуштап, аны өнүктүрүүгө барандуу салымын кошкондугу айкын. Башкы максаты, дагы дал ушул карым-катнаштарды бекемдеп, эл аралык соода алакасын чыңдоо, ишкерлерге колдоо көрсөтүү, Кытай рыногунун мүмкүнчүлүгү менен жакындан тааныштыруу болду. Муну менен катар эле, Кытайга киргизилген чет элдик жаңы, заманбап өндүрүш технологияларынын санын көбөйтүү, жогорку сапаттуу айыл-чарба продукциялары менен элди камсыз кылуу ж.б.у.с. максаттарды дагы жарманке ичине камтыды. 

Чындыгында, Кытай Эл Республикасы бул иш-чара аркылуу эл аралык соода тарыхында абдан маанилүү кадам таштады. Анткени, дүйнө жүзү боюнча толугу менен импорттук товарларга арналган биринчи эл аралык жарманкени алгачкылардан болуп уюштурду. Бул эми, жыл сайын өтүп туруучу, салттуу жарманкеге айланып калмакчы. 

Көргөзмөнүн аймагы ишкерлер үчүн кызматташуунун эң мыкты шарттарын түзүп берип, бир катар келишимдерди түзүүгө дагы мыкты өбөлгө болуп берди. 

Зайнидин Жумалиев: “Кытай рыногу дүйнөгө ачык экендигин, болуп өткөн жарманке дагы толук тастыктады”

-Сиздердин Шанхай шаарына, жарманкеге болгон сапарыңыздар кандай болду, ийгиликтүү өттүбү? 

-Жогоруда айтылгандай, Биринчи Кытай импорт жарманкесине Кыргызстандан дагы бир катар өкүлдөр барып катышып келдик. Мен делегациянын башында болдум. Сапарыбыз ийгиликтүү болду. Негизи эле, мындай масштабдуу иш-чаралар бардыгыбыз үчүн пайдалуу экендиги шексиз. Кытай эли өзүнүн меймандостугу менен дагы белгилүү эмеспи. Баарыбызды абдан жакшы тосуп алышты, иш-чара мыкты маанайда өттү. 

5-ноябрда жарманкенин ачылыш аземи жогорку деңгээлде өткөрүлүп, Форум менен коштолду. 6-ноябрда болсо, биз жарманкенин павильондорун кыдырып, дүйнөнүн төрт бурчунан келген технология, айыл-чарба продукциялары, экспонаттар менен тааныштык. Ал жакта Кыргызстандан дагы эки компания айыл-чарба продукциясынын көргөзмөсү менен катышышты. Биздин тоо балы Кытай жергесинде абдан бааланаарына, дагы бир жолу ушул көргөзмөдө күбө болдум. Анткени, ал павильондордон кытай жарандарынын аягы үзүлбөдү. Бардыгы өзгөчө кызыгуу менен биздин балдын даамы менен таанышып жатышты. 

Ал эми, 7-ноябрь күнү болсо биз “Хунцяо” аттуу 1-эл аралык Форумга катыштык. Анда, эл аралык соода карым-катнашына багытталган темалар талкууланып, ой-пикирлер жана сунуштар айтылды. Форумдун башкы максаты- глобалдуу соода айдыңында жаңы булактарды табуу, ачык жана өз ара пайдалуу өнөктөштүктү түзүү, өнүктүрүү болду. 

Форумдун жүрүшүндө, Кыргызстандын инвестициондук мүмкүнчүлүктөрү менен Кытай Эл Республикасынын Коммерция министрлигин, бизнес-чөйрөсүнүн өкүлдөрүн тааныштыруу максатында бир катар жолугушууларды өткөрдүк. Негизинен, аймактардын инвестициондук потенциалын презентациялар аркылуу сунуштадык. Буга мисал катары, Ат-Башы районунда курула турган логистикалык борборду айтсак болот. 

Азыр Ат-Башы аймагынан эки жүз гектар жер бөлүнүп, ошол жерге чоң соода түйүндөрүн, логистикалык борборлорду жана өндүрүш ишканаларын куруу иштери каралып жатат. Ал жерде чек арачылар жайгашып, кампалар курулат, транспорт системасы да болот. Анан албетте, лаборатория да болушу абзел. Ал жактан, сапаты жагынан эл аралык деңгээлге жооп берген продукцияны сыртка чыгарганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. 

Зайнидин Жумалиев: “Кытай рыногу дүйнөгө ачык экендигин, болуп өткөн жарманке дагы толук тастыктады”

Биз азыркы тапта, бажы биримдигине мүчөбүз. Мурун биздин рынок бир эле Кыргызстандын ичинде болсо, ал эми, учурда беш өлкөнү камтып турат. Булар Россия, Казакстан, Армения, Беларусь жана Кыргызстан. Ошондо, 180 миллион калктын рыногуна Кытайдан келген продукция, же болбосо өндүрүш иштерин биздин аймакта жайгаштыра турган болсо, анда “Кыргызстандан өндүрүлгөн” (made in KG) деген ат менен Бажы биримдигине кирген мамлекеттерге, бажы төлөмү жок киргизгенге мүмкүнчүлүк алышат.

Мындан сырткары, биздин продукция болобу, Бажы биримдигинин курамындагы өлкөлөрдүн товары болобу, эгерде биз Кытайга экспортко чыгара турган болсок, ошондо ушул логистикалык борбордон Кытайга чыгарууга чоң мүмкүнчүлүк пайда болот. Бул логистикалык борборду куруу үчүн учурда инвесторлор керек болууда. Ага болжол менен 200 миллион доллардын тегерегинде акча-каражаты сарпталат. 

Ошондуктан, биз Шанхайга барганда дагы ушул логистикалык борбор боюнча кытай тилинде презентация кылып келдик. Кытай тараптын борборго болгон кызыгуусу абдан күч. Учурда, бул багытта өкмөттүк деңгээлде жумуш жүргүзүлүүдө. 

Мына ушул максаттагы жолугушуулардан сырткары, жарманкенин жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Кытай Эл Республикасынын ортосундагы электрондук соода-сатыкты өнүктүрүү жаатында жана бизден Кытайга продукция жеткирип туруу багытында эки тараптуу кызматташтык Меморандумдарына дагы кол коюлду. Бул дагы да болсо, алдыдагы чоң байланыштарга карай ташталган, алгачкы ишенимдүү кадамдар болду десек болот. 

Ушул багыттагы иш-чараларга Кыргызстандын катышуусу, алдыда биздин бизнес-чөйрөнүн өкүлдөрүнө Кытай рыногуна чыгуусуна мыкты өбөлгө болуп бермекчи. Бардыгыбыз көрүп-билгендей Кытай өнүгүп-өсүүдө, ал жакта айыл-чарба продукцияларына өзгөчө муктаждык бар. 

Зайнидин Жумалиев: “Кытай рыногу дүйнөгө ачык экендигин, болуп өткөн жарманке дагы толук тастыктады”

-Ушул багытта кеп салып берсеңиз, айыл-чарба продукцияларын Кытай рыногуна киргизүү жаатында бизде дагы кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

-Чындыгында, азыркы мезгилде, бизден экспорт азайып, көбүнчө кытайдын товарларын алып калдык. Акыркы жылдардагы аракетибиз Кытай рыногуна биздин продукцияны чыгаруу болуп жатат. Кыргызстан тоолуу өлкө болуп, экологиялык таза айыл – чарба продукцияларына бай десем жаңылышпайм. Биз товарларды Нарын аймагынан Торугарт, түштүк жактан болсо Эркечтам аркылуу өткөрүп келебиз дагы да болсо ушул эки өтмөк аркылуу өткөн товардын санын көбөйтүү заман талабы. 

Азыркы убакта, Кытай Эл Республикасынан болжол менен 1.5 миллиард доллардын тегерегинде товар алып чыгып жатабыз. Ушул эле учурда, маалыматтар боюнча 50 миллион доллардын тегерегинде гана товарды Кытайга импортко киргизип жатабыз. Ошондуктан, биздин башкы максат жана милдет Кытай рыногуна ушул биздин айыл-чарба продукцияларын киргизүү. Бул кадам албетте, кыргызстандык ишкерлер, өндүрүүчүлөр үчүн дагы мыкты мүмкүнчүлүктү түзмөк. Жалпы эле, Кыргызстандын экономикасынын өнүгүүсүнө дагы өбөлгө болуп бермек. 

Учурда, Кытай рыногуна чыгууга мыкты шарттар түзүлгөнү жатат. Биз коңшу мамлекеттин рыногуна эмнени жөнөтө алабыз? Бардыгыбыз билгендей, Кыргызстан экологиялык таза айыл-чарба продукцияларына бай. Кытайда биздин эт-сүт азыктарына, жашылча-жемиштерге суроо-талап көп. 

Кытайдын калкы учурда 1 миллард, 300 миллионду түзөт. Анын рыногу эбегейсиз. Бизге Кашгар шаарынын же болбосо Синьцзян-Уйгур автономдуу облусунун рыногу эле жетиштүү болмок. Жогоруда белгилегендей, Кытай рыногу биз үчүн географиялык жактан дагы абдан ыңгайлуу, бизде эки өтмөк, Торугарт жана Эркечтам бар.

Быйыл, Бишкек-Нарын-Торугарт жолу 539 км жолубуз бүтүп, расмий түрдө колдонууга берилди. Мына, ушул жолду дагы толук кандуу пайдалануубуз абзел. Биз коңшу мамлекет тарабынан берилген ушундай мүмкүнчүлүктөрдөн пайдалануубуз керек. 

Мына, жарманке соңуна чыккандыгына аз гана күн болгондугуна карабастан, ал жактан жолуккан кытай ишкерлери учурда, Кыргызстанга келип, жакындан таанышып жүрүшөт. Эгерде, эки тараптуу кызматташууга ыңгайлуу шарттар болсо, биздин жергиликтүү компаниялар менен биргеликте иш жүргүзүүгө алар даяр. 

Ошондуктан, эки тараптуу кызматташууларга дагы да болсо жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, биздин продукцияны экспортко кытай рыногуна чыгарууга ыңгайлуу шарттар жаралмакчы. Бул иштерди жүзөгө ашырууга кыргыз-кытай, эки тарап тең кызыктар. 

Зайнидин Жумалиев: “Кытай рыногу дүйнөгө ачык экендигин, болуп өткөн жарманке дагы толук тастыктады”

“Кытай Эл аралык Импорт ЭКСПО” жарманкесинде жалпысынан 57,83 миллиард АКШ долларын түзгөн макулдашууларга кол коюлган 

Бул тууралуу 10-ноябрь күнү, эл аралык жарманкенин жыйынтыгында уюштурулган басма сөз жыйынында маалым болгон. Синхуа маалымат агенттиги тарабынан белгиленгендей, жыл ичинде сатып алына турган товарлардын жана кызматтардын жалпы көлөмү 57,83 миллиард АКШ долларын түзмөкчү. 

“Кытай Эл аралык Импорт ЭКСПО” жарманкеси-дүйнө жүзүндөгү алгачкы мамлекеттик деңгээлде уюштурулган импорттук жарманке болуп саналат. Ошондуктан, анын эл аралык соода-сатык байланышын өнүктүрүүдө жана чыңдоодо анын кошкон салымы зор. Бул кадам, эл аралык соода тарыхында “улуу иш” катары бааланып калмакчы. 

Кытайдын дүйнөгө карата кылган бул ыктыярдуу кадамы, ачык дүйнөлүк экономиканын курулушун колдоого жана экономикалык глобалдаштырууну сактоого карата ташталган маанилүү кадам болуп калмакчы.

Берилген маалыматтар боюнча, интеллектуалдык жана жогорку технологиялык жабдууларга түзүлгөн келишимдердин жалпы суммасы 16,46 млрд АКШ долларын, тамак-аш жана айыл-чарба продукцияларына болсо 12,68 млрд АКШ долларын, унааларга болгон келишимдер 11,99 млрд АКШ долларын, медициналык аппараттар, дары-дармек жана саламаттыкты бекемдөө каражаттарына карата түзүлгөн макулдашуулар 5,76 млрд АКШ долларын, электрондук жана турмуш-тиричилик техникаларын ичине камтыган келишимдер 4,33 млрд АКШ долларын, кийим-кече, кооздук буюмдары жана күнүмдүк керектелүүчү товарлар 3,37 млрд АКШ долларын, ал эми кызматтар 3,24 млрд АКШ долларын түздү. Муну менен катар, “Бир алкак-бир жол” мамлекеттери менен түзүлгөн келишимдердин көлөмү дагы 4,72 млрд АКШ долларына жетти. 

Жарманкеге 130 мамлекеттен 3600дөн көп компания катышты. Аны 400 миңден ашуун кытай жана чет өлкөлүк ишкерлер келип, көрүп кетишти. Көргөзмөнүн жалпы аянты 300 миң квадрат метрди түздү. Ал эми, жарманке болуп өткөн беш күн аралыгында ага жалпысынан 800 миңден ашуун адам келип, катышып кеткен. 

Эксперттер тарабынан “Кытай Эл аралык Импорт ЭКСПО” эл аралык жарманкесине абдан жогору баа берилип, анын келечеги кең экендиги айтылды. Бул кадам аркылуу Кытай ачык реформалар саясатын дагы бекемдеп, дүйнө мамлекеттери менен тыгыз иштешүүгө даяр экендигин тастыктай алды. 

Кытай рыногуна сырттан келген товарлардын көбөйүүсүнө кам көрүп, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип жаткандыгы коңшу мамлекеттин заман менен бирге кадам шилтеп, жаңычылдыктарга ар дайым ачык экендигин далилдеди. Бул эл аралык соода жарманкеси жеке гана Кытай үчүн керектүү болбостон, бүтүндөй дүйнө мамлекеттери үчүн дагы ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн борбору болуп калды. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)