WeChat      Избранное

“Кытай коммунисттик партиясынын тарыхы” жана “Кытай таануу” китептери кыргыз тилинде жарык көрдү

14/11/2018  Источник:оригинал   шрифта:

“Кытай коммунисттик партиясынын тарыхы” жана “Кытай таануу” китептери кыргыз тилинде жарык көрдү

Китептердин бет ачар аземинен бир көз ирмем.

26-октябрь күнү Бишкек шаарында “Кытай коммунисттик партиясынын тарыхы” (1949-1978) жана “Кытай таануу” китептеринин бет ачары болуп өттү. Бул китептер Кытай Эл Республикасынын борборунда, Пекин шаарында жайгашкан “Улуттар” басмасынын демилгесинин жана колдоосунун алдында, толугу менен каржыланып, Кыргызстанда жарыкка чыкты. 

“Кытай таануу” китеби белгилүү кытай жазуучусу Су Шу Яңдын эмгеги, ал китеп “Улуу тоолор” басмаканасында басылып, Жумадин Кадыровдун аракети менен ишке ашкан. Толкун Турду тарабынан которулган. Ал эми, “Кытай коммунисттик партиясынын тарыхы” китебинин 2-томдугунун 3 бөлүгү Н. Рысмендеева, Э. Эмилбекова, Б. Иличбекова, Р.Курманбекова тарабынан кыргызчаланып, “Оптима технолоджис” басмасынан, анын директору Дмитрий Козловскийдин эмгегинин арты менен жарык көрдү. 

Китептердин бет ачар аземи “Улуу тоолор” жана “Оптима технолоджис” басмаканалары тарабынан уюштурулуп, иш-чарага Кытай Эл Республикасынын “Улуттар” басмасынын жетекчисинин орун басары Гао Лей айым менен катар, аталган басманын өкүлдөрү Бакытбек Токтобек уулу, Гүлбахар Муханбет, Гүлбахар Маола, Ырдунчаолу мырза, кыргыз эл жазуучулары Өскөн Даникеев, Кеңеш Жусупов, “Манас жаңырыгы” ТРКсынын директору Темирбек Токтогазиев, “Рухэш” сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакир, окумуштуу Аттокур Жапанов, белгилүү журналист Болот Таштаналиев ж.б. бир катар сыйлуу меймандар келип катышышты. 

Иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөгөндөр тарабынан, Кыргыз Республикасынын жакынкы кошунасы, маанилүү өнөктөшү Кытай Эл Республикасы экендиги айтылып, Кытай Коммунисттик Партиясынын колдоосу аркылуу “Манас” эпосун Кытай мамлекетинде жашаган чакан этностордун бири болгон кыргыздардын манасчылык өнөрүн сактоо мүдөөсү менен “Манас” эпосун ЮНЕСКОнун заттык эмес мурастарынын, “манасчылык” өнөрдү эл аралык руханий дөөлөттөрдүн тизмесине 2007-жылы каттаткандыгы тууралуу кеп болду. 

Муну менен эле катар, кыргыздар жөнүндөгү алгачкы маалыматтар Кытай булактарынан табылгандыгы айтылып, бул жөнүндө кытай жыл баяндарындагы Хань династиясынын белгилүү тарыхчысы, жазуучусу Сыма Цяньдын “Щи цзи” эмгегинде жазылып калгандыгы тууралуу кептер айтылды. 

Ошондой эле, жакын кошунабыздын башынан өткөргөн тарыхы жазылган бул китептер, окурманга Кытай Эл Республикасы кантип жаралып, бутуна кандай тургандыгы жөнүндө кенен маалымат бере тургандыгы белгилүү болду. 

“Кытай коммунисттик партиясынын тарыхы” жана “Кытай таануу” китептери кыргыз тилинде жарык көрдү

Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде...

Ал эми, “Кытай таануу” китебинде “Кытай кандай мамлекет?, ал кандай жолдорду басып өттү?, узун тарыхка эгедер кандай цивилизациясы бар?”-деген суроолорго жоопторду толук тапса болот. 

Жалпысынан, эки элдин достугу жана кызматташтык алакасы жөнүндө сөз болуп, иш-чара мыкты маанайда жыйынтыкталды. 

Бул негизинен “Улуттар” басмасынын Кытайдагы кыргыздар, уйгурлар, казактардагы чыккан китептерден кийин, Казакстанда “Кытай коммунисттик партиясынын тарыхы” китебинин 1-томдугу жарык көргөн. Ал эми, Кыргызстанда болсо пилоттук долбоор катары алгачкы жолу басылып чыкты. Китептер билим адамдарына, чет өлкөлөрдүн тарыхына кызыккан окумуштууларга, деги эле башка элдин тарыхына, баскан жолуна сереп сала жаңы бир нерсени үйрөнүүнү каалаган жаштарга, студенттерге жана китеп сүйүүчүлөргө сунушталат. 

Эгерде, ушул китепти окуп, үйрөнүүнү каалагандар болсо, Кыргызстандын бардык китепканаларынан жана жогорку окуу жайларынын китепканаларынан тапса болот. Китеп бул мекемелерге бекер таратылып берилмекчи. 

Иш-чаранын жүрүшүндө “Улуттар” басмасынын жетекчисинин орун басары Гао Лей айым дагы сөз сүйлөп, китептердин бет ачар аземине келип берген бардык меймандарга ыраазычылык билдирүү менен, Кыргыз эл жазуучулары Өскөн Даникеев, Кеңеш Жусуповго дагы өзгөчө урматтоосун билдирип, рахматын айтып өттү.Ал өз сөзүндө: “Бүгүн биз Бишкек шаарында “Кытай коммунисттик партиясынын тарыхы” китебинин 2-тому менен катар “Кытай таануу” китебинин бет ачар аземин өткөрүп жатабыз. Ушул иш-чараны уюштуруп берген “Улуу тоолор” жана “Оптима технолоджис” басмаканаларына ыраазычылыгымды билдирем”-деди. Гао Лей айым Кыргызстанга алгачкы жолу келип жаткандыгын дагы маалымдап, кыргыз элинин меймандостугуна күбө болуп, жаратылышынын кооздугуна суктангандыгын айтып өттү. 

Муну менен катар, ал “Улуттар” басмасынын башкы максаты, маданият, адабият аркылуу эл аралык мамилелерди бекемдөө экендигине токтолуп, Жусуп Мамайдын вариантындагы “Манас” эпосу, дүйнөнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун дагы бир катар чыгармалары дал ушул басмада кытай тилинде жарык көрүп, кытай окурмандарына сунушталгандыгын дагы айтып өттү. 

“Улуу тоолор” басмаканасынын жетекчиси Жумадин Кадыров дагы өз сөзүндө “Улуттар” басмасы тууралуу кыскача маалымат берип, “Улуттар басмаканасы 1953-жылы уюштурулган. Бардыгыбыз билгендей, 1949-жылы Кытай Эл Республикасы негизделген. Мына ошондон көп өтпөй эле, 4 жылдан кийин “маданиятты, адабиятты өнүктүрүү керек” деген максаттын негизинде “Улуттар” басмасы өз ишмердүүлүгүн баштаган. Учурда, аталган басмада 300дөн ашуун кызматкер иштейт. Басмада жылына миңге жакын китеп басып чыгарылат. “Улуттар” басмасы мамлекеттин ичиндеги эле иштер менен чектелбестен, кошуна өлкөлөргө дагы колун сунуп, маданиятты, адабиятты жайылтуу максатында дагы жакшы иштерди жүргүзүп жатышат”-деп сөзүн жыйынтыктады. 

“Кытай коммунисттик партиясынын тарыхы” жана “Кытай таануу” китептери кыргыз тилинде жарык көрдү

Гао Лей айым жана Бактыбек Токтобек уулу.

Кызыл түс – коммунизмдин символу 

Ал эми, “Кытай Коммунисттик партиясынын тарыхы” (1949-1978) китебинин техникалык редактору Айбек Эмилбеков болсо: “Албетте, ар бир адам ѳзүнүн ѳлкѳсүнүн тарыхын, ата-бабасынын баскан жолун, кылымдарды карытып сакталып келген үрп-адат, каада салтын билүүгѳ милдеттүү. Бирок, буга удаалаш ѳз билимин, дүйнѳ таанымын ѳнүктүрүүнү каалагандар, аң-сезимин байытууну самагандар башка дүйнѳ элдеринин тарыхы менен да тааныша жүргѳнү дурус болот. Мына ушундай багытта кадам таштаган инсандар үчүн бүгүнкү сиздердин алдыңыздарга сунушталып жаткан «Кытай Коммунисттик партиясынын тарыхы» китеби да ѳз кезегинде маанилүү маалыматтардан кабар бере алат”-деп, китеп тууралуу өз ою менен бөлүшүп, андан соң китептин техникалык жагы менен дагы иш-чаранын катышуучуларын тааныштырып өттү. 

“Эми, китептин техникалык жагы жѳнүндѳ сѳз кылып ѳтѳлү. Китептин кызыл болуп басылышы жана андагы китептин аталышынын сары түстѳ жазылышы бул жѳн жерден эмес. 

Кытай Коммунисттик партиясынын желеги 1942-жылы 28-апрелде ККП БКнын Саясий бюросунун буйругу менен түзүлгѳн. Баарыбызга белгилүү болгондой, кызыл фондо ККПнын сары түстѳгү эмблемасы орок жана балка жайгаштырылган. Кызыл түс – коммунизмдин символу. Ал эми андагы кайчылашкан орок жана балка – жумушчулардын жана дыйкандардын биримдигин чагылдырат. Сары ѳң – социализм идеологиясынын ачыктыгы жана кемчиликсиздигин билдирип турат жана Кытайдын кытай элине тиешелүүлүгүнѳн кабар берет.

Ал эми ичиндеги барагы атайын Алматыдан тапшыры менен алынып келинген барактар. Учурда дүйнѳнүн алдыңкы басмаканаларында ушундай барактарды колдонушат. Бул барактын сапаты ал китептин канчалык маанилүү экенинен кабар берет. Экинчиден сүрѳттѳр дагы мындай баракка жогорку сапатта отургузулат”-деп, өз сөзүн соңуна чыгарды. 

Кытай Эл Республикасынын “Улуттар” басмасынан келген атайын топ Кыргызстанда эки күн болуп кайтышты. Ушул убакыт аралыгында, кыргызды дүйнөгө тааныткан жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун үй-музейинде дагы зыяратта болушуп, эмгектерин талкуулашып, улуу жазуучунун дүйнө адабиятына кошкон салымы дагы зор экендигин да баса белгилешти. 

Чындыгында, кытай окурмандарынын Чыңгыз Айтматовдун китептери менен жакындан таанышып, анын чыгармаларын окуп, үйрөнүүсүнө аталган басманын эмгеги дагы барандуу экендиги талашсыз.

“Кытай коммунисттик партиясынын тарыхы” (1949-1978) китеби тууралуу кыскача маалымат 

Бул китеп руханий байлык. Ал толугу менен Кытай Эл Республикасынын-“дүйнө өнөрканасынын” өнүгүү жолундагы баскан жолу тууралуу айтып берет.

Үч томдук тарыхый китептин 1-бөлүгүндө Кытай Эл Республикасынын негизделиши жана социализмге өтүү мезгилинде (1949 – 1956-ж.ж.) Кытай коммунисттик партиясы дуушар болгон кыйынчылыктар, аны жеңип чыгууда партиянын жүргүзгөн иштери, ККПнын жетекчиси Мао Цзэдундун кабыл алган чечимдеринин негизинде эл аралык кырдаалды жөнгө салууга жаңы Кытайга тышкы саясаттагы стратегиялык багытты өз колуна алууга мүмкүндүк бергендиги кеңири баяндалган. 

Өткөөл мезгилде Кытайдын экономикасы пландуу курулушту баштаган, “Кытай Эл Республикасынын Конституциясы” кабыл алынган, өлкөдө социалисттик система орногон. Бул кадамдар кытай элинин тарыхындагы эң маанилүү өзгөрүүлөр экендиги жөнүндө маалымат берилген. 

Китептин 2-бөлүгүндө “Маданий төңкөрүштүн” алдындагы он жыл (1956 – 1966) ичинде, Кытай Коммунисттик партиясынын социализмди куруу жолундагы кыйынчылыктарды жеңиши, өлкөдө түптөлүп калган экономикалык, саясий, маданий базанын негизинде партиянын жетекчилигинин жетишкен ийгиликтери, “Чоң секирик” кыймылы социализмди курууда олуттуу кадам болгондугу баяндалат. 

Кытай Эл Республикасынын тышкы саясий багыты, АКШнын “Эки Кытайды” түзүүдөгү аракетине каршылык көрсөтүүсү, СССР, Индия жана башка мамлекеттер менен болгон мамилелеринен кеңири маалымат берилген. 

Үчүнчү бөлүктө Кытай Эл Республикасындагы “Маданий төңкөрүш” (1966-1976) мезгилиндеги окуялар камтылган. 

Мао Цзэдун баштаган “Маданий төңкөрүш” учурунда Кытайда социалисттик система мурункудай сакталганы менен “Маданий төңкөрүш” партияга, мамлекетке жана көп улуттуу элге оор кыйынчылыктарды алып келип, өтө кайгылуу унутулгус учур болуп калган. Анын тийгизген зыяны саясий-идеологиялык, маданий, экономикалык жана башка тармактарга орду толгус жоготууларды алып келгени баяндалат. 

1976-жылы “Төрттүн бандасы” мамлекеттик бийликти басып алууну көздөгөнү, бирок, ККПнын Борбордук Комитетинин чечкиндүү иш-аракеттеринин аркасында, “Төрттүн бандасы” жеңилип, “Маданий төңкөрүштүн” алааматы кулаган соң, партия өлкөнү жок болуп кетүү коркунучунан сактап калгандыгы тууралуу кеңири маалымат берилген. 

“Кытай коммунисттик партиясынын тарыхы” жана “Кытай таануу” китептери кыргыз тилинде жарык көрдү

“Кытай коммунисттик партиясынын тарыхы” китебиндеги тарыхый сүртүмдөргө саякат 

Москвага 1949 –жылы 6-декабрда Мао Цзэдун жанында коштогон адамдар менен Бээжинден СССРге жөнөп кетти. Бул сапардын максаты – Сталинди 70-жылдык мааракеси менен куттуктоо, Советтер союзу менен жаңы келишим түзүү, насыя алуу маселелерин талкулоо эле. 

16-декабрда Мао Цзэдун Москвага келди, Сталин менен ошол эле күнү жолукту. Мао Цзэдун мындай дейт: “Азыркы учурда эң негизги маселе тынчтыкты камсыздоо. Кытайдагы маанилүү маселелердин чечилиши келечекте тынчтыктын өкүм сүрүшүнө көз каранды. Сталин ага мындай деп жооп берди: “Азыркы учурда Кытайга түздөн-түз коркунуч туударган нерсе жок. Япония али бутуна тура элек, АКШнын оюнун баары согуш тууралуу болгону менен, чындыгында алар согуштан абдан коркушат. Эгер биз болгон күч-аракетибизди биргелешип жумушай турган болсок, анда биз 5-10 жыл гана эмес, 20-25 жылга чейин, же андан да узак тынчтыкты камсыздай алабыз”. (1-бөлүк 65-бет)

1974-жылы 6-апрелде Дэн Сяопин кытай делегциясын жетектеп БУУнун Генералдык ассамблеясынын чукул чакырылган 6-жыйынына катышуу үчүн Нью-Йоркко келди. Кытай Эл Республикасынын жетекчисинин БУУнун Генералдык ассамблеясына биринчи жолу катышуусу бүткүл дүйнөнүн көңүлүн өзүнө бурду. Делегацияга жетекчиликке Дэн Сяопинди дайындоо Мао Цзэдундун демилгеси эле. Бул чукул чакырылган жыйын сырье жана өнүгүү маселелерин иликтөөгө арналган, БУУ негизделгенден берки эл аралык экономикалык байланыштардагы өзгөрүүлөрдүн маанилүү маселелерин талкууга алган биринчи жыйын эле. 

Кытай өкмөтүнүн тышкы ишинде жүргүзгөн өтөлгөлүү эмгегине баа бербей коюга мүмкүн эмес. Кытай, АКШ, СССР – үч ири күчтүн күрөшүндө Чжоу Эньлай, Мао Цзэдун, Дэн Сяопин жана башка кытайлык жетекчилер дипломатиялык стратегияны жөнгө салуу боюнча ойлорун туура багытка бура алган. Өз учурунда тынчтыкты сактоого көп аракет кылып келишкендиги тууралуу маалыматтар китепте кенен берилген.

Байыркы доордогу төрт чоң табылга 

Су Шу Яңдын “Кытай таануу” китебинен үзүндү...

Кытайдын байыркы доордогу төрт чоң табылгасын бүтүндөй дүйнө эли билет. Ал кагаз жасоо өнөрү, басма өнөрү, компас жана мылтык дарысын жасоо. 

Кагаз жасоо өнөрү: казып алынган маданий мурастардан Батыш Хан доорунда өсүмдүк булаларынан кагаз жасалып алынганы белгилүү болду. Тарыхта кагаз жасоонун бул ыкмасын Чыгыш Хан доорундагы Сай Лүн аттуу адам ойлоп тапканы баяндалат. Бирок, иш жүзүндө, ал болжолу алдыңкылардын кагаз жасоо тажрыйбасын корутундулап, өзгөртүү киргизген адам. Чындыгында, бул өнөрдү ойлоп тапкан адам эмес. Таң доорунда Кытайдын кагаз жасоо өнөрү араб элдерине жайылган. Биздин замандын 11-кылымында, арабдар Испанияны басып алып, ал жакта кагаз жасоочу атайын жайларды курушкан. Ошентип, Кытайдын бул жаңылыгы бүтүндөй Европага тараган. 

Басма өнөрү: басма өнөрү ойлоп табылган доорлор Сүй, Таң доорлору болуусу мүмкүн. Анткени, ошол мезгилдерде оймо-тамга басмасы колдонулган. Биздин замандын 11-кылымынын орто мезгилдеринде, башкача айтканда Суң Рызоң падышанын доорунда, Би Шың куйма тамга басмасы ойлонулуп табылган. Юан доорунда басма өнөрү Европа чөлкөмүнө тарай баштаган. 

Компас: Суң доорунун алгачкы мезгилинде, компас балык пайда болуп, көп өтпөй эле компас ойлонулуп табылып, деңизчилик кесибинде кеңири колдонулган. Түндүк Суң доорунда, компас орнотулган кемелер тобу Түштүк деңиз, Инди океандарына каттаган. Арабдар Кытайга дагы келип соода-сатык менен алектенип жүрүшүп, компасты Европага жайылтышкан. Ал бүткүл дүйнөнүн деңизчилик кесибинин өнүгүүсү үчүн зор салым кошкон. 

Мылтык дарысы: болжолу Таң доорунан мурда эле, мылтык дарысы жасалып, колдонулуп келген. Бирок аны ойлоп тапкан адамдын аты-жөнүн билүү кыйын, асыресе кайсы жылдары ойлонулуп табылганын дагы болжолдоо оор. Биздин замандын 8-9-кылымдарында мылтык дарысын жасоодогу негизги чийки зат селитра да арабдарга тарап, андан соң перс элдерине жайылган. Бирок, 12-кылымдан кийин гана тарыхый барактарда селитра жөнүндө сөз болуп, “Кытайдын кыроосу” деп аталган. Ал эми, перстер болсо, аны “Кытайдын тузу” деп айтышкан.

От курал-жарактарын ойлоп табуу укугу да кытай элине таандык. Бул ойлоп табуу алгач, арабдарга андан соң Европага тараган. 

Илим жана техника жагынан алып айтканда, Кытайдын ойлоп табуулары аябай мол болду. Жогоруда аталган, төрт чоң ойлоп табуудан сырткары, чыны идиштер да дүйнөгө болгон эң таасирдүү чоң жаңылык экендиги талашсыз. Жибекти дагы кытай эли ойлоп тапкан. 

Кытай медицинасы тууралуу айта турган болсок, Кытайда 3000 миң жыл мурда эле мээге операция жасалган. Тарыхый жазууларда Чыгыш Хан доорунда наркоз пайда болгондугу жазылат. 

Чындыгында, мындай ачылыштарды айта берсе абдан көп. Кытай эли дүйнөлүк цивизациянын өнүгүүсү үчүн зор салым кошту. Албетте, муну менен катар чет элдин ийгиликтерин, жетишкендиктерин, тажрыйбаларын дагы өз өнүгүүсү үчүн айкалыштырып, Кытайдын жаңы цивилизацяисын түптөп келүүдө. 

(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)