WeChat      Избранное

2021-жыл – жылдыз белгилерин эмне күтөт?

15/01/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Кирип келген 2021-жылды жаткан “реанимация” же “ойгонуу” жылы деп атоого болот. Анткени, 2020-жылдагы терс көрүнүштөр, кыйынчылыктар тарыхта калып, анын ордун 2021-жылдын кубаттандыруучу багыттары ээлейт.

Көптөгөн жылдыз белгилери үчүн уй жылы  өзгөөрүүсүз кандайдыр бир калыпта  болот, бирок бул өзгөчө маанилүү окуялар болбойт дегенди билдирбейт. Бул жыл олуттуу ийгиликке айлана турган башталыштар үчүн абдан ыңгайлуу учур болуп эсептелинет. 

Жыл каржылык активдүүлүккө, чыгармачыл өнүгүүгө жана иштин түрүн өзгөртүүгө ыңгайлуу болот. Каалоочулардын бардыгы, эгерде алар өз максаттарына толугу менен жетпесе дагы, алгачкы ийгиликтүү кадамдарын жасай алышат. Жагымсыз учурларды күтүүнүн кажети жок. Уй жылы жылуу достук жана  бекем үй-бүлөлүк сезимдердин жылы катары эсибизде калмакчы.

Кой (21.03-20.04)  

2021-жыл – жылдыз белгилерин эмне күтөт?

2021-жылда кой жылдызы бардык потенциалын колдонууга аракет кылат. Бирок, анчалык деңгээлде аракет кылуунун зарылчылыгы жок экендигин тез арада эле түшүнөт. Себеби, уй жылы ага жакшы мамиле кылгандыктан, бардык мүмкүнчүлүктөрдү берип, анын каалоолорун башкаларга караганда жеңилирээк жана тезирээк аткарууга аракет кылат.

Кой жылдызынын белгиси менен төрөлгөндөр алгачкы жеңиштерин 20-январга чейин эле көрө алышат. Узак мөөнөттүү долбоорлор март айына чейин ийгиликке жетүүнү убада кылат. Бул жылы каржы кирешелерин жана ысык өлкөлөргө саякаттоону күтүүгө болот. Октябрь айына чейин маанилүү тандоо алдында турасыз.

Букачар (21.04-20.05) 

2021-жыл – жылдыз белгилерин эмне күтөт?

Букачар менен уй бирдей “агымда” болгондуктан, бул жыл букачар жылдыз белгисиндегилер үчүн оңой жылдардан болот.  Алар алдынан чыккан олуттуу маселелерде, кокустуктарда дагы ийгилик коштоп, жакшы жыйынтык болоорунан шек санабай эле коюшса болот. 

2021-жылда букачарлар үчүн бир ай дагы начар маанайда өтүүсү мүмкүн эмес. Алар каалаган мезгилде бизнес ачып, маанилүү сунуштардын үстүнөн иштеп, алыска саякатка дагы чыга берсе болот. Август айында өтө маанилүү, атүгүл тагдыр чечүүчү таанышуулар дагы орун алуусу күтүлүүдө.

Эгиздер (21.05-21.06) 

2021-жыл – жылдыз белгилерин эмне күтөт?

Ак металл уй жылы эгиздерден максатка жетүүгө болгон мамилесин кайрадан карап чыгууну талап кылат. Адамдар менен ийгиликтүү баарлашуу демейдегидей күтүлгөн натыйжаларды бербейт. Ошондуктан, болуп жаткан окуяларга канчалык тез арада көнүп кетсеңиз, сизде ошончолук жакшы кырдаалдар жаралмакчы. Бардыгы өзүңүздүн колуңузда, бул жылы кандай гана чечим кабыл албаңыз, жыйынтыгы ийгиликтүү болмокчу.

Билим жана тажрыйба 2021-жылы эгиздердин башкы куралы болот. Март айында олуттуу акча-каражатынын келүүсү күтүлүүдө. Апрель бизнес иштери үчүн жакшы башат болмокчу. Эң жакшысы бул жыл тынч жана жагымдуу болмокчу. Ашыкча ызы-чуудан жана көйгөйлүү маселерден алыс болгон жылдардан болот. 

Бөйөн (22.06-22.07)

2021-жыл – жылдыз белгилерин эмне күтөт?

2021-жылы бөйөн жылдызындагылар өздөрүнүн көнүмүш эмоционалдуу абалынан баш тартууга аргасыз болот. Уй жылы аларды кыйын кырдаалдан куткарат. Жашоодо талашып-тартышып, көңүлдү алагды кылган бир топ нерсе жок болот. Бөйөндөр өздөрүнө эң жагымдуу жана жөнөкөй нерселерге көңүл буруу менен убакыт өткөрүүдө дагы ийгиликтерге жетише алышат.

Жаз-жай чыгармачыл иш-аракет үчүн ыңгайлуу мезгил. Ушул учурду өткөрүп жибербеңиз. Кесиптик чөйрөдөгү айрым кыйынчылыктар жайдын ортосунда пайда болот, бирок жеке өсүшүңүзгө туура стимул берет.

Арстан (23.07-23.08)

2021-жыл – жылдыз белгилерин эмне күтөт?

Арстан менен Ак металл уй быйыл аралыктагы сактап мамиле кылышат. Арстан каалаган иш-аракеттерин эркин аткара алат, бирок уй жаныбарлардын падышасына максаттарына жетүүгө эч кандай жардам бербейт. Демек, сиз быйыл жетишкен ийгиликтердин бардыгы, жеке өзүңүз багынткан жеңиштердин катарын толуктайт.

Буга ылайык, жалкоолук жана эч кандай аракеттенбөө абдан туура эмес чечим болмокчу. Эгерде сиз ийгиликке жетүүнү кааласаңыз - анда, жок эле дегенде, марттын башына чейин пайда алуу үчүн январь айында активдүү иштөөңүз абзел. Бизнес ачууга, каржылык долбоорлорго катышууга, башка өлкөлөргө иштеп кетүүгө ийгиликтүү жыл болмокчу. 

Бийкеч (24.09-23.09)

2021-жыл – жылдыз белгилерин эмне күтөт?

2021-жылы Ак металл уй  ар дайым тынымсыз иштөөгө көнүп калган бийкечтерден ашыкча аракеттерди талап кылбайт. Тескерисинче, ал аларды тактикасын өзгөртүүгө жана пландаштырууну баштоого чакырат. Ошондой эле аларга кылган иш-аракеттерин глобалдык деңгээлде түшүнүп, анализдеп чыгуу дагы ийгиликке көмөкчү болоорун кабарлайт.

 Бул жыл жаңы идеяларга жана башталыштарга бай болот. Каржылык, байлык табуу жагынан мүмкүнчүлүктүргө бай, жакшы убакыт. Күзгө жакын, окууңузду кылдаттык менен жүргүзүү пайдалуу болот. Руханий тажрыйбада ийгиликке жетүү алдын-ала каралган, бирок чындыгында ушул багытта иш алып барган мугалимдин тажрыйбалуу болуусу башкы шарт.

Тараза (24.09-23.10)

2021-жыл – жылдыз белгилерин эмне күтөт?

Таразалар жигердүү кесиптик ишмердүүлүккө катышуу менен катар эле, жашоодо болуп жаткан окуяларды дагы жайбаракат карап, түшүнүүлөрү керек. Бир эле учурда катышуучу да, байкоочу да болушу керек. Бул иш-аракет көптөгөн катачылыктардан сактайт.

Февраль айынын башында эле карьерада күчтүү өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Таразалардын лидерлик кызматтарды ээлөөгө бардык мүмкүнчүлүктөрү бар - айрымдарына убактылуу гана берилет, ал эми калгандарына - туруктуу негизде. Жыл бою мыкты иш-аракеттерди сөзсүз көрсөтүү абзел. Сиздин жакшы кадыр-баркыңыз жыл бою адамдар менен ийгиликтүү иштешүүнүн ачкычы болуп саналат.

Чаян (24.10-22.11)

Бул жылы чаяндар жумуш жана жеке жашоосунда тобокелчиликке барып, эрдик жасоого кызыкдар болушат. Жыл саякатка бай болот. Ар бир саякаттоо өзүнчө мааниге ээ болуп, жашоого зарыл болгон сабактарды алууга мүмкүнчүлүк берет.

Уй жылында чаяндар үчүн кошумча иш-чаралар күтүлбөйт. Бирок ушунун бардыгы менен эс алуу жөнүндө дагы унутпоо керек. Жумушту жана эс алууну өз убагында кылуу менен ден соолугуңузду чың кармап, олуттуу финансылык кирешелерге дагы жетишүүгө мүмкүндүк ала аласыз. 

Жаачы (23.11-21.12)

2021-жыл – жылдыз белгилерин эмне күтөт?

2021-жылы жашоого болгон приоритеттерди кайрадан жигердүү карап чыгасыз. Айымдар бул жылы жеке жашоо бардыгынан маанилүү экендигин моюнга алышса, мырзалар дагы жашоосунун өзөгү болгон баалуулуктарга көбүрөөк көңүл бурууну чечишет. 

Бул жыл жаачылар үчүн адамдын көңүлү, жылуу мамиле бардыгынан маанилүү болот. Ошондуктан, бардык жакындарыңыз менен жакшы мамилени сактап калууга аракет кылыңыз. Мурунтан тил табыша албай жүргөн жакындарыңыз болсо, алар менен дагы жакшы байланыш түзүүгө болгон аракеттерди көрүңүз. Октябрь жылдын эң кирешелүү айы болоору күтүлүүдө. 

Текечер (22.12-20.01)

2021-жыл – жылдыз белгилерин эмне күтөт?

Бул жылы сиз алдыга койгон максаттарыңызга акырындык менен кадам таштайсыз. Сиз үчүн 2021 - биринчи кезекте ийгиликке жетүү үчүн кесипкөй, чыгармачыл жана жеке күрөш талаасы болмокчу. Күрөшүү дегенибиз бул атаандаштарыңыз менен эмес, өзүңүздүн алсыз сапаттарыңыз менен күрөшүп, аларды жоюуга аракет кыласыз.

Уй жылы сизди өзүнүн энергиясы менен колдойт. Ал үчүн бардык иш-аракеттерде ийкемдүү болуу маанилүү. Эгерде сизге бир ыкма натыйжа бербесе, анда 180 градуска айланып, учурдагы кырдаалга ылайыктуу ыкманы табуу маанилүү болмокчу. Мезгил-мезгили менен жашооңузда ири суммалар пайда болот, бирок сиз аларды сактап калбай, бизнеске жумшоону туура көрөсүз.

Суу куяр (21.01-22.02)

2021-жыл – жылдыз белгилерин эмне күтөт?

2021-жылы жеке жашооңузда олуттуу өзгөрүүлөрдү жасоого батынсаңыз, жыл ээсин кубантасыз. Ал сизди толугу менен колдойт. Бирок, ашыкча шашуунун зарылчылыгы жок. Даярдоо жана пландаштыруу үчүн жетиштүү убакытты өткөрүү маанилүү. 

2021-жылы чечкиндүү кадамдарды жасоого эң ыңгайлуу мезгил - жаздын башталышы. Бул сиздин күчүңүздү үнөмдөөгө жана ката кетирбөөгө мүмкүндүк берет. Жалпысынан жыл ыңгайлуу. Ден-соолугуңуз чың, материалдык жактан коопсуз, дээрлик ар дайым жакшы маанайда болосуз. Эң башкысы натыйжалуу стратегияларды кармануу керек, ошондо ийгилик сөзсүз түрдө сиздики болот.

Балык (20.02-20.03)

2021-жыл – жылдыз белгилерин эмне күтөт?

Балыктар 2020-жылы көп нерсени үйрөнүштү. Жашоонун берген сабактары жеңил өткөн жок. Бирок азыр бардык топтолгон билимди өз пайдаңызга жумшай турган мезгил келип жетти. Албетте, бул үчүн мүмкүнчүлүктөр болот. Айланаңыздагы адамдар сиздин белгиңиздин өкүлдөрүнө өзгөчө боор ооруп турушат.

Февраль айында эле кирешелүү ишкер келишимдерге жана каржылык сунуштарга ишенсеңиз болот. Жайкы эс алуу дагы көптөгөн кызыктуу варианттарын берет. Эң жакшысы чет өлкөлүк сапарларды тандап алганыңыз оң.

Жалпысынан, 2021-жыл балыктар үчүн тынчыраак өтөт.  Эч жакка шашылуунун кереги жок. Бул сапат кырдаалды тереңирээк жана жакшыраак баалоого жардам берет. Уй жылы өзүңүздүн жеке жашооңуздун бактылуу болушуна колунан келишинче колдоосун көрсөтөт.




(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)