WeChat      Избранное

Бактыгүл Каламбекова: котормо иши кишинин бүт дараметин кыймылга келтирип чыңалтат

15/01/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Бактыгүл Каламбекова: котормо иши кишинин бүт дараметин кыймылга келтирип чыңалтат

Үстүбүздөгү жылдын 18-декабрь күнү Бээжин шаарындагы (Кытай) “Дяо Юйтай” мамлекеттик резиденциясынын имаратында 14-чү жолу өтүп жаткан “Кытайдын атайын китеп сыйлыгын” тапшыруу аземи болуп, ал сыйлыкка биздин чыгаан дипломатыбыз дагы татыктуу болду. Кыргыз Республикасынын Толук жана Ыйгарымдуу Элчиси, экономика илиминин кандидаты, белгилүү дипломат Бактыгүл Каламбекова кыргыз-кытай маданий байланыштарын чыңдоого кошкон үлкөн салымы жана КЭРнын төрагасы Си Цзиньпиндин “Мамлекеттик башкаруу тууралуу” китебин кыргыз тилине которгону үчүн “Кытайдын атайын китеп сыйлагына” ээ болду. Биздин гезит тараптан дагы белгилүү элчи эжебизге бир нече суроолорду узатканга  мүмкүнчүлүк болду. 

-Эң алгач өзүңүз жөнүндө айтып кетсеңиз. Туулган жериңиз, бала чак өткөн жер дегендей…

-Ар дайым сыймыктанып, атына-затына, атак-даңкына ылайык болгум келген өрүкзарлардын мекени Баткендин кызымын. Баркын бир кыйла кийин байкаган балалыгым менен жаштыгым туулган жеримдин таза булагынан суу ичип, салкын желине эркелеп, боз адырларын, жашыл майсаларын аралап жүрүп өткөн. Жаратылыш шарттары жеңил болбогону менен жашоо тиричиликтин бардык тарабына жетише турган дарамети, руху, энергиясы бар жер. Баткенге бир ирет барган киши өзү үчүн ааламдын бир укмуш жерин ачкандай болот экен. Муну көп уктум. Ал эми ошол жерге киндик каны тамган адам андан колун эч качан үзө албайт. Буга менин жеке мисалым гана эмес, өз маалында алыс жерлерде иштеп, жашап жүргөн чоң ата, таяке жана башка жакын туугандарымдын аңгемелери күбө. Өлкөнүн алыскы өрөөнү катары республикалык жана областтык жетекчиликтин көңүлүн өзүнө буруп, камкордугун көрүп турган учурун мектептин окуучусу, жогорку окуу жайынын студенти жана жаш адис, анан жаштардын лидери катары өткөргөн жылдарымда жакындан байкагам. Андан бери көп жыл өттү. Бирок ошол жердин берген таалим-тарбиясы, илим-билими, мамлекеттик жана коомдук иштердин тажрыйбасы менен өнүп-өсүүгө жетиштим. 

-Алгач экономика факультетин тандап, кийин илимий иш да жазган экенсиз. Бала кыялыныз экономист болуу беле?

-Ооба, балалыктын биринен бири кызык көрүнүп, улам өзгөрүп турган кыялдары болот эмеспи. Баштапкы класстарда  өзүм теңдүү курбуларым менен кичинекей балдарга сабак өтүүнү жакшы көрчүмүн. Ал кезде мугалимдер окуучунун гана эмес жалпы коомдун көз карашында өзгөчө орунда турчу. Алар дүйнөгө эшик ачып бере тургандай сезилчү. Ал эми  телевизор чыккан соң дикторлукка кызыга баштагам. Андан көп узабай эле дипломат болом деп калдым… Жогорку класстарда аны-муну түшүнө баштап, экономист же юрист болууну туура көрдүм. Мектепте жалаң эң жакшы деген баалар менен окуган окуучуларды ар бир мугалим өзүнүн адистигине тартып, үндөп, кошумча сабактарды берип, олимпиадаларга, конкурс-кароолорго катыштырып, таптайт тура. Мына ошондой артыкчылыктын үзүрүн мен да көргөм. Дээрлик бардык сабактарга кызыгып, жетише алганым үчүн биринен бири артык сезиле берчү. Мектепти бүтүрүп, жогорку окуу жайына тапшыра турган учур келгенде эки жылдык эмгек стажын талап кылган юридика факультетине караганда экономика факультетин ылайык көргөм. Университетте Лениндик стипендиат болуу менен бирге студенттик илимий ийримге катышуу мени изденүү багытына түрткөн. Ал эми дипломдук ишимдин жетекчиси илимдин доктору, илим изилдөө институтунун директору болуп калганы да чоң таасир берген.

-Азыр саясий карьеранын жогорку тепкичтерине жеткендердин басымдуу бөлүгү маалында комсомолдон чыккандар экен. Комсомол кандай тарбия берчү? Комсомол лидер кылып тарбиялачу беле же лидерлик сапаты барларды тандап алып комсомолго киргизип ал сапаттарды өркүндөтчү беле?

-Туура, анткени комсомол окууда, жумуш ордунда, кесиптик чөйрөсүндө башкалардан айырмаланып, ишти үйрөнүүгө, чеберчилигин арттырууга, жалпы билим деңгээлин өстүрүүгө дилгир, уюштуруучулук сапаты бар жаш адистерди мамлекеттик кызматка даярдоонун орто мектеби катары таанылган. Анын кадр тандоо, тарбиялоо, жайгаштыруу, өстүрүү системасындагы ээлеген орду менен аткарган ролу талашсыз. Комсомолдук ишке аралашпай калып, советтик же партиялык кызматка тартылган көптөгөн мыкты кадрлардын арман кылганын угуп жүрөбүз. Комсомол өзү жаш болуп туруп, жаштарга лидерлик кылуунун, партиянын жетекчилигине (башкаруусуна) жаштык жигер менен жооп берүүнүн, социалдык мобилизациянын, эмгекти, эс алууну уюштуруунун, өзүн өзү тарбиялоонун сырларын үйрөтүп, иш жүзүндө текшерип, кадр өстүргөн. Анын сыноосунан өткөн кадрлар бекем тартипти, жоопкерчиликти, көйгөй жаратуу эмес, маселе чечүүнү, айгай салганды эмес, акыл калчап, жол тапканды баарынан өйдө коюшат. Мамлекеттик иштердин коомдун таламдарына карама-каршы келбей тургандай жүргүзүлүшүнө өзгөчө көңүл бөлүшөт. Анткени калктын бардык катмарларынын тең салмагын камсыз кылуунун мааниси өтө зор экенин, антпесе коом сүзүлүп калган дакидей болуп алсырай турганын жакшы билишет.

-Дипломатия жаатында кантип иштеп калдыныңыз? Буга Баткен облусунда иштеп, Фергана өрөөнүнүн  акыбалын жакшы билгениңиз себеп болгон эмес беле? Себеби Борбор Азия жана Кавказ чөлкөмдөрү бөлүмүндө иштөөдөн баштаган экенсиз ТИМдеги жумушту.

-Дипломатиялык кызматка Москвадагы аспирантуранын күндүзгү бөлүмүн аяктап, илимий ишимди коргоп бүтүргөн жылы чакырылгам. Ошол кезде эгемендиктин тарыхый шарттарына ылайык тышкы иштер министрлиги жаңыдан калыптана баштаган эле. Мурда союздук министрликтин республикадагы 5-6 кишилик чакан өкүлчүлүгү катары иштеп келген мекеме эми көз карандысыз мамлекеттин тышкы байланыштарын, эл аралык мамилелерин жүргүзө турган макамга жана ыйгарым укуктарга ээ болуп калган. Борбордук аппараттын курамында аймактык жана функционалдык бөлүмдөр ачылып, тийиштүү талаптарга ылайык адистер тартылып жаткан. Маалымат кабар менен иштей алган, чет тилдерди билген, илимий даражасы бар талапкерлер конкурс жолу менен тандалып алынган. Менин силер туура баамдагандай Баткенде топтогон иш тажрыйбам, Орто Азия чөлкөмү жана анын бермети саналган Фергана өрөөнү менен жакындан тааныштыгым эске алынса керек. Ошондой эле Тажикстандагы жарандык кагылышка чейин өрчүп кеткен кырдаал, Афганистандагы абал, Чеченстанда чыккан согуш өлкөнүн тышкы саясатында артыкчылык берилген багытка айланып, Орто Азия жана Кавказ бөлүмү жаңы эле түзүлгөн экен. Андан башка Европа жана Америка, Азия жана Африка өлкөлөрү деген эки гана бөлүм бар эле. Министрликтин жетекчилиги тарабынан атайын чакыруу алганым менен жалпы тартипке ылайык стажировкадан өтүп, анан конкурска катышуум керек болучу. Бирок, жанагыдай кырдаал өкүм сүрүп, эл аралык аренадагы ошол курч маселелерге биздин өлкөнүн көз карашы талап кылынган үчүн болсо керек, айтор «Тажик-афган түйүнүнүн айрым жагдайлары тууралуу» деген баяндоо катым менен жумушка конкурстан тышкары кабыл алышкан. Үч жылдын ичинде көптөгөн окуяларга күбө болуп, жаңы кесиптин сырларын иш үстүндө үйрөнүп, тажрыйба алганбыз. Көрсө мына ошол бөлүмдөгү кызмат кесиптик карьеранын бекем жерпайын түптөгөн экен.  

-Сиз ТИМдин чек ара көйгөйлөрү боюнча тобунда иштеген экенсиз 90-жылдары. Азыр коомчулукта чек ара маселеси өтө актуалдуу эмеспи. Айрым учурларда, чек араны «оңой» эле чечип коюу жолдорун айтып, саясий упай топтогондор да жок эмес. Кесипкөй катары айтсаңыз, чек ара маселесин чечүү канчалык татаал жана оор?

-Чегара маселеси тышкы саясаттын жана улуттук дипломатиянын калыптанып, улам алдыга карай жылышында өзгөчө мааниге ээ болуп келатат. Эң башта жакын коңшулар Өзбекстан жана Тажикстан менен дипломатиялык мамилелер жөнүндөгү типтүү келишимге кол коюу жагы каралып жаткан. Келишимдин биринчи беренеси тараптардын бири-биринин ошол учурдагы чегарасын өз ара таанып, кабыл алышын шарттайт. Бирок аталган эки өлкө тең ошол шартка макул болбой, келишимдин долбоору бир далайга чейин талкууланган. Ал арада эки тараптуу мамилелердин башка багыттары өнүгө берүүгө тийиш эле. Ага тоскоол болбосун деген көз караштын негизинде чегара маселесин аймактык (Орто Азия жана Кавказ) бөлүмдөн ажыратып, өзүнчө топ (бөлүмчө) түзүү боюнча сунуш иштеп чыгып, өкмөттүн макулдугун алган элек. Топ азыркы күнгө чейин ишин улантып келе жатат. Тилекке каршы, чегара маселеси акыркы мезгилдерде жалпы коомчулукту көбүрөөк түйшөлтүп калды. Чын дилинен кам көргөн, жарандык көз карашын бекем туткан журтсүйөр кишилердин үнүн элдин көзүнө көрүнүп калуу үчүн эле туш келди ураан таштап, көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткандардын дабыры басып калгандай. Чегара мамлекеттин өзү жайгашкан аймагына ээлик кылуу укугу дегенди түшүндүрөт. Анын бүтүндүгүнүн белгиси жана кепили мына ошондо турат. Бул адамдын териси сыңары каралат. Теринин ролу, мааниси, талап кылган камкордугу кандай болсо чегарага так ошондой мамиле зарыл. Баш аягы жетимиш жылга таяп калган чегара талаш-тартышынын таржымалы жалпыга маалым болуп калды. Бирок, аны жөнгө салуу азыркы учурдун талабы катары саналат. Эгер оңой болсо, эчак эле чечилип калмак. Азыркы маалда илим-билимге, тажрыйбага таянган акыл-ойдун жана чеберчиликтин кезеги келип турат. Чегара чорт кесип алып же берип койо турган нерсе эмес. Ал арада чегара жакын жайгашкан аймактардын калкына өзгөчө камкордук көрүп, алардын турмуш-тиричилик шарттарын жеңилдетүү, дараметин өстүрүү абдан зарыл.   

-Сиз бир нече жыл Түркия мамлекетинде дипломатиялык кызматты аркаладыңыз. Ошо жылдары Кыргызстан менен Түркиянын ортосунда кандай жетишкендиктер болду?

-Ооба, мен Анкарада эки жолу дипломатиялык кызмат өтөдүм. Министрликтин борбордук аппаратынын Батыш өлкөлөрү башкармалыгында Европанын 17 мамлекетинин катарында Түркиянын да куратору болуп турдум. Жалпы жонунан он жыл бою биздин тараптын боордош жана дос өлкө менен карым-катнаштарына жакындан аралаштым. Ошол биринчи он жылдык  кыргыз-түрк мамилелеринин «алтын доору» деп саналып жүрөт. Анткени достук алакалары, ар тараптуу кызматташтык дээрлик бардык деңгээлдерде, ар түрдүү багыттарда өзгөчө ритм жана темп менен өнүгүп, үзүрүн бере баштаган эле. Көптөгөн демилгелер иш жүзүнө ашырылды, жаңылыктар биринин артынан бири келе турган болду. Эң ириси Кыргыз- Түрк Манас университетин куруп, кызматка сунуу болгон мамлекеттик кошмо инвестициялардын катары күн санап өстү. Эки тараптуу соода-экономикалык, аскердик-техникалык, маданий-гуманитардык өнөктөштүк көп тараптуу кызматташтыкка бекем негиз түзүп берди. Кыргызстан эл аралык аренада Түркия баштаган демилгелердин баарына колдоо көрсөттү. Түркия өз кезегинде Кыргызстандын дүйнөлүк коомчулук менен жакындан таанышып, алака түзүүсүнө данакерлик кылды. Манас эпосунун 1000 жылдыгы, Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгы, Тоолор жылы, Социалдык адилеттүүлүктүн жылы сыяктуу ири демилгелерин колдоо менен бирге Бириккен Улуттар Уюмунун чечими менен эл аралык масштабда белгиленишине салым кошту. Жүзөгө ашырылган иштердин баары тектеш, боордош эки элдин үзүлүп калган байланыштарын жандандырып, өз ара таанышуу, түшүнүшүү, биргелешип аракеттенүү аркылуу ата-бабалардын кыялындагы көпүрөнү куруп, келечекке жол салышына өбөлгө түздү. Дипломатиянын тарыхында сейрек учурай турган узак мөөнөттүү программага кол коюлду. Ал «Кыргызстан менен Түркия: ХХI кылымга бирге!» концепциясы деп аталып калды. Жүздөн ашуун келишимдер менен макулдашуулардан куралган кыргыз-түрк кызматташтыгынын келишимдик-укуктук корун толуктап, ага жаңы дем берди. Мына ошол документти жарым жыл бою даярдап, түрк тарабы менен кеңири талкуулап, кол коюуга чейинки өткөн учурду эч бир унута албайм. Шарапаты эл-журтка көпкө чейин тийип турсун деп тилейм.     

-Мамлекеттик кызматты аркалап жүрүп, Сиз илимий иш менен алпурушуп жүрүпсүз. Ага кошумча, Сиз кыргыз аялысыз. Башкача айтканда үйдө да түйшүгүңүз жетиштүү. Илимий макала, эмгектерди жазганга кантип жетишип аттыңыз? Сырыңыз менен бөлүшүп кетесизби?

-Туура баамдаган турбайсыңарбы. Менин эмгек жолумдагы мамлекеттик кызматтын саат 8ден 17ге чейин чектелгенин эч бир эстей албайм. Кээде апам «атаң экөөң барган жердин иши кызып кетет, баш отуңар менен кирип аласыңар, мына башкалар эртең менен барып, кечинде сааты менен кайтып, жайбаракат эс алып, үй чарбасын карап эле жүрөт» деп көп айтат. Бизде кыз баланы эрте жаштан үй тиричилигине тартып, үйрөтүп, ийлеп бышырат. Мектепте алдыңкы окуучу, коомдук иштердин, ийримдердин жигердүү катышуучусу, жарыштардын, кароо-сыноолордун жеңүүчүсү болсоң мейли, бирок «үйдүн ишине» усулуң болбосо жанагынын баарын жууп кетет. Анын үстүнө күндөлүк иштер менен гана алектенип, бир өнөрдү (сайма, килем, өрмө, токума ж.б.у.с.) үйрөнүп, аны алып кете албаса «сомдоп койгон сокудай» деп эрөөн көрүшөт. Ошондон улам болсо керек үй тиричилигин кыймылдатуу, сарамжал кармоо санаты мамлекеттик кызматта да, илимий изилдөөлөрдө да жардам берип келет. Баарынын негизин эмгекке тарбиялоо түзөт го дейм. Азыркы тил менен айтканда убакытты үнөмдүү колдонуу, изденүү, билим деңгээлин жана дүйнөтаанымын кеңейтүү (тайм-менеджмент, креативность, личностный рост) дегендин баары туура таалим-тарбиянын, сапаттуу билим берүүнүн, таза айлана-чөйрөнүн жемиши деп ойлойм. Күнүмдүк келди-кетти нерселердин туманына чулганып калбай, бир аз силкинип, атарапка көз салуу зарылчылыгы кишиге ар кандай түрткү берет. Кызыктырган, өзүнө тарткан иштер өнүмдүү болот, жагымдуу эстетикалык татым берет, анүчүн аларга убакыт ар качан табылат.  

-Синхрондук котормо менен иштөө тажрыйбаңыз бар экен. Кайсы тилден кайсы тилге? Синхрондук которууну кантип үйрөндүңүз? Себеби бул котормонун эң оор түрү болуш керек…

-Менин дипломатиялык кызматтан үйрөнгөн көп жакшы нерселердин бири удаалаш (синхрондук) котормо өнөрү болуп эсептелет. Жазуу, оозеки котормо менен алда канча тааныш болуп калган кишиге деле сүйлөгөн кишинин сөзүн анын маектешине ошол замат оодарып берүү оңой эмес. Себеби андай жагдайлар көбүнесе алдын ала даярдалган тексттер, макулдашылган суроолор боюнча боло бербейт. Тээ 1990-жылдардын ортосунда элчибиз телеканалга интервью бере турган болуп калды. Котормо синхрондуу боло турган болуп, мага жүктөлдү. Чымырканып, өтөөсүнө чыга алганым эсимде. Деги эле котормо, анын ичинде удаалаш котормо боюнча башымдан өткөн окуяларга көз чаптырсам өзүнчө бир китепке сыя тургандай. Ар түрдүү шарттарда, ар кандай деңгээлдерде бир нече тилдерде (кыргыз, орус, англис, түрк жана башка) которууга туура келди. «Шыбырап түшүндүрүү», дипломатиялык жолугушууларды, сүйлөшүүлөрдү которуудан тартып эл арлык илимий конференцияларды которууга чейин катышып калдым. Негизи котормо иши кишинин бүт дараметин кыймылга келтирип чыңалтат. Ал эми удаалаш котормо мээнин дээрлик бардык зоналарын ишке тартып, тамырдын атышын эки эсеге арттыра (160-180ге чейин) турганы илим тарабынан далилденген.   

-Кытай темасына кантип кайрылып калдыңыз? КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин мамлекетти башкаруу тууралуу китебин которупсуз. Ушул ишиңиздин тарых-таржымалын айтып бересизби?

-Кытай темасына кайрылганым жаңылык деле эмес. Бала чактан бери карай коңшу өлкөнүн атын гана эмес, анын тарыхын, таржымалын угуп келебиз. Тышкы саясаттын негизги багыттарынын бири катары саналган кыргыз-кытай мамилелеринин кайсы бир тарабына кызыккан ар ким көңүл бурат. Министрликтин борбордук аппаратында иштеген жылдары бир нече маселелер боюнча аралашып калдым. Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин «Мамлекеттик башкаруу жөнүндө» аттуу китеби кыргыз коомчулугуна 2014-жылдын 23-декабрында ТИМдин Дипломатиялык академиясында таанытылган. Андан соң китепти кыргыз тилине которуу пикири ортого чыгып, анын өтө жооптуу иш экенин эске алуу менен ким которо алат деген суроо пайда болот. Бир нече жыл мурда Мустафа Кемал Ататүрктүн Түркия Республикасынын түзүлүшү менен аяктаган улуттук боштондук кыймылынын таржымалын чагылдырган «Нутук» (Чоң кайрылуу) китебин которгон элем.  Ошол эске алынган болсо керек, мага сунуш түштү. Кытайлык адистер тарабынан орусчага которулган китепти баштан аяк карап чыгып, кыргыз окурмандарына кызыктуу боло турган бир нече макаласын тандап алдык. Андан соң аны кытай тарабы менен дипломатиялык канал аркылуу макулдашуу иши бир топко сүрдү. Котормону орусча вариантынан баштап, англис тилинде чыккан варианты менен улантып, бүтүрүүгө туура келди. Котормонун китеп болуп басылып чыгышына чейин зарыл келген бардык баскычтардан өттүк. Абдан чоң тажрыйба алдым. Китептин таанытымы Төрага Си Цзиньпиндин Кыргызстанга алгачкы мамлекеттик сапарынын арапасында (2019-жылдын 8-июнь күнү) өтүп, жогорку деңгээлдеги ошол иш чара кыргыз-кытай илимий конференциясы менен коштолду. Биз үчүн ушул китептин негизги мааниси коңшу өлкөнүн кайрадан жаралууга умтулган бүткүл элдик мүдөөсү жана аны жүзөгө ашыруу боюнча көрө турган чаралары Кыргызстан өңдүү мамлекеттер менен мамилелерине кандай таасир көрсөтө турганын окуп түшүнүү, ошого жараша кам көрүүдө турат. 

- Кытайдын «Бир жол бир алкак» демилгеси боюнча оюңуз кандай? Кыргызстан ал демиилгеден кандай утуштарга ээ болушу мүмкүн?

- Бул бүтүндөй Евразияны камтыган эң ири төрт долбоордун бири болуп саналат. Алардын ичинен экономикалык базиске, инфраструктураны түзүүгө артыкчылык берген демилге катары таанылат. Кургактагы жана деңиз жолун узартып, кеңейтүү аркылуу эбегейсиз зор алкактагы экономикалык мейкиндикти калыптандыруу үчүн ушул күнгө чейин 130га жакын өлкөнү өзүнүн орбитасына тартып жатат. Кыргызстан мындан жакшы үлүшкө ээ боло алат. Анүчүн өлкөнүн күч-дараметин кыймылга келтирип, максатка ылайык ишке салып, иштиктүү чараларды көрүүгө тийишпиз. Башкалар кантип ойлоп, иштеп, жашап жатканына кунт коюп, саресеп салуу менен алардан артта калбай, кадамдаш, үндөш болууга даярдык көрүүбүз керек.







(Автор:Суйунбек ШАМШИЕВ / Редактор:GL)