WeChat      Избранное

Жаңылыктар

15/01/2021  Источник:оригинал   шрифта:

КРдин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, академик Геннадий Григорьевич Онищенко менен жолугушту 

Жаңылыктар

2021-жылдын 10-январында Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинде министр Алымкадыр Бейшеналиевдин Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаты, академик Геннадий Григорьевич Онищенко менен болгон жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. 

Берилген маалыматка ылайык, Геннадий Онищенко Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүү үчүн Кыргызстанга ЕККУнун эл аралык уюмунун байкоочусу катары келген.

Анын иш сапарынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилиги кызматташуу жана өз ара аракеттенүү маселелерин, айрыкча COVID-19га каршы биргелешкен иш-аракеттер жаатында кеңири талкуулоо үчүн жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Россия Федерациясына пандемияга каршы күрөштө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда Геннадий Онищенко Россия Федерациясынын илимий чөйрөсүндө COVID-19 боюнча акыркы маалыматтар менен бөлүшүп, коронавирустук инфекциянын эпидемиологиялык процессинин жалпы дүйнөлүк масштабда өнүгүшүнө байланыштуу маселелер талкууланды. Тараптар ошондой эле башка жугуштуу оорулар учурунда калкты эпидемияга каршы коргоо жана учурдагы COVID-19 пандемиясынын актуалдуу маселелери, өз ара аракеттенүү, анын ичинде вакциналар менен камсыздоо, лабораториялык диагностика жана дары-дармектер жаатында өз ара аракеттенүүнүн келечеги жөнүндө маалымат алмашышты.

Мындан тышкары, бүгүн Геннадий Г.Онищенко Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын профессордук-окутуучулук курамы менен жолугушуп, билим берүү процессин өркүндөтүү жана калкты жугуштуу оорулардан коргоонун эпидемияга каршы процесстери жаатындагы дүйнөлүк тенденцияларга байланыштуу тажрыйбасы менен бөлүштү.

Дары-дармектердин сапаттуулугунан күнөм санасаңыз бизге кайрылыңыз 

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары-дармектер жана медициналык буюмдар департаменти Департаменттин pharm.kg веб-сайтындагы "Фармакологиялык көзөмөл - Саламаттыкты сактоо кызматкерлерине кайрылуу каттары" бөлүмүндө, саламаттыкты сактоо кызматкерлерин, фармацевтика тармагынын өкүлдөрүн, фармацевтикалык компанияларды дары-дармек каражаттарынын коопсуздугунун профилинде болгон маанилүү өзгөрүүлөр, коопсуздук боюнча жаңы эскертүүлөр жана фармакотерапиянын татаалдашынын алдын алуу боюнча сунуштар менен тааныштырып туруу максатында дары-дармектердин коопсуздугу боюнча жаңы маалыматтар үзгүлтүксүз жарыяланып тураарын маалымдайт. Бул тууралуу КРдин Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, департамент дары-дармектин терс таасирине шек туудурган жагдайлар жөнүндө билдирип турууну эскертет. Муну менен, ар бир жаран дары каражаттын коопсуздугу жөнүндө заманбап көз-карашты калыптандырууга өз салымын кошмокчу!

Эгерде сиз Кыргыз Республикасынын аймагында сатып алган дары-дармектин организмге болгон терс таасирин байкасаңыз, анда ал жөнүндө өзүңүзгө ыңгайлуу ыкма менен билдирсеңиз болот: Он-лайн билдирүү формасын толтуруңуз (эгер сиз медициналык адис болсоңуз же дары каражаттын каттоо күбөлүгүнүн ээси болсоңуз); Фармакологиялык көзөмөлдүн ишеним телефонуна чалыңыз 0800 800 26 26. Чалуу акысыз; Билдирүүнү кол менен толтуруп, [email protected] электрондук дарегине жөнөтүңүз; Бейтаптар терс таасир тууралуу Департаменттин pharm.kg веб-сайтынын төмөнкү оң бурчунда пайда болгон анкетаны толтуруп билдире алат. MedSafety "Дары-дармек коопсуздугу" мобилдик тиркемеси аркылуу.

Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгара баштайт 

Жаңылыктар

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги кайрадан мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгарат. Бул үчүн 2021-жылдын май айынан баштап кийинки окуу жылынын башталышына чейин мектеп мугалимдеринин ыктыярдуу аттестациясын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызмат билдирди. 

Берилген маалыматка ылайык, мугалимдерди аттестациялоонун максаты: Мугалимдердин педагогикалык чеберчилигинин деңгээлин жогорулатуу; Мугалимдердин профессионалдык жана инсандык өсүшүн камсыз кылуу; Мугалимдик кесиптин кадыр-баркын жогорулатуу; Мугалимдерди жалпы билим берүү уюмдарында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга шыктандыруу. Мугалимдерге квалификациялык категорияларды ыйгаруу аттестациялоонун негизинде ишке ашырылат. Кийинки окуу жылынын башынан баштап квалификациялык категория үчүн ай сайын кошумча акы төлөнүп турат.

2017-жылдын 5-октябрындагы №648 токтомунун негизинде жалпы билим берүүчү уюмдардын категория ээси болгон мугалимдерине кошумча төлөмдөр жумасына 20 саат иштегени (окутуучулук иши) үчүн төлөнөт: Жогорку категория үчүн – 2000 сом; Биринчи категория үчүн – 1500 сом; Экинчи категория үчүн – 1000 сом.

2021-жылдын 4 айына жалпы билим берүүчү уюмдардын мугалимдерине категория үчүн кошумча акыга республикалык бюджеттен 99,7 миллион сом каралды.

“118” өзүн-өзү диагностикалоо боюнча байланыш борбордун иштөө тартиби өзгөрүлдү. 


Жаңылыктар

“118” өзүн-өзү диагностикалоо боюнча байланыш борбордун иштөө тартиби өзгөрүлдү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, чалуулардын саны кыйла азайгандыгына байланыштуу, операторлор БҮМБга өткөрүлүп берилди. Эми жарандар адистердин кеңешин түнкү саат он экиге чейин эмес, эртең мененки саат сегизден кечки сегизге чейин ала алышат.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин 124 миң 945 кайрылуу кабыл алынды, анын ичинен КОВИД-19 боюнча 14 миң 732 анкета толтурулду.

Эске салсак, 6-апрелден баштап Бишкек шаарынын мэриясы КРдин Саламаттык сактоо министрлиги, шаардык саламаттыкты сактоо башкармалыгы, “Сорос-Кыргызстан” фонду, “Медициналык билим берүүнү реформалоо” швец долбоору жана “Кыргызтелеком” компаниясы менен биргеликте жарандарга алгачкы медициналык кеңеш берүү үчүн “118-өзүн өзү диагноздоо линиясы” долбоорун ишке киргизген.


 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)