WeChat      Избранное

“Run the Silk Road” - эл аралык ынтымак жарчысы

19/05/2021  Источник:оригинал   шрифта:

“Run the Silk Road”  - эл аралык ынтымак жарчысы

                                                                                                   Сүрөттөр редакцияга таандык

15-майда Чолпон-Ата шаарынын ат майданында (Ысык-Көл облусу) XXII Олимпиада оюндарынын марафон боюнча коло медалынын ээси Сатымкул Джуманазаровдун элесине арналган ШКУнун «Run the Silk Road – Shanghai Cooperation Organization» Ысык-Көл IX эл аралык марафону болуп өттү. 

Иш-чара Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Эл аралык марафон дирекциясы тарабынан уюштурулуп, өткөрүлдү. 

Салтанаттын ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев,  ШКУнун башкы катчысынын орун басары Муратбек Азымбакиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук олимпиада комитетинин биринчи вице-президенти, жеңил атлетика федерациясынын президенти Канат Аманкулов катышты.

Кайрат Иманалиев марафонду ачык деп жарыялап, өзүнүн сөзүндө спорттук иш-чарага 35 өлкөдөн 3000 спортчу жана спорт сүйүүчүлөрү катышып жатат деп белгиледи.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров болсо өз сөзүндө XXII Олимпиадалык оюндар марафонунун чуркоо боюнча коло сыйлыгынын ээси Сатымкул Жуманазаровдун элесине арналган иш-чаранын катышуучуларын куттуктап, аларга чың ден соолук, спортто чоӊ ийгиликтерге жетишүүнү каалады.

“Марафондун максаты сергек жашоо мүнөзүн жайылтуу, калкты дене тарбия жана спорт менен үзгүлтүксүз машыгууга тартуу болуп саналат. Андан тышкары, спорттук-массалык иш-чаралар аркылуу Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн кызматташтыгын бекемдөө, эл аралык достук, спорттук байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү, ошондой эле аймактагы күчтүү марафончуларды аныктоо. 2019-жылдын 1-декабрында Куньмин шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун Куньмин марафону жана Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандум түзүлгөн.

2020-жылдын аягында Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону “квалификациялык” деп таанылганын, марафондун нормативин толтурган спортчуларга дүйнө чемпионатына, Олимпиада оюндарына жана Азия оюндарына жолдомо берилет. 2021-жылы Шанхай кызматташтык уюмунун Ысык-Көл марафону World Athletics жарыялаган Label Road Races жарыш календарына кирди. Ал календарь 6 континенттин 49 өлкөсүндөгү 191 марафонду камтыйт. Календарь Осакадагы аялдар марафону менен башталып, 11 айдан кийин Мадридде, Больцанодо, Сан-Паулудо аяктайт.

Спорт — ден соолук, ден соолук — элдин байлыгы, дени сак улут — өнүккөн өлкө деп бекеринен айтылбайт! Спорт адамды физикалык жактан чыңдайт. Ошентип, калктын басымдуу бөлүгүнүн спортко болгон кызыгуусун камсыз кылуу менен биз элибиздин ден соолугун коргойбуз. Ал эми жаштарыбыз, жаш муундарыбыз дени сак болушат жана руханий жактан өнүгүшөт. Демек, спортту өнүктүрүү — бул спорттук натыйжаларга жетүү каражаты гана эмес, элдин ден соолугу да болуп саналат. Мамлекет дене тарбия жана спорт менен машыгуу үчүн шарттарды түзүү боюнча ишин уланта берет. Дене тарбия жана спортту ар тараптуу өнүктүрүү мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп саналат.

Бул марафондо күчтүүлөр жеӊсин! Эӊ чоӊ жеӊиш — бул сиздердин катышканыӊыздар! Бардыгыӊыздарга ийгилик”, — деп белгиледи Садыр Жапаров.

“Run the Silk Road”  - эл аралык ынтымак жарчысы

Муратбек Азымбакиев ШКУнун башкы катчысы Владимир Норовдун саламдашуу сөзүн окуп: “ШКУнун лидерлери, алардын ичинде урматтуу Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Нургожоевич Жапаров, 2020-жылдын 10-ноябрындагы Саммиттин Москва декларациясында спорттун ролун тынчтыкты, социалдык интеграцияны жана туруктуу өнүгүүнү камсыз кылуучу маанилүү жолдордун бири катары тааныган.  Тараптар 2019-жылы ШКУнун Бишкек саммитинде кол коюлган ШКУга мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдары арасында дене-тарбия жана спорт жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашуусун ырааттуу ишке ашырууну колдогондору чоң мааниге ээ. Ошондой эле, тараптар дене тарбия жана спортту өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө көмөктөшүүгө, спортчуларды эл аралык спорттук мелдештерге катышууга шыктандырууга, олимпиадалык, паралимпиадалык жана улуттук спорттун түрлөрүн өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдөөгө, ошондой эле спорт федерацияларынын ортосундагы түз байланыштарды колдоого жоопкерчилик алышты.

ШКУнун Ысык-Көл марафону жаркын жана масштабдуу маданий-спорттук иш-чара катары ар кайсы өлкөлөрдөн жана континенттерден келген миңдеген катышуучуларды ШКУнун желеги астында бириктирип, ар убак  “Шанхай рухун”  – ачыктык, теңдик, өз ара урматтоо жана биргелешип өнүгүүнү чагылдырып турат”- деп маалымат берди. 

Айбек Султанов, спорт сүйүүчү: “Чуркоо мага кошумча дем, күч берет” 

-Мен “Кыргыз Азиздер федерациясынан” катышып жатам. Өзүм спортту жакшы көрөм. Негизи жеке эле бул марафонго гана эмес, башка иш-чараларга дагы активдүү катышып келебиз. Чуркоо мага кошумча дем, күч берет. Ошондуктан, аралыкка чуркоо менен ар дайым машыгып турам. Бул марафондон менден жакшы стимул алдым десем болот. Ушундай иш-чаралар көп-көп болуп турса дагы абдан жакшы болмок. Биз дагы ден соолугубуз чектелген дебестен, өзүбүздү өнүктүрүп, элге аралашып, жаңы бир багыттарды үйрөнүп турмакпыз. Учурдан пайдаланып ушул иш-чараны уюштуруп, бизге мыкты мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги жана Эл аралык марафон дирекциясына ыраазычылык билдирмекчимин.

“Run the Silk Road”  - эл аралык ынтымак жарчысы

Чжэн Чжицян, спорт сүйүүчү: “Спорт, маданият ар дайым улуттар аралык ынтымакты бекемдейт” 

-Мен өзүм Кытай Эл Республикасынан болом. Учурда Кыргызстанда Джунхай базарында иштейм. Бул марафон тууралуу укканда эле, ага катышууну кааладым. 21 км аралыкка жүгүрдүм. Мен үчүн анчалык деле кыйын болгон жок. Бирок, баары бир чуркоо кошумча машыгууну талап эмеспи. Эмдиги жылы дагы жакшы даярданып туруп, катышууну пландап жатам. Спорт, маданият ар дайым улуттар аралык ынтымакты бекемдейт. Ошондуктан бул марафон дагы канчалаган улуттун башын бириктирүүгө, бир-бири менен тааныштырууга мыкты өбөлгө болду. Бардык спортчуларга ийгилик каалайм. 

ШКУнун Ысык-Көл IX эл аралык марафону жеңүүчүлөрдү аныктады 

Абсолюттук категорияда кыз-келиндер арасында 42 км 195 м аралыкка чуркоо:

1-орун – Мария Коробицкая, Кыргызстан, жыйынтык – 2:39.40, байге –  140 миң сом;

2-орун – Дарья Маслова, Кыргызстан, жыйынтык – 2:44.52, байге – 100 миң сом;

3-орун – Гульшанай Сатарова, Кыргызстан, жыйынтык – 2:46.00, байге – 70 миң сом;

Абсолюттук категорияда эркектер арасында 42 км 195 м аралыкка чуркоо:

1-орун – Илья Тяпкин, Кыргызстан, жыйынтык – 2:27.44, байге – 140 миң сом;

2-орун – Жоодарбек Кочконбаев, Кыргызстан, жыйынтык – 2:29.50, байге – 100 миң сом;

3-орун – Шокиржон Мамейкулов, Таджикстан, жыйынтык – 2:36.58, байге – 70 миң сом;

Абсолюттук категорияда кыз-келиндер арасында 21 км 097 м аралыкка чуркоо:

1-орун – Евгения Прокофьева, Украина, жыйынтык – 1:14.51,  байге – 50 миң сом;

2-орун – Сабина Талачева, Узбекистан, жыйынтык – 1:27.58, байге – 30 миң сом;

3-орун – Юлия Фернас, Кыргызстан, жыйынтык – 1:36.36, байге – 20 миң сом;

Абсолюттук категорияда эркектер арасында 21 км 097 м аралыкка чуркоо:

1-орун – Нурсултан Кенешбеков, Кыргызстан, жыйынтык – 1:06.31,  байге – 50 миң сом;

2-орун – Бердигул Айтбай уулу, Кыргызстан, жыйынтык – 1:11.09, байге – 30 миң сом;

3-орун – Хасанджан Акбаралиев, Таджикстан, жыйынтык – 1:12.48, байге – 20 миң сом;

Мындан тышкары, марафондун алкагында 42 км 195 м, 21 км 097 м аралыктарда эркектер жана кыз-келиндер арасында жаш курактык категориялар боюнча (35-44 жаш, 45-54 жаш, 55-64 жаш, 65 жаштан жогору) жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында, 10 км аралыкта абсолюттук категорияда кыз-келиндер, эркектер арасында жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын арасында жеңүүчүлөр белгилүү болуп, баалуу белектер менен сыйланышты.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)