Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө 42 817 бүтүрүүчү катталды
Сүрөт интернеттен алынды
Кыргыз Республикасынын бардык аймактарында Жалпы республикалык тестирлөө башталды. Тестирлөө окуучулардын өмүрүнүн жана ден соолугунун коопсуздугун камсыздоо үчүн тийиштүү шарттар түзүлгөн 115 тест борборунда өткөрүлүүдө. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Берилген маалыматка ылайык тест борборлорунда медициналык пункттар жана медицина кызматкерлеринин, ошондой эле коопсуздук кызматкерлеринин кезмети уюштурулган.
Тестирлөөнүн катышуучулары зарыл коргонуу каражаттары: санитайзер, тепловизор, бет кап, кол кап ж.б. менен камсыздалган.
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 30-апрелиндеги № 564/1 буйругуна ылайык тестирлөө үч этапта өткөрүлөт:
I этап: 2021-жылдын 18, 19-майында;
II этап: 2021-жылдын 21, 22-майында;
III этап: 2021-жылдын 22, 23-июнунда.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматы боюнча, ЖРТга 42 817 бүтүрүүчү катталган.
Белгилей кетсек, тестирлөөгө орто жалпы же орто кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, ошондой эле каттоо учурунда жалпы билим берүүчү мектептердин 11-классында, орто жана башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарынын акыркы курстарында окуп жаткандар катыша алышат.
последние
● Председатель кабмина рассказал ноокатцам о строительстве дороги Ош - Ноокат - Исфана
● Быйыл Жалпы республикалык тестирлөөгө 42 817 бүтүрүүчү катталды
● КР Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен бармакчы
● Алишер Усманов занял первое место в рейтинге благотворителей Британии, - The Sunday Times
Рекомендация
- 1В МИД КР рассказали о ситуации с гражданами Кыргызстана в Таджикистане
- 2Глава МИД КР встретился с послом США Дональдом Лу в связи с завершением его дипмиссии
- 3МВД выявлен канал организации незаконной миграции граждан КР за границу
- 4Победное сражение
- 5Председатель кабмина рассказал ноокатцам о строительстве дороги Ош - Ноокат - Исфана