WeChat      Избранное

Асылбек Мамбеторозо уулу: “Улуттук бийлер-кыргыз көөнөргүс маданиятынын ажырагыс бөлүгү”

15/11/2017  Источник:оригинал   шрифта:

Асылбек Мамбеторозо уулу: “Улуттук бийлер-кыргыз көөнөргүс маданиятынын ажырагыс бөлүгү”

Эмгектин үзүрү, жеңиштин даамы, А. Мамбеторозо уулу.

Кыргыз эли байыртадан, өнөрлүү адамдарга бай келип, таланттарды өзгөчө сыйлашат. Кыргыздын маданияты канча кылым карытып, көөнөрбөс көчүн улап келет. Ушундай улуттук баалуулуктарга бапестеп мамиле кылып, сактап, өнүктүрүп келген кытайлык кыргыздар тууралуу угуп-билип жүрөбүз.
 Улуттук бийлерди барктап, коргоп, дүйнө элдерине таанытууга өз салымын кошуп келген кытайлык кыргыз Асылбек Мамбеторозо уулу бүгүн бизде конокто. Ал өзүнүн ишмердүүлүгү, бий жаатынан багынткан бийиктиктери тууралуу баарлаштык. 

-Алгач, өзүңүз тууралуу маалымат берип кетсеңиз, бий өнөрүнө кандай келип калдыңыз?
-Кытай Эл Республикасынын Синьцзян Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун Ыр-бий ансамблинде бий режиссеру кесибин аркалоо менен бирге, бий өнөрү менен дагы алектенем.
Өзүм Улуу Чат ооданынын Кызыл-Ой айылынын малчылар үй-бүлөсүндө төрөлгөм. Кичинемден мал карап, кой кайтарып ат жалында чоңойдум десем болот. Бала чагымдан айлана-тегерегим өнөр адамдары менен курчалган. Үйдө апам жакшы бийлеп, ырдачу. Ошондуктан, ыр-бий жашоомдун ажырагыс бөлүгүнө айланган.
12 жашымда бий классына кабыл алынып, бул багытты тереңдеп үйрөнө баштадым. Төрт жыл бою бий адистиги боюнча Үрүмчү шаарында билим алып, андан соң 2004-жылы ансамблга жумушка орноштум. 2007-жылы болсо, топтун бийчилик жаатына кызматка кирдим.
2010-жылга келгенде ансамблдин жетекчилери мени Пекин шаарына окууга жөнөтүштү. Ал жактан бакалаврдык билимимди бий чыгармачыл кесибинде, “бий режиссеру” багытында, төрт жыл билим алдым. Азыркы тапта болсо, Кызыл-Суу ансамблинде бий режиссеру, бийчиси болуп эмгектенип келем.
Өзүмдүн, бийчилик сапарыма жол тарткандан бери чыгарган чыгармаларымды атай кетсем: “Комуз” бийи, “Калпак” бийи, “Саан” бийи, “Жылкы” бийи, “Көк бөрү тартуу” бийи, “Жорго”, “Жалын” бийи ж.б. Ушул сыяктуу номерлер менен чоң-чоң сынактарга катышып, майрамдык концерттерди уюштуруп, катышып жүрөм.
-Кызыл-Суу ыр-бий ансамбли кайсы жылдан бери иштеп келе жатат?
-Биздин ансамблдин тарыхы узун, чыгармачылыгы бай. 1956-жылы Кызыл-Суу Кыргыз автономдуу облусунун Өкмөтү тарабынан жергиликтүү өнөрпоздорду колдоо, алардын талантын ачып, өркүндөтүү максатында уюшулган. Калк арасынан,   малчылардан, айылдардан өнөр адамдарын топтоп, “көркөм-өнөрчүлүктү үйрөтүү” сабактары деп ачылган. Кызыл-Суу Кыргыз облусу курулганына эки жыл болгондон кийин эле ансамбль курулган. Ошондо, бул жылы биздин ишмердүүлуккө 61 жыл толду. Ушул жылдар аралыгы, элибиздин улуттук ыр-бийин даңазалап, өнүктүрүп, маданият тармагында иштеп келебиз.

Асылбек Мамбеторозо уулу: “Улуттук бийлер-кыргыз көөнөргүс маданиятынын ажырагыс бөлүгү”

“Чогуу иштешкен кызматташтарым менен бирге”.

“Байыртан сакталган бийлердин бири “Турмуштук бийи” деп аталат”

-Чындыгында, улуттук кыргыз бий өнөрү кытайлык кыргыздарда мыкты сакталып калгандыгы бардыгыбызга белгилүү. Ушул багытта кеп салып берсеңиз?
-Кыргыз улуттук оюндары, улуттук бийлери кыргыз көөнөргүс маданиятынын ажырагыс бөлүгү.  Ал байыртан бери сакталып, муундан-муунга ата мурасы болуп өтүп келген. Улуттук баалуулуктарды көздүн карегиндей сактоо керек деп ойлойм. Кызыл-Сууда кыргыз бийине мурунтан эле өтө маани берип келишкен. Тойлор, айт майрамдары ар дайым ыр-бий менен коштолуп, улуттук бийлер, элдин көңүл чордонунда болуп келет.
Бизде азыр, байыртан сакталган бийлердин бири “Турмуштук бийи” деп аталат. Азыркы мезгилде дагы, жергиликтүү айылдарда аксакалдарыбыз, чоң энелерибиз бийлеп жүргөндүгүн көрүүгө болот.
-Эмне себептен “Кыз куумай” оюнун сахналаштырууну чечтиңиз?
-Байыркы кытай жазма тарыхында ат оюндары, кыргыздардын ат бийи тууралуу тарыхый жазмаларды кезиктирүүгө болот. Биздин ишмердүүлүк жолубузда дагы, аттарга байланыштуу “Байге” бийи, “Көк бөрү тартуу” бийи, “Жорго” бийи деп бийленип келген.                                                                                                        
Улуттук оюндарды сахналаштыруу жагынан Кызыл-Суу Өкмөтү, Кызыл-Суу облус башчысы, аймактагы маданият мекемелери абдан колдоо көрсөттү. Биздин ушул жолку, жарышка катышып, баруубузга дагы алардын салымы зор болду.
Кыргыздын улуттук жөрөлгөлүү оюну болгон, көөнөргүс кыргыз маданиятында байыртан бери бараандуу орунду ээлеп келген “Кыз куумай” деген оюнун сахналаштырууну чечтик. “Кыз куумайды” кыз-жигиттин, жаштыктын махабат баяны деп койсок да болот. 
-“Кыз куумай” бийи тууралуу айтып берсеңиз...
-Бий тууралуу айтсак, автору өзүм болом. Аны кызматташым Айтунук Калыбет кызы экөөбүз иштеп чыктык. Бийди сахнага даярдоо учурунда, абдан чоң деле кыйынчылыктарга дуушар болгон жокпуз. Бир ай убакыт ичинде жасап бүттүк. Ар бир жумушта мыкты жыйынтыкка жетүү үчүн, талыкпастан эмгектенүү керек. Ошондуктан, бир ай аралыгы тынымсыз иштөөгө туура келди. Өзүңүздөр көргөндөй, эмгегибиздин үзүрү кайтты, кыргыз элинин маданиятын Сингапурда таанытып, алдыңкы орунду багынта алдык.
“Кыз куумай” бийиндеги бий аракеттери, кыргыздын алынган, аттын үстундөгү кыймыл-аракеттер, жигит ат үстүндө чаап бара жаткандай болуп, кызды кубалоодогу көрүнүштү бергенге аракет кылдык. Сахнада, кыз менен жигиттин бир-бирине арнаган сүйүүсү, кыргыз жигити менен кыргыз кызынын махабаты чагылдырылып, бий аркылуу алардын сүйүү баяны чагылдырылды.
-Маекти, Сингапурга болгон сапарыңарга бурсак, эл аралык бийчилер конкурсуна кандай жол менен барып катышып калдыңыздар?
-Сингапурдагы фестиваль тууралуу интернеттен маалымат алдык. Ага катышууга болгон максатыбызды ансамблдин жетекчилерине, жергиликтүү Өкмөткө билдирдик. Бардыгы бир ооздон колдоорун билдирип, жакшы жардам беришти.
Алгач, конкурстун уюштуруу тобуна, биз мурунтан сахналаштырып, бийлеп жүргөн бийлердин видеосун жибердик. Андан соң, алардын тандоосунан өтүп, Сингапурга жарышка катышууга чакыруу алдык.
-“Кыз куумай” бийи, Сингапурдагы көрөрмандардын, бий баалоочулардын купулуна толдубу, кандай баага татыды?
-Биз, бий аркылуу кыргыз улутунун жөрөлгөлүү оюнун, аны менен катар кыргыз улутунун махабат сырын, турмушун сүрөттөп, ачыктап бердик. Бийдин музыкасы дагы, кийген кийимдерибиз дагы сахнага өзгөчө көрк берип, көрөрмандар тарабынан абдан мыкты кабыл алынды. Кыргыз бийин алгачкы жолу көрүп жаткан бий сүйүүчүлөрүнүн алкоосуна татып келдик десек болот. Конкурстун жыйынтыгында Азия боюнча биринчиликти алып, алтын медалга татыктуу болуп кайттык.
Бул менин гана жеңишим эмес, бүтүндөй Кызыл-Суу элинин, Кызыл-Суу бий ансамблинин жеңиши болду. Ушул бий өнөрүндө мага жол көрсөткөн, колдоо көрсөткөн кызматташтарымдын, бардыгыбыздын ийгилигибиз болду. 
Эми, кыргыз улуттук бийине жаңыча бир түс кошулду деп карайм. Ушул жарыштан алган натыйжабыз, кыргыз бийин, кыргыз маданиятын, жеке Кызыл-Сууда гана эмес, Синьзянда, Кытайда, андан сырткы мамлекеттерге дагы тааныта алды.
-Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын маданий байланышына токтолуп кетсеңиз. Сиз Кыргызстанга келип-кетип жүрөсүзбү?
-Азыркы тапта, Кыргызстан менен Кытай Эл Республикасынын маданият тармагы бир топ эле өнүгүп, кызматташып калды десем болот. Өзүм дагы Кыргызстанга үч жолу барып келгем. Кыргызстандын эл артисттери, өнөр адамдары менен бир сахнада концерт коюп жүрөбүз.
Кыргызстандын көрөрмандары, эли биздин бийге абдан маани берип, мыкты колдоолорун көрсөтүп жүрүшөт. Бизге болсо, кытайлык кыргыздарга, сиздердин ырларыңыздар абдан жагат.
Тилекке каршы, биз Кыргызстанда болгону 4-5 күн гана туруп, шашылыш келип –кетип жүрөбүз. Ал аралыкта убакыт өтө кыска болуп, Кыргызстандык бийчилер менен маектешүүгө, бирге чыгармачылык менен алектенүүгө шарт болбоду.
Алдыда, кытай кыргыздары менен, Кытай менен  Кыргызстан оротсундагы маданий алака дагы да өөрчүп өнүгөт деп ишенем. Маданият тармагында дагы, кандайдыр бир долбоорлорду биргеликте иштеп чыгууга мүмкүнчүлүк болот деп ойлойм.
Дагы да жакшы чыгармаларды жарыкка алып чыгып, көөнөргүс кыргыз маданиятына өз салымымды кошууга даярмын.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)