КР Президенти Садыр Жапаров Россия Федерациясына иш сапары менен бармакчы
Сүрөт интернеттен алынды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров үстүбүздөгү жылдын 24-25-май күндөрүндө Россия Федерациясына иш сапары менен барат. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирет.
Иш сапардын алкагында Сочи шаарында Президент Садыр Жапаров Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташуунун жана евразиялык экономикалык интеграциянын актуалдуу маселелерин талкуулашат.
Регионалдык коопсуздукту, анын ичинде ЖККУ, КМШ жана ШКУ алкагындагы коопсуздукту камсыз кылуу жаатындагы байланыштарга өзгөчө көңүл бурулат.
Жолугушууда ошондой эле коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы көрүлүп жаткан чараларды, анын ичинде россия вакциналарын Кыргыз Республикасына жеткирүүнү талкуулоо пландаштырылууда.
Бул сапар үстүбүздөгү жылдын 10-майындагы Кыргызстан менен Россиянын лидерлеринин телефон аркылуу сүйлөшүүсүндө жетишилген макулдашууларды өөрчүтүү максатында болмокчу.
последние
Рекомендация
- 1Секретарь Совбеза КР в Душанбе встретился с коллегами по ОДКБ
- 2Садыр Жапаров 24–25 мая совершит рабочий визит в Россию
- 3“Кытай Өкмөтү Кыргызстан эли тандап алган өнүгүү жолун урматтайт” - Борбордук Азия-Кытай жолугушуусу ТИМ министрлерин бир арага чогултту
- 4В Душанбе состоялась встреча глав МИД Кыргызстана и России
- 5Le Figaro: "Черный грибок" - редкое, но смертельно опасное осложнение Covid-19