Болот Миңжылкиев атындагы IV эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтмөкчү
Сүрөт интернеттен алынды
2021-жылдын 21-25-апрелинде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында СССРдин Эл артисти Болот Миңжылкиев атындагы IV эл аралык опера искусствосунун фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, фестивалга Россия, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Өзбекстан, Украина жана Кыргызстандын опера сахнасынын жылдыздары, мыкты вокалисттери катышат. Көрүүчүлөргө дүйнөлүк опера классикасынын шедеврлери, театрдын репертуарындагы мыкты чыгармалар тартууланат.
Фестиваль 21-апрелде саат 18:00дө Джузеппе Вердинин "Аида" операсы менен ачылат.
Ал эми 23-апрелде гала-концерт өтүп, опера күйөрмандары фестивалдын программасындагы бардык катышуучулар катышкан концертке күбө болот. Концертте улуттук, чет элдик жана орус классикасынын мыкты чыгармалары жаңырат.
Фестиваль 25-апрелде легендарлуу Александр Бородиндин "Принц Игорь" операсы менен аяктайт.
последние
Рекомендация
- 1Воды мало, надо экономить электричество — премьер Кыргызстана дал поручения
- 2Послом Кыргызстана в США назначен Бактыбек Аманбаев
- 3Жапаров в полевой форме пообедал с солдатами
- 4Казат Акматов – жан дүйнө баалуулуктарын барктап, улут үчүн күйүп-жанган улуу инсан
- 5В забеге Jaz Demi в Бишкеке примут участие 2 800 человек — правила для бегунов