Кыргызстанда жалпы 10 миң 830 адам “Синофарм” вакцинасын алды
Кыргызстанда жалпы 10 миң 830 адам “Синофарм” вакцинасын алды. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматуллаев брифинг учурунда билдирди.
Анын айтымында, вакцинаны медкызматкерлер, мугалимдер, 65 жаштан жогору курактагы жарандар, күч структурасынын кызматкерлери алууда.
“Аймактар боюнча алганда Бишкекте 914, Ош шаарында 955, Чүйдө 1 миң 28, Ош облусунда 3 миң 903, Ысык-Көлдө 790, Таласта 236, Нарында 552, Жалал-Абадда 2 миң 49, Баткенде 403 жаран эмдөөдөн өттү”, - дейт ал.
Эскерте кетсек, 29-мартта Республикалык иммунопрофилактика борбору Кытай өлкөсү тарабынан берилген коронавируска каршы “Синофарм” вакцинасынын 150 миң дозасын алган. Эмдөө 25-28 күн аралыкты камтуу менен эки ирет жүргүзүлөт. Вакцинаны алгандан кийин терс учурлар каттала элек.
Муну менен эле катар, Кыргызстанда 20-апрелге карата коронавирус дагы 225 адамдан аныкталгандыгы айтылды.
Бишкекте – 117, Чүй облусунда – 82, Ош облусунда – 4, Ысык-Көл облусунда – 11, Нарын облусунда – 4, Жалал-Абад облусунда – 5, Талас облусунда – 1 адамдан илдет табылган.
Ал эми бир сутка ичинде 173 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 108, Ош шаарында – 3, Чүй облусунда – 51, Нарын облусунда – 3, Жалал-Абад облусунда – 2, Ысык-Көл облусунда – 5, Баткен облусунда – 2 адам сакайды.
Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 1 бейтап каза болду.
последние
Рекомендация
- 1Борьба с безработицей в Кыргызстане — что предлагают депутаты ЖК
- 2Кыргызстанка завоевала золото на международном фестивале в Ташкенте.
- 3Топ-6 мероприятий, которые пройдут в Бишкеке в эти выходные
- 4Президенту Кыргызстана не нужно делать прививку от COVID-19 – пресс-секретарь
- 5Следа от прививки на теле скончавшегося дипломата нет — Минздрав КР