WeChat      Избранное

Жеке ишкерлер үчүн жөнөкөйлөтүлгөн салык режими иштелип чыкты

20/04/2021  Источник:оригинал   шрифта:

Жеке ишкерлер үчүн жөнөкөйлөтүлгөн салык режими иштелип чыкты

                                                                                                         Сүрөт интернеттен алынды

Жеке ишкерлер чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жаңы жөнөкөйлөтүлгөн системасы боюнча иштей алат. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Берилген маалыматка ылайык, салык жол-жоболорун фискалдаштыруу алкагында салыктарды башкарууну жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2021-жылдын 16-мартындагы токтому менен Чекене соодадан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасын колдонуу тартиби жана ага өтүү шарттары жөнүндө жобо бекитилген.Салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы менен иштөө үчүн жеке ишкерлер 2020-жылдын 24-июнунда бекитилген жаңы техникалык талаптарга ылайык келген ККМди сөзсүз түрдө колдонууга тийиш. Ошондой эле субъект КНС төлөөчүсү болбоого же соңку 12 айдын ичинде кирешесинин көлөмү КНС боюнча каттоо чегинин өлчөмүнөн (8 млн сом) ашпоого тийиш.

Чекене сатуу салыгынын ставкасы биринчи жылы "нөлдүк" көрсөткүч менен, экинчи жылы – 1%, үчүнчү жылы – 2% жана төртүнчү жылдан тартып 3% белгиленген. Накталай эмес формада төлөөдө салыктын ставкасы 50 пайызга азаят.

Салыктык милдеттенмени ай сайын эсептөө салык төлөөчүнүн ККМ-онлайнынан алынган Салык кызматынын маалыматтык системасынын маалыматтарынын негизинде салык органы тарабынан жүргүзүлөт.

Бул салык режиминин артыкчылыктары – режимге ишмердиктин каалаган мезгилинде ыктыярдуу өтүү тартиби, салык декларациясынан тышкары салык отчетун берүү зарылдыгынын жоктугу, бухгалтердик эсеп жүргүзүү зарылдыгынын жоктугу жана ККМ-онлайндан алынган маалыматтар боюнча салыктык милдеттенме автоматтык түрдө түзүлгөндүгүнө байланыштуу мобилдүү тиркемелер аркылуу салыкты оңой төлөө мүмкүндүгү.Чекене сатуудан салыктын негизинде иштөөгө ниеттенген салык төлөөчү салыктык каттоо жери боюнча салык органына арыз берүүгө милдеттүү.

Чекене сатуудан алынуучу салыктын негизинде салык салуунун жөнөкөйлөтүлгөн системасы финансылык жана камсыздандыруу кызматтарын көрсөтүүчү субъекттер, ошондой эле баалуу кагаздар рыногунун кесипкөй катышуучулары, акциз салыгын төлөөчүлөр, коомдук тамактануу субъекттери, курорттук-ден соолукту чыңдоо чөйрөсүнүн субъекттери, турак жайларды куруучулар тарабынан колдонулбайт.

Кененирээк маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, 116 номери же www.sti.gov.kg сайты аркылуу алууга болот.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)