WeChat      Избранное

Синофарм - Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды

22/04/2021  Источник:оригинал   шрифта:

       Синофарм - Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды

                         Сүрөттөр редакцияга таандык

29-март күнү Кыргызстанда COVID-19 илдетине каршы эмдөө иштери башталды. Эмдөөгө Кытайдын Синофарм компаниясы чыгарган вакцина колдонулууда. 

Эсиңиздерге сала кетсек, КЭР алгачкылардан болуп 75 миң адамга эсептелген 150 миң доза вакцинаны Кыргызстанга жардам катары жөнөткөн. Вакцина биздин өлкөгө 19-мартта келген. Алгач эмдөөдөн Бишкек, Ош шаарларында жана Чүй облусунда “кызыл зонада”, бейтапканада, “Тез жардамда” иштеген медицина кызматкерлери, мугалимдер жана күч органдарынын өкүлдөрү өтмөкчү.

Бишкектеги №7 Үй-бүлөлүк медицина борборунун жетекчиси Черикчиева Кызылгүл Барадиновнанын айтуусунда коронавирус дартына каршы эмдөө иштери поликлиникада саат 11де башталган. Эң алгачкылардан болуп КРдин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин кызматкерлери келген. Министр Алымкадыр Бейшеналиев коронавируска каршы эмдөөнү Кыргызстанда биринчи болуп алды. Андан соң орунбасарларына эмдөө жүргүзүлдү. 

Муну менен эле катар Кызылгүл Черикчиева өзү коронавирус менен ооруп айыккандыгын айтып, бираз убакыт өткөндөн кийин вакцинаны алаарын билдирди. 

КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Улук-Бек Бектурганов: “Коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамда кандайдыр бир реакциялар болсо, өкмөт менен биздин министрлик жоопкер болот” 

Синофарм - Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды

-Кытай вакцинасы Кыргызстанга алгачкылардан болуп келди. Учурда, өзүңүздөр көргөндөй эмдөө иштери кызуу жүрүп жатат. Чындыгында бул эмдөө иштерин көптөн бери күткөнбүз. Бир гана баса белгилеп кетчү нерсе, бул жерде адамдын антителосу жетиден жогору болсо, анда ага эмдөө алуунун кажети жок. Себеби, антителосу болгон адам коронавируска туруштук бере алат. Ал эми бул вакцина адамдын организминде антителону көбөйтөт. 

Брифинг маалында министрибиз айтып кеткендей, коронавируска каршы эмдөөдөн өткөн адамда кандайдыр бир реакциялар болсо, өкмөт менен Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жоопкер болот. Мына, азыр мен өзүм дагы вакцинаны алып чыктым. Эмдөөнү алган бардык адамдардын жеке маалыматтары базада болот. Ар бир жаран жашаган аймагына тиешелүү поликлиникада болгондо ошол жакка өздүк маалыматтарын берет. Дарыгерлер тобу алардын ал-абалын көзөмөлдөп турат. 25 күндөн кийин 2 вакцинасын алышат. 

Эми алдыда Россиядан дагы “Спутник V” вакцинасы келээри күтүлүүдө. Ал 250 миң кишиге жетет. Кытай Эл Республикасы дагы да болсо өз жардамын көрсөтөөрүн белгилешүүдө. Азыркы тапта сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө. Ушундай жол менен Кыргызстандын бардык жарандары вацина алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болмокчу. 

Айнура Күмөнова, тез жардам кызматкери: “Коронавируска каршы эмдөөнү чыдамсыздык менен күткөнбүз"

Синофарм - Кыргызстанда коронавируска каршы эмдөө башталды

-Мен өзүм медицина кызматкери болгондугум үчүн эч нерседен коркпой эле коронавируска каршы эмдөөнү алып чыктым. Мисалы, сентябрь айында сасык тумоодон эмдөө алгам. Эч ооруган жокмун. Антпесе, жылына сасык тумоо болуп катуу ооручумун. Ошондуктан, коронавируска каршы эмдөөнү дагы чыдамсыздык менен күткөнбүз. Бардык кесиптештерим учурда өз кезектерин күтүп жатышат. 

Өзүңүздөр билгендей тез жардам кызматы оорулуулар менен эң биринчи байланышат, биринчи жардамды көрсөтөт. Ошондуктан, бул жугуштуу дарт менен оорубашыбыз зарыл. Мындан сырткары биз үй-бүлөбүздү, балдарыбызды дагы коргошубуз керек. Биз ооруну жугузуп келсек, бардыгы ооруйт. Мына, ушундай кырдаалдардан улам бул эмдөөнү абдан күткөм. Эч ойлонбостон кубануу менен вакцинаны алдык. 

Айжамал Жылкычиева, медицина кызматкери: “Кыргыз эли бул жугуштуу дарттан корсуз айыгып кетүүсүн тилейм” 

-Мен көп жылдан бери медицина жаатында иштеп келем. Жашым бир топко барып калса дагы, вакцина алайын деп чечтим. Себеби менин коопсуздугум, балдарымдын, неберелеримдин, жакындарымдын, кесиптештеримдин коопсуздугу болмокчу. Азыр вакцинанын биринчисин алдык. Эч кандай ооруган жок. Абалым жакшы. Бираз алсыроо болот деп жатышат. Сасык тумоого каршы эмдөө алганда деле организм ооруп анан айыгат эмеспи. Ошондуктан бул жагынан эч кандай корккон жокмун. Вакцина жакшы жыйынтыкка алып келип эле, жалпы кыргыз эли бул жугуштуу дарттан корсуз айыгып кетүүсүн тилейм. 

Коронавирус коркунучу кайрадан Бишкекти курчады 

Коронавирус инфекциясы боюнча Бишкек шаарындагы абал кооптуу. Бул тууралуу 6-апрель күнү брифингде Бишкек шаардык мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Айнагүл Рыскулбекова билдирди.

Анын маалыматы боюнча, Бишкек шаарында өткөн сутка ичинде коронавирус инфекциясынын 77 жаңы учуру катталды, анын ичинен 52 учур лабораториялык жол менен, 25 учур клинико-эпидемиологиялык пневмониялык жол менен тастыкталды.

“Бир суткада Ленин районунда – 22, Биринчи май районунда – 7, Октябрь районунда – 21, Свердлов районунда – 13 учур катталды. Калган учурлар келгендерден аныкталган. Жаңы катталган учурлардын ичинен 71 адамда симптомдуу, калган учурлары симптомсуз экени белгилүү болду”,-деди ал.

Ал жаңы учурлардын ичинен 36 бейтап ооруканаларга жаткырылганын, 41 адам амбулатордук дарылануудан өтүп жатканын кошумчалады.

“Бардык жарандарды жеке тазалыкты сактоого жана эл көп топтолгон жайга баруудан карманууга, конокко барууну жана үйгө конок чакырууну токтотуп турууга чакырам. Ошондой эле башкалар менен кол кармашып, өбүшүп жана кучакташып учурашууну токтотуңуздар. Мындан тышкары, колуңуздарды 20 мүнөттөн аз эмес самындап жууп, жашаган, иштеген жерди желдетип туруңуздар”,-деди Рыскулбекова. 





(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)