WeChat      Избранное

Жаңы Конституция жана тышкы күчтөр таасири талкууланды

22/04/2021  Источник:оригинал   шрифта:

 

Жаңы Конституция жана тышкы күчтөр таасири талкууланды

Сүрөт редакцияга таандык

Азыркы тапта Кыргызстанда ички саясий кырдаалдын курчушу жана коомдо чыңалуунун күчөшү күтүлүүдө. Буга кошумча тышкы күчтөрдүн таасиринин өөрчүп жаткандыгы айтылууда. Мындай көрүнүштөрдүн негизги себеби, 2021-жылы өлкө ичинде пландаштырылган саясий окуялар болуусу толук мүмкүн.

Мына ушул маселенин айланасында 26-март күнү “Кыргызстандагы саясий процесстер жана шайлоо, Конституция боюнча референдум тышкы факторлордун таасири алдында” аталышындагы тегерек стол болуп өттү. Бул иш-чараны “Пикир” аймактык эксперттер клубу менен катар “Альфа”  атайын күчтөрүнүн Ардагерлеринин Эл аралык Ассоциациясы биргеликте уюштурду. 

Иш-чаранын катышуучулары алдыдагы референдумдун Кыргыз Республикасынын Конституциясын өзгөртүү республиканын коомдук-саясий процесстерине жана улуттук коопсуздугуна тийгизген таасирине байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Эске сала кетсек, Январь айында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо жана башкаруу формасын тандоо боюнча добуш берүү өткөрүлдү. Ал эми конституциялык реформа жана жергиликтүү кеңештерге шайлоонун апрель айында өткөрүлүүсү күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине болсо шайлоо күз мезгилинде болмокчу. 

Игорь Шестаков, эл аралык серепчи: “Чындыгын айтканда, бизди саясий күрөштүн бирден-бир оор жылы күтүп турат” (подзаголовок)

-Азыркы тапта, бардыгыбызга белгилүү болгондой Кыргызстанда олуттуу саясий оюндардын бүйүрү кызып турган кези. Биз буга чейин эч качан мынчалык кыска мөөнөттө ушунча көп шайлоо өткөргөн эмеспиз. Мына ушундай кырдаалды татаалдаштырган нерсе бул ички саясий процесстердин бардыгы геосаясий процесстердин активдешүүсү менен катар социалдык-экономикалык чөйрөдөгү кризистин фонунда болуп жаткандыгында болууда. 

Үчүнчү күчтөр үчүн Кыргызстан Россия Федерациясына жана КЭРге каршы багытталган ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу аянтча болуп саналат. Анын үстүнө, республика ар дайым постсоветтик мейкиндиктеги саясий процесстердин флагманы болуп келгендиги айкын.

Ал эми ички саясий күрөштүн курчушуна, ошондой эле, азыркы саясий режимге бардык эле саясий элиталар канааттанбагандыгын эске алганда, Кыргызстандын абалына клан аралык кагылышуулар дагы таасир этет. Бардыгыбызга белгилүү болгондой, республика буга чейин мындай оор социалдык-экономикалык кырдаалга туш болгон эмес. Мисалы, бүгүнкү күндө эмгек миграциясы күтүү режиминде. Буга бир катар себептер бар, анын ичинде авиабилеттердин кымбаттыгы дагы башкы себеп. Ал эми, жумушсуздар кырдаалды курчутууга аракет кылгандар үчүн эң ыңагйлуу “курал” болуп калышы мүмкүн. Чындыгын айтканда, бизди саясий күрөштүн бирден-бир оор жылы күтүп турат. Муну бардыгыбыз акыл-эстүүлүк менен жеңебиз деген үмүт бар. 

Турсунбек Акун, Конституциондук Кеңештин мүчөсү, коомдук ишмер: “Бир дагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүк Кыргызстандын ички саясий процесстерине кийлигишүүгө укугу жок” 

- Былтыр күзүндө эксперттер парламенттик шайлоодон кийин биздин өлкөдөгү окуялар “Беларуссиялык сценарий” боюнча өнүгөт деп эскертишкен. Мындай божомолдор Батыш структураларынын шайлоо алдындагы процесстерге кийлигишүү фактыларынын негизинде жасалган. Коомдук пикирди сурамжылоо деп аталган структура түзүлүп, анын негизинде саясий бирикмелердин рейтинги түзүлгөн, анда чындыгында Кыргызстанда, эл арасында белгилүү эмес партиялардын лидерлери популярдуу деп аталган. Бул кадам шайлоодон кийин элди митингге чыгаруу үчүн жасалган, бирок 2020-жылы бийлик буга көңүл бурбай, эч кандай чара көргөн эмес.

Азыркы тапта дагы өлкө ичиндеги саясий процесстердин курчушуна, тышкы күчтөрдүн дагы таасири күчөп жаткандыгы белгилүү.  Эл аралык укуктун көз карашынан алганда, бир дагы чет элдик дипломатиялык өкүлчүлүк Кыргызстан сыяктуу эгемендүү мамлекеттин ички саясий процесстерине кийлигишүүгө укугу жок. Маселелерибизди өзүбүз чечишибиз керек. Бирок кээ бир өлкөлөр эмнегедир бул норманы тоготпой жатышат.

Исхак Масалиев, экс-депутат: “Конституциялык реформа керек, аны туура кылалы” 

- Мен конституциялык реформага каршы эмесмин, ал керек. Бирок келгиле, бардыгын туура кылалы. Эгемендүүлүгүбүз жөнүндө эмне десек дагы, Кыргызстандын экономикасы биринчи кезекте Россиядан көз каранды. Мен грант же насыя жөнүндө эмес, биздин жарандар жыл сайын которуп турган 2,5 миллиард доллар жөнүндө айтып жатам - буга биздин мамлекеттин бюджети түздөн-түз байланыштуу. Эгер Россия Федерациясындагы саясат башка нукка бурулуп кетсе, анда биз эч бир бийликти кармай албайбыз. 

Кытай Эл Республикасы тууралуу эмне деп айтпайлы, ага кандай мамиле кылбайлы, ал биздин жакынкы коңшубуз жана биз ага карызбыз. Эң негизгиси, КЭР бизге өзү эле насыя берген жок, биз аларды сурап алып жатабыз. 

Ал эми бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүнө токтолсок, алар ар дайым чоң карама-каршылыктарды жаратып келген. 2007-жылы мен депутат болуп, алардын айрым иш-аракеттерин чектөө боюнча долбоорду дагы демилгеледим. Биз бир гана нерсени – алардын каржылоосунун ачык-айкын болуусун каалаганбыз. Ошол кезде дагы абдан көп сын-пикирлерге кабылганбыз. 

Аркадий Гладилов, саясий талдоочу: “Мен эң чоң коркунучту күзгү парламенттик шайлоодо көрүп жатам”

- Акыркы 20 жылда Кыргызстандагы шайлоолор бери дегенде үч жолу, олуттуу коомдук жана саясий толкундоолор менен аяктаганын эске алганда, бул жыл өлкө үчүн оор мезгил болот деп айта алам. 

Биз август айындагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө талкуулап, эмне менен аяктаарын дагы жазганыбыз эсимде. Бирок, ага көңүл бурулган эмес. Ал эми алдыдагы жергиликтүү кеңештерге шайлоого келсек, алар көйгөйсүз өтөт. Ал эми жаңы Конституция бардык сын-пикирлерге карабастан кабыл алынат. 

Мен эң чоң коркунучту күзгү парламенттик шайлоодо көрүп жатам. Бизде мыкты шайлоо механизми бар - бардыгы ачык-айкын, бирок мыйзам бузуулар адам бюллетенди урнага ыргытканга чейин болот. Азырынча бул мыйзам бузууларды кантип токтотууну эч ким ойлоно элек. Демек, күздөгү шайлоо жаңы бийлик үчүн чоң сыноо болмокчу. 

Экономикалык көйгөйлөр, ИДПнын төмөндөшү, коронавирустун үчүнчү толкуну коркунучу өтө терс таасирин тийгизе турган коомдук-саясий кырдаалды туруктуу кармоо үчүн, алар эксперттердин пикирин угушу керек деп ойлойм. Бул саламаттыкты сактоо жагынан гана эмес, социалдык жана психологиялык көз караштан да коркунучтуу болушу мүмкүн. 

Галина Кетова, коомдук ишмер: “Азыр коомубузга жана мамлекетибизге катуу коркунуч келтирген учурлар бар” 

-Кыргызстанга тышкы күчтөрдүн таасири республиканын бийлиги ички көйгөйлөрдү чече баштаганга чейин боло бермекчи. Азыр коомубузга жана мамлекетибизге катуу коркунуч келтирген учурлар бар. Мисалы, диний маселе - бул коркунуч, ошондой эле калктын бийликке болгон ишенимин жоготуу. 

Бүгүнкү күндө кээ бир партиялар тарабынан баңги заттарды легалдаштыруу боюнча дагы маслелер көтөрүлүп жаткандыгын көрүп жатабыз. Алар акырындык менен бул нерселерди биздин коомго киргизүүгө аракет кылып жатышат. Жана алар жаштар ичинен колдоо табабы деп корком. Себеби биздин жаштар өздөрүн мамлекеттин мүчөсү катары сезбей жатабы деп дагы тынчсызданам. Албетте, тышкы күчтөр муну колдонуп, биздин ишибизге кийлигишет, биз маданиятты, улут баалуулуктарын жайылтып, жаштар менен тыгыз иш алып баруубуз зарыл. 



(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)