WeChat      Избранное

​Жаңы жыл – жакшылыктын башаты болсун!

15/01/2021  Источник:интернет   шрифта:

​Жаңы жыл – жакшылыктын башаты болсун!

Сүрөттөр интернеттен алынды

2020-жыл бүтүндөй дүйнөнү мүшкүлгө салган Ковид-19 дартынын айынан “тарыхтагы эң оор жылдардын бири” деп аташууда. Бул жылда эң мыкты инсандарыбыздан айрылдык, ден соолук болбосо бийлик, байлык эч нерсеге татыбай тургандыгын дагы жеткиликтүү деңгээлде сездик десек болот. Мына, ушундай кайгыга себепкер болгон коронавирус дарты менен кошо кирген 2020-жыл өз сапарын байытты. Биз болсо, 2021-жылды үмүттүү карап, 2020-жыл менен кирген жаман дарт, аны менен кошо чыгып кетсин деген тилек менен Жаңы жылды тосуп алдык. 

Биздин редакциянын жалпы жамааты дагы кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен чын жүрөктөн куттуктайт. Оору-сыркоодон алыс бололу. Тынчтык болсун. Каалаган ой-тилектерибиз ишке ашып, жергебизди береке-молчулук байырласын. Пандемия дагы да болсо, дүйнө жүзүндө, бизде дагы өз кадамдарын кере таштап, ишенимдүү жүрүп жатат. Ошондуктан, 2021-жылдын кирип келиши менен мына ушул жаман дарттан тез арада кутулалы. Ооруп жаткандар болсо, батыраак сакайып, үй-бүлөлөрү менен бирге болушсун. Сергек жашоого көңүл буруп, ден соолукка кам көрүүнү, аны чыңдоону үйрөнөлү. Жан дүйнөбүзгө тынчылык орноп, жашоо баалуулуктарын барктай билип жашайлы. 

Кыргызстан эл аралык кызматташтык алакаларын чыңдап, өнүктүрсүн. Өлкө экономикасы дагы өнүгүп, мамлекетибиздин келечеги кең болсун!

​Жаңы жыл – жакшылыктын башаты болсун!

Адыл Жунус уулу, саясатчы: “Көптөгөн жакшылыктардын башаты дал ушул жылга туура келээри шексиз”

-Урматтуу кыргызстандыктар жана Кыргызстанда жашап, иштеп жаткан дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген жалпы меймандар. Сиздерди кирип келген 2021-жыл жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. 

2021-жыл жаңы Президентибиз менен жакшы жаңылыктарга, жагымдуу маанайга, Кыргызстандын жаркын келечегине, жаңы өзгөрүүлөргө, жаңы кадамдарга бай болот деп ишенем. Кыргызстаныбыздын келечегине ушул жылдын 10-январынан баштап чоң өзгөрүүлөргө, алга өнүктүрө турган мыкты иш-чараларга из салынат деп ойлойм. Биз муктаж болгон зарылчылыктар ишке ашып, өлкөбүздүн, бырдыгыбыздын келечегибиз үчүн алгачкы кадамдар ташталат деп ишенем. Ошондуктан, 2021-жылдан үмүтүбүз чоң. Көптөгөн жакшылыктардын башаты дал ушул жылга туура келээри шексиз. 

Эл-жерибизде тынчтык болсун. Эң негизгиси аманчылык, чың ден соолук бизден кетпесин. Жаңы жыл менен бирге ар бир үйгө береке-молчулук, бакубат жашоо кошо кирсин. Дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен урматтуу элим. Жамандан алыс бололу, жакшыга шерик бололу! 

Кыяз Молдокасымов, тарыхчы: “Жаңы жыл-жаңы ийгиликтерге себеп болсун!” 

-Учурдан пайдаланып гезиттин жамаатын жана жалпы окурмандарын кирип келген Жаңы жыл майрамы менен куттуктайм. Эң башкысы Улуу Жибек жолу тарыхта экономикалык, гуманитардык бүтүндөй өлкөлөрдү, ар кыл улуттарды байланыштыргандай, бүгүнкү күндө дагы “Бир алкак-бир жол” аттуу заманбап долбоорунун негизинде дагы кызматташуу алакалары өнүгүп-өсө берсин. Байланыштарыбыз арта берсин.

 Өткөн жылдагыдай ааламды каптаган пандемия элдердин сак-саламаттыгына доо кетирбей, коркунуч туудурбасын. Жугуштуу дарт эски жыл менен кошо кетсин. Жаңы жылда эң негизгиси жалпы кошуна эки элдин ынтымагы артсын, эки өлкөнүн карым-катнашы чыңдалсын. Ар тармактуу кызматташуу алакалары бекемделип, алдыга карай ийгиликтүү кадамдар ташталсын. Элибиз чың ден соолукта, бакубат жашоодо жашасын. 

Ар бир инсан жаңы жылды жаңы үмүт, жаңы кыялдар менен күтөт. 2021-жаңы жыл мекенибизге тынчтык, элибизге береке алып келген бакубат жыл болсун. Эмгегибиз үзүрлүү болуп, ийгилигибиз арта берсин. Жаңы жыл-жаңы ийгиликтерге себеп болсун! 

Марлен Маматалиев, саясатчы: “Ар бир үй-бүлөдө аманчылык, береке-молчулук болсун” 

-Урматтуу кыргызстандыктар, бардыгыңыздарды Жаңы жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктап кетмекчимин. Ушул Жаңы жыл ар бир үй-бүлөгө береке-молчулук алып келсин. Тынчтык, ынтымак болсун. 

2020-жыл чындыгында абдан оор жылдардан болду. Кандай гана күндөр башыбыздан өткөн жок. Коронавирус дарты бүтүндөй дүйнөнү каптады. Аны менен күрөшүү, элдин саламаттыгына кам көрүү иштери жүрүп жатты. Муну менен катар эле, саясий окуялар дагы болду.

Жаманчылыктын бардыгы эски жылда калсын. 2021-жылга ишенимдүү кадам таштап кирели. Жакшылыктар болсун. Кирип келген жылыбыз жакшы жылдардан болсун деп тилеп кетмекчимин. Ар бир үй-бүлөдө аманчылык, береке-молчулук болсун. Эл-жериме бардык жакшылыктарды каалайм. Жакындарыбыз менен, элибиз менен биргеликте аман бололу. 

Жаңы жылыбыз  үй –бүлөңүздөргө бакыт-таалай алып келген, ишиңиздерге ийгилик, кут, береке тартуулаган берекелүү, түшүмдүү, мыкты жыл болсун!

Урмат Тураров, жеке ишкер: “Кыйынчылыктарды карапайым калк көтөрө алды” 

-Бардыгыңыздарды кирип келген жаңы 2021-жылыңыздар менен чын жүрөктөн куттуктайм. Чындыгында, 2020-жыл абдан татаал жылдардан болду, дүйнө жүзү боюнча жайылган коронавирус илдети, ага байланыштуу болгон экономикалык каатчылык дагы бир топ шайыбызды кетирип койду. Муну менен катар эле,  бир катар саясий өзгөрүүлөр, өлкөбүздөгү жаңылануулар дагы оңой-олтоң өткөн жок.

Мына, ушундай кыйын абалда биз 2021-жылды тосуп алдык. Кыйынчылыктарды карапайым калк көтөрө алды. Өзүңүздөр көргөндөй, мындай шарттарда бир-бирибизге колдоо көрсөтүп, мекенчилдикти даңктай алдык деп ойлойм. 2020-жыл элибиздин канчалык деңгээлде ынтымактуу экендигин дагы көрсөтө алды. 

Келечегибиз бар. Элибиз татаал шарттарда айыл чарба жана өнөр жай өндүрүшүн токтотпой, ишин алып кете алды, жарандарыбыз болушунча мамлекеттин экономикасынын өнүгүүсүнө өз салымын кошууда. 

Кирип келген жаңы жылыбыздан үмүттөрүбүз чоң. Жаңы жылда жалпы элиме чың ден соолук, аман-эсенчилик, токчулук менен молчулук, албан-албан ийгиликтерди каалайм! Жакындарыбыз менен аман-эсенчиликте, биргеликте, жыргалчылыкта узак өмүр сүрөлү! Жаңы жылыбыз жакшылыктын жылы болсун! 

Адилет Болот кызы, мугалим: “2021-жыл өлкөбүз жана элибиз үчүн тынчтыктын, биримдиктин, жаратмандыктын жана өнүгүүнүн жылы болсун!” 

-Мен жалпы кыргыз элимди жаңы гана босогобузду аттаган 2021-жылы менен чын жүрөктөн куттуктайм. Бул жыл бизге мыкты маанай, кубаныч тартууласын. 2021-жыл өлкөбүз жана элибиз үчүн тынчтыктын, биримдиктин, жаратмандыктын жана өнүгүүнүн жылы болсун! Бардыгыңыздарга жакшылык, жакындарыңызга чын ден-соолук, бакубатчылык, береке-молчулукту жана бакытты каалаймын!

Эң башкысы жаңы жыл биздин үмүттөрүбүздү актасын. Туруктуулукту, сак-саламатты, жакындарыбыздын амандыгын тилеген ой-тилектерибизди ишке ашырсын. Өткөн жыл менен бардык жамандыктар кетсин. Жаңы жылдын келиши менен жаркын келечекке ишенимдүү кадам таштайлы. Балдарыбыздын келечеги кең болуп, элибиз оору-сыркоону билишпесин! 


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)