WeChat      Избранное

Түркия элчилиги: кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы пандемия аяктаары менен ачылат

23/12/2020  Источник:интернет   шрифта:

Түркия элчилиги: кыргыз-түрк

ФотоWWW

Кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган.

Бишкектеги кыргыз-түрк "Достук" ооруканасы пандемия аяктаары менен расмий түрдө ачылып, салтанаттуу иш-чарага катышуу үчүн Кыргызстанга Түркиянын саламаттык сактоо министри келет. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат тышкы иштер министри Руслан Казакбаев менен жолугушуу учурунда айтты.

"Женгиз Камил Фырат пандемия аяктаары менен Түркиянын саламаттык сактоо министри аталган оорукананын ачылышына катышуу үчүн келерин айтты. Ошондой эле аны медицина тармагындагы бир катар ишкерлер коштоп келип, Ысык-Көлдө өтө турган бизнес-форумга катышууну көздөп жатканы белгилүү болду", — деп айтылат ТИМдин маалыматында.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бүгүн, 22-декабрда, Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Ош шаарында жеңил типте курулуп жаткан жугуштуу илдеттер ооруканасынын жаңы имаратынан кабар алды.

Ал эми Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстан тарабынан оорукананын ачылышына зарыл болгон бардык процедуралар аяктаганын билдиришти.

Эске салсак, кыргыз-түрк достугуна арналган оорукананын курулушу ТИКА уюмунун каржылоосу менен 2016-жылы башталып, 2018-жылы аяктаган. Оорукана негизинен 150 кишиге ылайыкташтырылып, заманбап диагностикалык жабдуулар коюлмак.






(Автор:sputnik / Редактор:GL)