ФотоWWW
Диетолог ата-энелерге балдарына жемиш суусундуктарын же компот даярдап берүүнү сунуш кылат. Ал эми жаңы сыгылган нукура ширени кээде гана ичирген туура деп эсептейт.
Дүкөндө сатылган, пакеттелген ширени бала дайыма ичсе ден соолугуна зыяны тийиши мүмкүн. Бул тууралуу диетолог-дарыгер Анжелика Дюваль билдиргенин Известия маалымат булагы жазды.
Дарыгер балдарга шире эмес, жемишти көбүрөөк берүү керектигин айтат.
"Жаш балдарга пакеттеги ширелерди көп ичирүүгө тыюу салынган, ал нукура азык эмес. Андан көрө жемиштин өзүн берген пайдалуу. Себеби анын курамында ар дайым клетчатка болот. Ал мөмө-жемиштен алынуучу канттын деңгээлин төмөндөтүүчү касиетке ээ. Булардын дагы бир пайдалуу жагы — балдардын али калыптана элек тамак сиңирүү органдарына, айрыкча уйку безине зыян келтирбейт", — деди дарыгер.
Жаштыкты узартууга эмне жардам берет? Адистин сунушу
Адис белгилегендей, азыркы коомдогу балдардын уйку безине кошумча оордук түшүшү мүмкүн. Себеби алардын ичкен тамак-ашында таттуу көп болгондуктан, диабеттин пайда болушуна алып келиши мүмкүн.
Дюваль ата-энелерге балдарына суусундук же компот даярдап берүүнү сунуш кылган. Ал эми жаңы сыгылган нукура шире кантка өтө бай болгондуктан аны кээде гана ичирген туура деп эсептейт. Деген менен диетологдун айтымында, дүкөндө сатылган ширеге караганда жаңы сыгылган ширеде табигый витаминдер көбүрөөк сакталат, ошондуктан алар пайдалуу.
Дагы: https://sputnik.kg/society/20200915/1049618735/pakettegi-shire-baldar-den-sooluk-zyyanduu.html
последние
Рекомендация
- 1КЭР Тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга иш сапары менен келди
- 2ИНФОГРАФИКА Бишкек менен Ошто батирлердин ижара акысы кандай өзгөрдү? Саресеп
- 3Вице-премьер-министр Акрам Мадумаров: Избирательные участки за границей должны быть своевременно обеспечены необходимым оборудованием
- 4Балдарды үйдө окуткан баткендик мугалимге министр ноутбук сатып берди.
- 5Впервые в истории Кыргызстана отечественная компания вышла на биржу с IPO