КЭР Тышкы иштер министри Ван И Кыргызстанга иш сапары менен келди
ФотоWWW
2020-жылдын 13-сентябрында Бишкек шаарында расмий сапардын алкагында Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Чингиз Айдарбековдун Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолугушуусу болду. Бул тууралуу ТИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
COVID-19 пандемия убагында бийик даражалуу коноктун Кыргызстанга бул жолку келиши алар тараптардын стратегиялык өнөктөштүк мамилелерге чоң маани берилип жатканын күбөлөйт.
Маектешүү учурунда министр Ч.Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө олуттуу гуманитардык жардамдары жана туруктуу колдоолору үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирди.
Тышкы саясий ведомстволордун башчылары кыргыз-кытай кызматташтык маселелеринин кеңири спектрин талкуулашты. COVID-19 пандемиясына байланыштуу ишке ашырылышы аргасыз токтоп калган маанилүү эки тараптуу долбоорлорду иш жүзүндө алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыздын экологиялык таза айыл чарба продукцияларын КЭРге экспорттоо маселелерине да токтолушту.
Тараптар ушул жылдын 8-сентябрынан тартып «Торугарт» КϴП аркылуу жүк ташуулардын кайрадан жаңыланышына канааттануусун билдиришти. КР менен КЭРдин ортосундагы өз ара жүк ташуулардын кайрадан жаңыланышы пандемия шартында соода-экономикалык байланыштын жанданышы үчүн негизги фактор болуп саналары айтылды, ал Кыргыз Республикасында экономикалык активдүүлүктү кызыктыруу үчүн дегеле негизги кадам болуп саналат.
Макроэкономикалык кырдаалга коронавирустук инфекциянын терс таасири тийип жаткандыктан КР тышкы саясий ведомствосунун башчысы өлкөнүн бюджетине тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүү маселесине көмөк көрсөтүү өтүнүчүн билдирди.
Сапардын алкагында «Кыргыз Республикасынын ϴзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттөн-сактоо бөлүмдөрүнүн техникалык потенциалын бекемдөө» долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын ϴкмөтү менен Кытай Эл Республикасынын ϴкмөтүнүн ортосунда алмашуу катына кол коюлду. Долбоордун алкагында 100 өрт өчүрүүчү унаа, атайын жана авариялык-куткаруу автомобилдик техникалардын бирдигин жана 15 өрттөн-куткаруу жабдуулар бирдигин берүү пландалууда.
последние
Рекомендация
- 1Чек арадан мыйзамсыз мал менен өткөн жарандар кармалды
- 2COVID-19 илдетинен сакайгандан кийин организмди өз калыбына келтирүү үчүн кандай ыкмаларды колдонуу зарыл?
- 3Не с пустыми руками. Итоги визита министра иностранных дел Китая Ван И
- 4В Бишкек прибыл министр иностранных дел Китая Ван И
- 5"Түндүк электр" ишканасы эртең 7 миң кишинин жарыгын өчүргөнү жатат