Балдарды үйдө окуткан баткендик мугалимге министр ноутбук сатып берди.
ФотоWWW
Мугалимге ноутбукту бүгүн, 10-сентябрда, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мектепке барып тапшырган.
Баткендеги мугалим Миргүл Эшимовага билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ноутбук алып берди. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлашты.
Учительница из Баткена Миргуль Эшимова, с ноутбуком купленным ей Министром образования и науки КР Каныбеком Исаковым
Баткендеги мугалим Миргүл Эшимовага Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков ноутбук алып берди
Эске салсак, социалдык тармактарда аралыктан окута албаган мугалим окуучуларды үйүнө чакырып сабак өтүп жатат деген жазуу менен сүрөт тараган.
Видеосабактарды кайра кайдан көрсө болот? Керектүү сайттардын тизмеси
Маалыматка ылайык, окуучулардын үй шартында окуп жаткан сүрөтү Баткен районунун борборунан 50 чакырым алыс жайгашкан чек ара аймагындагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими тарабынан тартылган.
"Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков Баткен районундагы Муса Кадыр атындагы орто мектебинин башталгыч класс мугалими Миргүл Эшимовага өз айлык акысынан ноутбук белек кылды", — деп айтылат маалыматта.
Мугалимге ноутбукту бүгүн, 10-сентябрда, Баткен райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Олжобай Мажилимов мектепке барып тапшырган. Өз учурунда педагог белек үчүн министрге ыраазычылыгын билдирди.
Беш тилде окуса болот. Баткенде 22 мектепке электрондук китепкана орнотулду
"Билим берүү жана илим министрлиги мугалимдин интернетке тараган сүрөттөгү аракетин балдарга билим берүүгө болгон каалоосун, өз кесибин сүйгөндүгүн, окуучуларына кайтарым байланышты түшүндүрүүгө болгон далалатын, окуучулардын билим алууга болгон ынтызарлыгын, дилгирлигин баалайт", — деп айтылган маалыматта.
Кыргызстанда коронавирус кооптуулугунан улам өлкө боюнча 2-11-класста окугандар эпидемиологиялык кырдаалдан улам аралыктан билим алышууда.
последние
Рекомендация
- 1В Бишкеке завершена реконструкция сквера за 7 млн — уже нашли нарушения.
- 2В тоннеле на перевале Тоо-Ашуу будут установлены видеокамеры и временно ограничено движение
- 3Из-за помощи доноров госдолг КР увеличился на миллиард долларов? Ответ кабмина
- 4Золото, а не компания
- 5В КР никакой «детской» эпидемии нет, стационары работают в штатном режиме - Минздрав