ФотоWWW
Дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 27 миллиондон ашты. Анын ичинен 891 миңден ашык адам ооруну жеңе албай көз жумган.
Дүйнө коронавирус пандемиясынан сабак алып, жаңы пандемияга даяр болушу керек. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейесус Женевадагы брифингде маалымдаганын РИА Новости жазды.
Анын айтымында, саламаттык сактоо тармагы — социалдык, экономикалык жана саясий туруктуулуктун негизи. Мындан улам каражатты ооруларды аныктоо, алдын алуу, аны менен күрөшүү кызматтарына жумшоо керек.
"Бул акыркы пандемия эмес. Тарых оору жана пандемия жашообуздун бир бөлүгү экенине үйрөтүп жатат. Бирок кийинки пандемия келгенде дүйнө ага азыркыдан да көбүрөөк даяр болушу шарт", — деди Гебрейесус.
ДССУнун башкы директору бүгүнкү күндө коронавирус боюнча жакшы динамиканы пневмония, кызамык, полиемиелит, Эбола, сасык тумоо жана башка оорулардан кийин даярдык иштерин жакшылап көргөн мамлекеттер көрсөтүп жатканына токтолгон.
Акыркы маалыматтар боюнча, дүйнөдө коронавирус жуктургандардын саны 27 миллиондон ашты. Анын ичинен 891 миңден ашык адам ооруну жеңе албай көз жумган.
последние
Рекомендация
- 118 семей медиков, погибших от COVID-19, получили компенсацию в 1 млн сомов
- 2Когда у людей наступает наиболее несчастливый период жизни, выяснили ученые
- 3В свободном полете!
- 4Үсөйүн менен Ыбырайдын турмуш, партия, жаштык тууралуу ырлары
- 5В КР никакой «детской» эпидемии нет, стационары работают в штатном режиме - Минздрав