WeChat      Избранное

"Түндүк электр" ишканасы эртең 7 миң кишинин жарыгын өчүргөнү жатат

08/09/2020  Источник:интернет   шрифта:

ФотоWWW

"Акылдуу эсептегичтер" жарыкты аралыктан өчүрөт. Карыз төлөнгөндөн кийин абонент кайра электр энергиясына ошол эле жол менен туташтырылмакчы.

"Түндүк электр" ишканасы эртең, 9-сентябрда, аралыктан туруп жети миң абоненттин жарыгын өчүрүүнү пландап жатат. Бул тууралуу компаниянын маалымат кызматы кабарлады.

Мындай чаралар кардарлар жарыктын акысын өз убагында төлөбөй койгондуктан жана карыздар көбөйүп кеткендиктен болуп жатканы айтылды.

Энергетиктерге тапшырма: жарык жана жылуулукка төлөмдөр 100 пайыз чогулсун!

Мекемеден билдиришкендей, карызды Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, "БТА Банк", ошондой эле UMAI, "Элсом" электрондук капчыктары, "Айыл Банкы", "Дос Кредо Банкы", "БТА Банкы", "Кыргызстан коммерциялык банкы" терминалдарынан жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасы аркылуу төлөөгө болот.

"Акылдуу эсептегичтер" жарыкты аралыктан өчүрөт. Карыз төлөнгөндөн кийин абонент кайра электр энергиясына ошол эле жол менен туташтырылат.

Аталган компания Бишкек шаарын, Чүй жана Талас облустарын электр энергиясы менен камсыздайт.

"Түндүк электр" ишканасы августтун этегинде Бишкек шаарындагы беш миң абоненттин электр жарыгын өчүрөрүн айткан.






(Автор:sputnik / Редактор:GL)