WeChat      Избранное

Телесабактарга тартылып жаткан мугалимдер үчүн семинер-тренинг өткөрүлүүдө

21/08/2020  Источник:оригинал   шрифта:

Телесабактарга тартылып жаткан мугалимдер үчүн семинер-тренинг өткөрүлүүдө

ФотоWWW

Билим берүү жана илим министрлиги телесабактарга тартылып жаткан мугалимдерге кезектеги семинар-тренингин өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул сапар окутуу аралыктан окутуу боюнча координаторлор тарабынан тарых, адам жана коом, математика сабагынын мугалимдерине уюштурулду.

Катышуучуларга сапаттуу видеосабакты даярдоо, тартуу тууралуу усулдук сунуштар, кеңештер берилди. Ар бир мугалим талкууга жандуу катышып, кызыккан суроолоруна жооп алды. Буга чейин тартылып даярдалган сабактар көрсөтүлүп, анализ жүргүзүлдү.

Телесабактарга тандалып алынган 260дан ашуун мугалим тартылып жатат. “Санарип мугалим” бир айлыгынан алкагында аларга семинар-тренингдер үзгүлтүксүз өткөрүлүүдө. Буга чейин география, кыргыз тил мугалимдери окутуудан өттү.

Эске сала кетсек, пандемия учурунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу жаңы окуу жылында 1-класстар гана салттуу режимде билим ала баштайт. Алардын саны - 156 миң 430. Калган класстар үчүн Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан дистанттык форматта билим берүү уюштурулат.

1-класстарды окутууда тиешелүү санитардык эрежелерди сактоо боюнча Билим берүү жана илим министрлиги Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте мектептер үчүн алгоритм иштеп чыкты.

Эгерде класста окуучулардын саны көп болсо, алар эки топко бөлүштүрүлөт жана шахматтык тартипте отургузулат, мектептерде бардык санитардык нормалар сакталат.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)