Баткен жана Жалал-Абад облустарында эпидемиологиялык кырдаал кооптуу
ФотоWWW
Баткен жана Жалал-Абад облустарына тажрыйбалуу медициналык кызматкерлер жөнөтүлөт. Бул туурасында Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылды. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.
Жыйында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов Саламаттык сактоо министрлигинин көңүлүн Баткен жана Жалал-Абад облустарындагы көрүлүп жаткан чараларды күчтөндүрүүгө бурду.
«Аталган эки аймактагы эпидемиологиялык кырдаал кооптондурууда. Аталган облустарда ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурлары жана оорусу күчөгөндөрдүн саны төмөндөбөй жатат. Абалды жакшыртуу максатында облустарга тажрыйбалуу медициналык кызматкерлерди жөнөтүү зарыл. Мындан тышкары, тармактык мамлекеттик органдар республика аймактарын бардык зарыл медициналык дары-дармектер менен камсыздоого басым жасоосу тийиш. Күз мезгилине карата өлкөдө медикаменттердин тийиштүү запасы болушу керек. Сиздердин алдыңыздарда ошондой эле калкты сапаттуу жана ыкчам эмдөө боюнча кампанияны жүргүзүү маселеси турат», - деди Өкмөт башчы.
Муну менен эле катар, маалыматта Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Кубатбек Боронов 21-22-августта Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен бараары айтылды.
Өкмөт башчы Ысык-Көл облусуна жасаган сапарынын алкагында социалдык объектилердин абалы, ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды тазалоочу жайларын куруу иштери, «Таза суу» долбоорунун жүзөгө ашырылышы, күзгү оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү менен таанышат.
Мындан тышкары Премьер-министр Кубатбек Боронов Кара-Кол шаарындагы 120 орундуу бала бакчанын курулушу жана Чолпон-Ата шаарында жайгашкан Ысык-Көл райондук ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн имаратын ондоп-түздөө иштери менен жакындан таанышмакчы.
последние
Рекомендация
- 1Патрульная милиция призвала водителей не распространять непроверенные слухи
- 2Жизнь не в кайф
- 3Поаплодируем врачам
- 4Миграция кызматы КР жараны менен уруша кеткен Цветков боюнча үн катты
- 5КРдин Өкмөтү тарабынан өлкөгө чет мамлекеттин жарандарынын жана жарандыгы жок жактардын кирүү шарттары жөнөкөйлөштүрүлдү