WeChat      Избранное

Президент Сооронбай Жээнбеков Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын ишмердиги менен таанышты

20/08/2020  Источник:оригинал   шрифта:


Президент Сооронбай Жээнбеков Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын ишмердиги менен таанышты

ФотоWWW

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 20-августта, Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын ишмердиги менен таанышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Медициналык мекеменин имараты жакшы абалда экендиги жана санитардык талаптарга толук жооп берери белгиленди.

Оорукана 2018-жылы Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан аккредитацияланып, 1-даражадагы күбөлүктү алган. Ат-Башы райондук ооруканасында 174 адам иштейт. Ал 3 негизги имараттан турат. Оорукананын материалдык-техникалык базасы жана жабдуулары заманбап талаптарга жооп берет. Анда өпкөнү жасалма желдетүүчү 6 аппарат, 54 кычкылтек концентратору, 2 рентген аппараты, 2 гастроскопия аппараты бар.

Бүгүнкү күндө бардык зарыл жабдыктар сатылып алынып, оорукана электрондук медицинага өтүүгө толук даяр.

Мамлекет башчысы менен баарлашууда медицина кызматкерлери пандемия бардык өлкөлөрдө саламаттыкты сактоо системасындагы кемчиликтерди ачыкка чыгарганын белгилешти.

Негизги көйгөйлөрдүн бири катары алар бейтаптар үчүн орундардын жетишсиздигин айтып, буга байланыштуу оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүн оңдоп берүүнү өтүнүштү, ага 1,5 миллион сом талап кылынат.

Президент Сооронбай Жээнбеков коронавирус инфекциясы пандемиясына каршы күжүрмөндүк менен күрөшкөндүгү үчүн өлкөнүн дарыгерлерине дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Сооронбай Жээнбеков саламаттыкты сактоо системасындагы жана жалпы калкка мамлекеттик кызмат көрсөтүү чөйрөсүндөгү көйгөйлөргө токтолду. Ал учурда түзүлгөн кырдаал ата мекендик медицинаны санарипке өткөрүүнүн маанисин дагы бир жолу бекемдегенин өзгөчө белгиледи.

«Биз аймактарды өнүктүрүүнүн алкагында бул маселелерди ар тараптуу чече баштадык. Санариптештирүү коррупцияга каршы күрөштүн негизи гана болбостон, бейтаптарга кызмат көрсөтүүнүн сапатын жана калкка медициналык жардамдын натыйжалуулугун жогорулатат. Саламаттыкты сактоо системасында чоң көлөмдөгү каражаттар жүгүртүлөт,

ошондуктан санариптештирүү бул жерде өзгөчө маанилүү. Акысыз медициналык кызматтар так бөлүштүрүлүшү керек, аларды биринчи кезекте кары-картаңдар, балдар жана мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар алышы зарыл. Учурда тескерисинче, аны акчасы барлар же кызматта отургандар алышууда», — деп белгиледи Президент.

Сооронбай Жээнбеков санариптештирүүнү каржылоонун көлөмү мындан ары дагы көбөйтүлөрүн баса белгиледи.

«Санариптештирүү менден баштап айыл өкмөтүнө чейинки башкаруунун бардык деңгээлдеринде жүрүшү керек. Бул айрыкча бажы жана салык органдарына тийиштүү», — деди ал.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле, жугуштуу оорулар бөлүмүн оңдоо маселеси сөзсүз түрдө караларын белгиледи.

Муну менен бирге келечекте 50 койко-орундуу жугуштуу оорулар бөлүмүнүн жаңы имаратын куруу мүмкүнчүлүгү каралат.


(Автор:Чолпонай ТУРДАКУНОВА / Редактор:GL)