Миграция кызматы КР жараны менен уруша кеткен Цветков боюнча үн катты
ФотоWWW
Мурдагы алып баруучу менен кыргызстандык киши элдешкен. Бирок Цветковду социалдык тармак аркылуу коркутуу токтой электиги айтылды. Мамлекеттик миграция кызматы мурдагы теле алып баруучу Артур Цветковдун кадамдарына байланыштуу кыргызстандыктарды чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. Мекеме 11-августта Москвадагы тез тамактануучу жайлардын биринде болгон окуя боюнча үн катты. Эске сала кетсек, ал жакка Цветков бет кап тагынбай келгени үчүн пикир келишпестик чыккан. Ал кыргызстандык Манап Абдразаков менен айтыша кетип, акырында кол көтөргөнгө чейин барган. 13-августта Миграция кызматынын өкүлдөрү ал экөө менен жолугуп, чыр-чатакка чекит коюлганы аныкталды. Тараптар элдешип, жакынкы күндөрү полицияга жазылган арыз артка кайтарылмай болгон.
Россия мигранттар үчүн атайын тиркеме киргизиши мүмкүн. Максаты
"Ошол эле учурда Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү Кыргызстандын жарандарын Артур Цветковду социалдык тармак аркылуу коркутуп, чагымчылдыкка алдырбоого чакырат", — деп айтылат билдирүүдө.
Мекеме белгилегендей, коркутуулар үчүн Россиянын мыйзамынын чегинде жоопкерчиликке тартуу мүмкүн.
последние
● Россия Кыргызстан менен авиабайланышты качан жандантарын айтты
● Миграция кызматы КР жараны менен уруша кеткен Цветков боюнча үн катты
● [Наши соседи] Цены и тарифы в Таджикистане с начала года выросли на 4,6%
● [Наши соседи] Трудовых мигрантов из Узбекистана в РФ планируется обучать профессиям и русскому